Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Орусияда кыргызстандык мигрант энелер төрөп, таштап кеткен ымыркайлардын таржымалы тууралуу социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров ой бөлүштү.

- Өткөн апта аягында энелери таштап кеткен үч наристе Москвадан Бишкеке алынып келинди. Азыр Орусиянын шаарларында дагы канча ымыркай калууда? Алардын тагдыры эмне болот?

- Бүгүнкү күндө Орусиянын шаарларында жыйырма эки ымыркайларыбыз бар. 27-апрелде биздин эки кызматкерибиз менен Акыйкатчы аппаратынын бир өкүлү барып, Москвадагы балдар үйлөрүнөн үч наристени алып келишти. Алар алты айлык мөөнөттөгү ымыркайлар.

Наристелер Бишкектеги жатак үйгө жайгаштырылды. Эки ай ичинде наристелердин туугандары изделип, табылат. Эгерде табылбаса, асыроого берилет.

- Сиз айткан 22 ымыркай Кыргызстанга качан алынып келинет. Алардын мекенине жеткирүүдө кандай тоскоолдуктар болуп жатат?

- Азыр биздин орусиялык кесиптештерибиз менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Албетте, наристелерди этап-этабы менен алып келебиз. Ал жерден документтерди даярдап, ар бир ымыркайдын ДНКсын аныктап, канын анализ кылып, бардык маалыматтарды даярдагандан кийин жеткирилет. Документтери даяр болгондор четинен алынып келе баштайт. Бүгүнкү күндө үч наристенин документтери даяр болчу. Аларды алып келдик.

Бул нерсеге бюджеттен акча бөлүнбөйт. Бирок биз демөөрчүлөрдүн жардамы менен, Эл аралык миграция уюму аркылуу, америкалык бир уюмдун демөөрчүлүгү менен балдарды алып келип жатабыз.

- Наристелер Кыргызстанга алынып келингенде туугандарына беребиз деп жатыпсыздар. Туугандарын кантип табасыздар?

- Төрөтканага мигрант эне келгенде анын туулган жери тууралуу маалыматтар толтурулат. Ал жерде эненин паспорту, аты-жөнү бар. Баланын энеси кайсы региондон болсо, ошол жердеги тиешелүү органдарга кайрылып, баланын жакындарын табабыз. Эгерде кыз же келин менин туугандарымды издебегиле десе, ал өзүнүн укугу. Андай учурда ымыркай улуттук асырап алууга кетет.

- Мигрант кыз-келиндердин арасында бала төрөп, таштап кеткендер көбөйүп жатат. Бул маселенин кантип алдын алуу керек, эмне кылыш керек?

- Албетте, түшүндүрүү иштерин абдан жакшы жүргүзүү керек. Биз комплекстүү, бардык тараптан биргеликте иш алып барышыбыз абзел. Адам укуктарын коргоо тармагы, Акыйкатчы аппараты, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана биздин министрлик тарабынан бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүгө тийиш. Бүгүнкү күндө миграция тармагы тышкы иштер министрлигине өткөн. Бул мекеме тарабынан да түшүндүрүү иштери колго алынышы керек.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG