Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

Орусияга кире албай кайткан, же Орусиядан чыгарылган кыргызстандык мигранттардын агымы дале токтой элек. Ошол эле учурда чет өлкөлүктөрдүн Орусия аймагында жүрүшүнө тыюу салчу тизме узарууда.

Орусия быйыл жыл башынан тарта миграциялык саясатын катуулатып, өзгөчө өткөн айда Москванын Бирюлево районундагы тополоңдон соң мигранттарга каршы катаң чаралар көрүлө баштады. Ушундан улам өлкөнүн миграциялык эрежесин бузгандардын тизмеси түзүлүп, мындай “кара тизмеге” түшкөндөр четинен өлкөдөн чыгарылууда.

Бул маалымат базасына түшкөн кыргыз жарандарынын саны 43 миңге жеткенин “Азаттыкка” Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти. Андан тышкары тизмеге түшүп калышы ыктымал болгон кыргыз жарандары 270 миңге жакын. Бул эки тизме күн санап узарып жатышы да мүмкүн.
Орусиянын миграциялык эрежесин бузгандар, же бул өлкөнүн аймагында административдик айыпка жыгылгандар 3, 5, же 10 жылга чейин кайра өлкөгө кире албайт.

Бул арада документи жайында эмес айрым мигранттар эч кимдин түртмөлөөсү жок эле өздөрү Кыргызстанга кайта башташты. Алардын автобус менен келаткан бир тобун Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан тосуп алдык. Биз барганда чек арадагы “Ак жол” өткөрүү бекетинин Кыргызстан тарабында жүктөрүн аркы-терки коюшуп, 50 чамалуу адам автобусун күтүп отурган экен. Булар чек арадан жүктөрүн алып жөө өтүшөт. Андан соң автобус текшерилип, артынан келет.

Москвадан келаткандар менен капкараңгы жолдо автобус келгиче маектешкенге үлгүрдүк.

Жумагүл Чороева: Бизде жумушка уруксат кагазы жок эле, ошон үчүн алдын алып эле өзүбүз чыгып келе бердик. А биздин айлыгыбыз ага жетпейт. Заводдо жууп-тазалоочу болуп иштеп, 20 миң рубль алчумун. Уруксат кагазы 35 миң турат экен. Анан депортация кылып ийбесин деп заводдо иштеген жети кыз келе бердик. Эми өзүбүздүн Кыргызстанга келип отурабыз да. Азыр кайра барайын деген деле үмүтүм жок.

Инабат Кожонова: Биздин заводго күзөттөгүлөр ФМСти киргизген жок. Бизге алдын ала эскертүү беришти. Анан эки күндө Кыргызстанга чыгып келе бердик.

Ошентип бул мекендештер миграция кызматы менен полицияга кармала электе эле алдын алып Кыргызстанга кайтып келишти. Бирок булар өздөрү билип-билбей Орусиянын кара тизмесине түшүп калышы толук ыктымал.

Кыргызстанга келип алып, кайра Орусияга кире албай калгандар да азыр аз эмес. Алар Кыргызстанда туруп, Орусияга кире алабы же жокпу, муну аныктап ала турган борбор Бишкектеги “Манас” аба майданында гана иштеп жатат. Аны аэропорт жетекчилиги менен орусиялык “Добрососедство” коому биргелешип ачкан.

Мындай борборлор “Манастан” башка жерлерде эмне үчүн ачылган жок? Бул суроону Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчы Доскул Бекмурзаевге узаттык:

- Биздин миграциялык саясат башкармалыгына бир жумада 3-4 уюм “Биз Орусиядан келдик, элге ушундай жардам беребиз” деп келип атышат. Алардын ичинде алдамчы-шылуундар, мигранттардын үстүнөн акча жасай тургандары да бар. Ошонүчүн туура эмес иш кылып алсак эл бизди күнөөлөйт. Биз мамлекеттик орган болгондон кийин ошолорду такташыбыз керек. Азыр Орусия Федерациясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Буюрса, жыл аягына чейин мындай борборлор ачылып калышы мүмкүн.

“Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов болсо бул маселени тез арада эле чечип койсо болмоктугун айтат:

- Чек арачылар баарын жетелеп келип, “сен кара тизмедесиң” деп айтпайт. Ошондуктан Ошто болобу, аэропортто, темир жол же авто бекеттерде болобу бирдиктүү маалымат борборун ачыш керек. Жата бербеш керек. Мына, Тажикстандын мисалын карагыла, алар өзүнчө пункттарды ачты, ошол жактан бардык маалыматты алса болот. Муну тез аранын ичинде чечип койсо деле болмок.

Бул маселенин эмгиче чечилбей жатышын Кыргызстандын миграция маселелерине жооптуу тармактарынын алешемдиги катары баалагандар да жок эмес. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Шамшыбек Медетбеков да ушундай ойдо:

-Тажикстандагы маалымат берчү пункттар “Добрососедство” деген фонддун жасаган иштери. Мына апрелде меморандумга кол коюш керек эле. Миграция министрлиги апрелде кол койгондо бардык жерде пункттар иштеп калмак. Ал фонд өз акчасына, кайсы жерден Орусияга жарандарыбыз кетип атса, ошол жерге акысыз, 15 мүнөттө текшерилип алууга мүмкүн болгон борборлорду ачышмак.

Ошентип Орусияга сапар тарткан мигранттар ал өлкөгө кире аламбы же жокпу деген суроого азырынча “Манас” аба майданынан гана жооп ала алат. Бул маселе боюнча “Азаттык+” телепрограммасынын ушул шаршембидеги чыгарылышында да кеңири сөз болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG