Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Отунбаева: Кыздар – коомдун күзгүсү


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Бүгүн дүйнөдө Эл аралык кыздар күнү белгиленүүдө. Бул маанилүү датага байланыштуу экс-президент Роза Отунбаеванын куттуктоосу.

Кыргызстандын кыздарын бүгүнкү Эл аралык кыздар күнү майрамы менен куттуктайм. Кыздар – коомдун күзгүсү. Биз канчалык кыздардын өсүп-өнүгүүсү үчүн коопсуз коомду кура алсак, аларга керектүү билимди жана кесипти берип, ден соолугун коргой алсак, ошончолук мыкты келечек ээлерин жаратып, татыктуу энелерге камкордук көргөн болобуз. Бүгүнкү учур кыздар тууралуу кайсы коомдо болбосун өзгөчө көӊүл бурууну талап кылып турат. Анткени миграция, эрте күйөөгө берүү, зомбулук, мектепте окубай калуу сыяктуу терс жагдайлар кыздарыбыздын жүзүнө көлөкө түшүрүп, алардын толук кандуу калыптанып, бойго жетүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Кыздарыбыз кордук көрбөй, зомбулуктан тыш, жаркын келечекке умтулушу үчүн биз баарыбыз жапатырмак кол кабыш кылууга тийишпиз.

Ириде кыздардын сабаттуулугу тууралуу маселени айткым келет. Мен негиздеген «Р. Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонд жүзөгө ашырып жаткан Аялдардын жана кыздардын илим жана техника чөйрөсүндөгү билим деӊгээлин жогорулатуу (СТЕМ) жана "Устат" долбоорлору эки жылдан бери кыздардын сабаттуулугун ар тараптан көтөрүү жана кесип тандоо багытында иш жүргүзүп жатат. Натыйжада жаӊы конуштардагы мектептерде окуп жаткан кыздардын техникалык кесиптерге кызыгуусун арттыруу максатында аларга табигый-математикалык багыттагы атайын тренингдер өткөрүлүп келүүдө. Ал эми «Устат» долбоорунун алкагында кыздарга тартип сакчылыгында эмгектенген ардагер кесип ээлери өздөрүнүн кеп-кеӊешин берип, тажырыйбалары тууралуу айтып, алардын келечекте кесип тандоосуна көмөк көрсөтүп келе жатышат. Кыздардын тартип коргоо органдарында иштөөсү кыздарга карата ар кандай зордук-зомбулуктардын алдын алууга кепил боло турган көрүнүштөрдүн бири болуп саналары баарыбызга белгилүү.

2015-жылы өткөргөн Улуттук аялдар форумубузда кыздардын ден соолугун сактоо, укуктарын коргоо, алардын толук кандуу бой жетип, билимге, кесипке ээ болуусу тууралуу чоӊ маселени талкууга алып, коомчулук жана мамлекет алдына көп милдеттерди алып чыккан.

БУУнун атайын чечими менен 2012-жылдан бери белгиленип келе жаткан бүгүнкү Эл аралык кыздар күнү кыздар тууралуу көйгөлүү маселелерди ачык айтып, аларды чечүүнүн жол-жобосун аныктай турган күн да болуп саналат. Кыздар тууралуу жер жүзүндө көптөгөн көйгөй маселелердин бар экени Бириккен Улуттар Уюмунун кыздар күнүн атайын белгилөөсүнө негиз болгон. Ошондуктан бул күнгө коомчулуктун, мамлекеттин маани берип, көӊүл буруусуна чакырат элем.

Роза Отунбаева,

Кыргыз Республикасынын Экс-президенти

XS
SM
MD
LG