Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Орусияда жолдо каза тапкан беш кишинин сөөгү Ошко жөнөтүлдү


Орусиянын Башкыртстан республикасында жол кырсыгынан каза тапкан беш кыргызстандыктын сөөгү бүгүн таң эрте Кара-Балтадан Ошко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

5-февралда жарым түндө Башкыртстанда ФАД М-5 "Урал" автожолунун 14-чакырымында Октябрь шаарына жакын жерде жүк ташуучу "Вольво" жана "Газель" кагылышып, жол кырсыгы катталган. 7 адам жабыркап, 5 адам мерт кеткен. Каза тапкандардын бешөө тең Кыргызстандын жарандары экени аныкталган. Бүгүн таңга жуук сөөк жүктөлгөн унаа Казакстан аркылуу Чүйгө келип, Кара-Балта шаарынан Ошту көздөй жөнөп кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG