Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

ЖККУ башкатчысы Николай Бордюжанын Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар абдан эле көптүгү, коомдук – саясий турмушка таасир берип жатканы, алар чет өлкөдөн каржыланганы жана мунун баары эске алынуусу керектиги тууралуу айткандары эмнени каңкуулайт?

Бул Москва Кыргызстанда да бейөкмөт уюмдар Орусиядагыдай деңгээлде көзөмөлгө алынуусу керектигин кааларынын белгиси эмеспи?

“Азаттык” ушул жана башка суроолор менен Орусиядагы ири бейөкмөт уюм – “Голос” ассоциациясынын аткаруучу директору Григорий Мельконьянцка кайрылды:

Мельконьянц: Орусия Борбор Азия өлкөлөрүн да өз кызыкчылык чөйрөсүндөгү мамлекеттер катары карагандыктан, албетте бул өлкөлөрдө да Орусияныкына окшош, “Чет элдик агенттер жөнүндө” деп аталган мыйзам кабыл алынышына кызыкдар. Ал мыйзамга ылайык, четтен кандайдыр бир каржы алган жана бийликти кандайдыр бир деңгээлде сынга алган уюмдар атайын реестерге киргизилип, катаал кысымга, катаал көзөмөлгө кабыл алынат. Бул мындай уюмдардын иштөөсүн мүмкүн эмес кылып, токтотуп салуу же болбосо максималдуу түрдө алсыздандыруу үчүн жасалат. Орусия бул багыттагы өз тажрыйбасы менен мурдагы СССР өлкөлөрү эле эмес, Кытай менен да бөлүшүүгө даяр экенин бир нече ирет билдирген. Эгер постсоветтик өлкөлөрдүн өзүндө да ушундай кызыкчылык болсо, алар “улуу агасына” таянып, мындай чектөөчү мыйзамдарды кабыл ала алышат.

“Азаттык”: “Чет элдик агенттер” мыйзамы кыргыз парламентинде да эки депутат тарабынан даярдалып, сунушталган. Бирок азырынча кабыл алына элек. Юстиция министрлиги да мыйзам долбооруна каршы чыккан. Кандай дейсиз, Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна, Бажы союзуна күтүлгөндөй быйыл майда толук кандуу кошулуп, Орусия менен бир мейкиндикке киргенден кийин Москва кыргыз бийликтерин ошол мыйзамды кабыл алууга мажбурлабайбы?

Мельконьянц: Менимче, Кыргызстанда ичтен жарандык коом каршылык көргөзбөсө эле бул мыйзам кабыл алынышы толук ыктымал. Анткени Орусиянын тажрыйбасы көргөзгөндөй, бул мыйзамдын кабыл алынышы менен кээ бир уюмдар өз ишмердигин токтотот, экинчилери куугунтукка, көп сандаган текшерүүлөргө, ири өлчөмдөгү айыппулга кабылат. Бул албетте, жарандык коомдун өнүгүшүнө салым кошпойт. Андан башка бул мыйзамдын эң негизги көйгөйү - коомдун “чет элдик агент” деген терминди абдан терс кабыл алуусу. Жарандар мындай жарлык тагылган уюмду душманчыл уюм катары кабылдашкандыктан, алардын иштешине абдан эле кыйын болот.

“Азаттык”: Орусияда бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңөө мыйзамы иштей баштагандан тарта азыркыга чейинки жыйынтык кандай? Кырдаалды кыскача кандай мүнөздөсөк болот?

Мельконьянц: Мыйзамдын бардык уюмдарга тийген таасири тууралуу бир жактуу айтыш кыйын. Жалпысынан, албетте, терс таасир берди. Бейөкмөт уюмдардын бир бөлүгү жабылууга мажбур болушту. Экинчи бөлүгү чет элден каржы алууну токтотушуп, ишмердигин максималдуу түрдө кыскартышты. Үчүнчү бөлүгү чет элден каржы алууну азыр да улантышууда, бирок ошол эле учурда айыптоолорго, түрдүү текшерүүлөргө кабылып жатышат. Тилеккке каршы, алардын мындан аркы тагдыры белгисиз. Анткени, азыр мындай коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигине кошумча мыйзам менен чек коюлуп жатат. Маселен, четтен каржыланган бейөкмөт уюмдар шайлоолорго көзөмөл сала албайт.

“Азаттык”: ЖККУ башкатчысы Николай Бордюжа айткандай, Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар абдан көп. Өзүнчө бир чоң сектор деп койсок жарашат. Миңдеген адамдар бейөкмөт уюмдар эсебинен жумуш менен камсыз болгон. Алар адам укуктарын коргоп, шайлоолорго байкоо салып, бюджеттин ачык–айкындуулугу үчүн эле күрөшпөстөн, социалдык долбоорлорду аткарышат. Өзү Орусиядан утур-утур жардам алып жаткан кыргыз өкмөтүндө бейөкмөт уюмдардын долбоорлорун колдогудай акча жок. Четтен каржыланган бейөкмөт уюмдар “чет элдик агенттерге” теңелгенден кийин Орусия өзү каржылоону күчөттүбү?

Мельконьянц: Орус мамлекети бейөкмөт уюмдарга каражат бөлөт. Бирок бул каражаттын көлөмүн бейөкмөт уюмдар чет элдик булактардан жоготкон же баш тарткан каражат менен салыштырууга болбойт. Биринчиден, абдан эле аз. Экинчиден, мамлекет каражатты кыска мөөнөттүү долбоорлорго эле берет. Эгер чет элдик донорлор эки-үч жылга же андан да узак мөөнөткө эсептелген долбоорлорго беришсе, орусиялык практикада мамлекеттик каржылоо бир нече айдан, эң көп дегенде бир жылга чейин эле. Мындай жагдай коммерциялык эмес уюмдардын пландоо мүмкүнчүлүгүн азайтат, алардын мамлекеттик органдарга көз карандылыгын күчөтөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG