Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

21 жашка чыккан Кыргызстанды кандай элестетебиз? Мамлекет толук көз каранды боло алдыбы? Эгемендик жылдары кандай муун өсүп жетилди?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна 21 жаштагы активист, “Ак-шумкар” партиясынын жаштар канатынын лидеринин бири Жалын Жээналиев; акын, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Алтынбек Исмаилов; кыргыз жарандыгын алган, АКШдан келген изилдөөчү-жазуучу Ричард Хевитт катышты.

“Азаттык”: 21 жашка чыккан улан же кыз дегенде алардын турпаты дароо көз алдыбызга тартылат. Ал эми 21ге чыккан Кыргызстанды кандай элестетесиз?

Алтынбек Исмаилов

Алтынбек Исмаилов

Исмаилов: Чындыгында биз Кыргызстанды 21 жашка тулган уланга же кызга салыштыра турган болсок, чеке жылытаарлык мактанаарлык деп айта албайм.

Портретин сүрөттөй турган болсок, бала жаңыдан төрөлүп, там-туң бутуна тура баштаган учурда анын өз үнү, өзүнүн чыйыры болбойт. Ал апасын туурайт, атасын туурайт, бир туугандарын туурайт. Анан акырындап балтыры катып, канаты бышып жетилип, анан өзүнүн жолун таап алат.

Тилекке каршы Кыргызстан 21 жашка толсо да, жоо чаба турган илгерки Манастын курагына келип калса да, иш жүзүндө өзүнүн чыйырын таба албаган, көрүнгөндү туураган дале болсо наристеге балага окшоп турабыз.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Сиз мындан 18 жыл мурда Кыргызстанга келгенсиз. Ошол учурдагы Кыргызстан менен азыркынын айырмасы кандай?

Ричард Хевитт

Ричард Хевитт

Хевитт: Кудайга шүгүр, баары жакшы. Негизинен кыргыздардын жакшы сапаты жоголо баштады деп ойлойм. Биринчи келгенде кыргыздар ачык болчу. Бири-бирине ишенчү. Азыр таптакыр башкача болуп жатат. Кыргыздар бири-бирине ишенбей калышты. Бири экинчисине кол салууда. Коомдо да, саясатта да биримдик көрүнбөйт.

“Азаттык”: Кыргызстан эгемендик жылдарда эмне таап, эмнени жоготту?

Жалын Жээналиев

Жалын Жээналиев

Жээналиев: 1991-жылы биз эгемендүүлүк алгандан кийин мурдагы совет өлкөлөрүнөн айырмаланып, 1998-жылы дүйнөлүк соода уюмуна кирип, чөлкөмдөгү саясий-экономикалык процесстерде активдүүлүгүн көрсөтө алган.

Дүйнөгө ачылып, көптөгөн экономикалык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Кыргыз эли илгертеден бери саясий чечимдерди кабыл алууда курултай өткөрүп, коомдун кызыкчылыгындагы чечимдерди кабыл алып келген. Тилекке каршы 1993-жылы кабыл алган Конституция бийлик бир кишинин, бир топтун башкаруу системасын алып келген. Менин оюмча, мамлекетибиздин жетекчилери демократиялуу коомдон мурда, укуктук мамлекет түзүшү керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG