Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Иркутск: үч кыргызстандык кырсыктан каза тапты


Эки кичиавтобус кагылышкан кырсык. 26-ноябрь, 2015-жыл
Эки кичиавтобус кагылышкан кырсык. 26-ноябрь, 2015-жыл

26-ноябрга караган түнү Орусиянын Иркутск облусунда эки кичиавтобус кагылышып, жети киши набыт болуп, алардын үчөө кыргызстандыктар экени аныкталды.

Кырсыктан улам эки адам оор абалда ооруканага түштү. Учурда каза болгон үч мекендештин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Иркутск облусундагы жол кырсыгын Орусиянын федералдык каналдары да чагылдырууда. Эки маршруттук такси кагылышкан кырсыктан эки адам гана аман калган. Алардын бири Лочимбек Розибаев баш мээсинен жаракат алганына карабай, өзүн жакшы сезип жатканын билдирди. Анын айтуусунда, окуя капыстан болгондуктан, аңдап түшүнүүгө үлгүрбөй калган.

- Мен эсиме келгенде унаадан сыртка чыгарып коюшуптур. Бир адам мага күрмө кийгизип жатканын байкадым. Тегерегимди карасам адамдар жаткан экен. Бир аял “мага жардам бергиле” деп кыйкырып атты, бирок көп өтпөй эле ал да үзүлүп кетти.

Кандуу окуя Иркутск облусунунун федералдык трассасынын 1418-чакырымында 26-ноябрда түнкү бирлер чамасында катталып, эки кичиавтобус бетме-бет кагылышкан. Кырсык жети кишинин өмүрүн алды.

Маркумдардын өздүгү такталды

Алгач орус маалымат каражаттары каза болгондордун бардыгы кыргыздар экенин кабарлашкан. Бирок иликтөөлөрдөн соң үч адам гана кыргызстандык экени аныкталды. Азиз Хамраев жана Мархабо Абжапарова атуу адамдар кыргыз жарандары болсо, Жеңишбек Кадыров орус жарандыгын алган кыргызстандык экени такталган. Унааны Жеңишбек Кадыров айдап баратканы белгилүү болду.

Орусиядагы кыргыз элчилигинин Красноярск шаарындагы консулу Бекжан Дүйшалиев каза болгондордун туугандары элчиликке кайрылса, сөзсүз жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

- Биз Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана облустук полициясы менен тыгыз байланышта иштеп атабыз. Тилекке каршы аралык өтө алыс, окуя бизден миң километр алыста болду. Ошондуктан маалыматтар кеч келип атат. Элчиликке туугандары кайрылса, биз документ жагынан, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз.

Сибирдеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Тынчтык Абдылдаевдин “Азаттыкка” айтымында, унаа кырсыгында мерт кеткен эки кыргызстандык Иркутскиде кийим-кечек сатып иштеген соодагерлер болгон. Абдылдаев учурда жергиликтүү диаспора маркумдардын туугандары менен байланышып, документтерди толуктоо ишине киришкенин кошумчалады. Жакынкы күндөрү сөөктөр учак аркылуу Кыргызстанга алынып келинмекчи.

- Бизге маалым болгондой, унаа каза болгон айдоочунун өзүнө таандык эмес. Ал дагы бир кыргызстандыктын унаасын айдап, барып келүү үчүн алган экен. Ошондуктан машинанын ээси да көрсөтмө берип жатат. Биз туугандары менен байланыштык. Документтери толук болсо биз сөөктөрдү каттап, Кыргызстанга жеткиргенге жардамдашабыз. Эгер документтери жок болсо, анда аны ыкчам жасоого туура келет.

Чет жердеги кыргыз диаспораларынын башын кошкон "Замандаш" ассоциациясынан “Азаттыкка” билдиргендей, Орусияда соода кылган адамдар жол кырсыгына кабылган учурлар арбын.

Ушул жылдын май айында Казакстандын Караганда шаарында Орусияга Кыргызстандан бараткан кичи автобус КамАЗ менен сүзүшүп, 16 адам мерт болсо, август айында Алматы-Екатеринбург кан жолунда бараткан жүргүнчү ташыган унаа кырсыктап, төрт адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG