Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Канттагы орусиялык аскер аба базасынын мөөнөтү 49 жылга узартылышы мүмкүндүгү айтыла баштады.

Бул тууралуу Кремль менен расмий Бишкектин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын АКШдагы “Жеймстаун” фонду жазып чыкты.

Айрым депутаттар жаңы президент кызматына киришери менен чындыгында эле аталган маселе боюнча расмий сүйлөшүүлөр улантыларын белгилешти.

Тейлөө чыгымдары да Кыргызстандын мойнунда

Орусиялык аба база 2003-жылы сентябрь айында Кант шаарындагы аскер аба майданында жайгаштырылган. Анын карамагында башында СУ-25 тибиндеги беш чабуулчу учак, төрт машыктыруучу учак жана МИ-8 үлгүсүндөгү эки тик учак болгон. Аскер кызматкерлеринин саны учурда жүз элүү адамга чейин жеткен.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы макулдашууга ылайык, Кыргызстан аталган аскер-аба базасы үчүн акы албайт.

Парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Исмаил Исаков башынан баштап эле базаны тейлөөнүн чыгымдарын Кыргызстан өзүнө мойнуна алып келе жатканына токтолду:

- Канттагы база үчүн Кыргызстанга эч кандай ижара акысы түшпөйт. Анткени бул база ЖККУга кирген Кыргызстандын да коопсуздугун сактоо милдетин өзүнө алган. Ошол эле кезде андагы газ, электр, суу жана жылуулук сыяктуу тейлөө акылары да Кыргызстандын эсебинен төлөнүп келе жатат. Биз учурунда бул маселени кайра карап көрүүнү сунуштаган болчубуз.

Кремлдин ачуусу

Орусия мындан башка да Кыргызстандын аймагында үч аскерий объектиге ээ. Булар: Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы радиосейсмикалык лабораториясы.

2008-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги Москвага Кыргызстандагы бардык орусиялык объектилерди бириктирип, ага чоңураак акы төлөө талабын койгон.

Ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков ага чейин Канттагыдан башка калган аскер объектилердин ижара акысынын эсебинен кыргызстандык офицерлерди Орусияга окууга жөнөтүп турушканын эскерди:

- Канттагы аскер аба базасынын эсебинен эмес, мурдатан бери иштеп келе жаткан калган аскерий объектилердин ижара акысынын эсебинен биз офицерлерди Орусияга окууга жиберчүбүз. Андан ашкан каражатка аскердик курал-жарак же техника сурачубуз.

Андан кийин расмий Бишкек Кремлге ижара акысын накталай акча, же заманбап курал-жабдыктар аркылуу төлөө маселесин коюп, анын айрым бир шарттарын аткартууга жетише алгандыгы айтылып жүрөт.

Бирок Чек ара кызматынын ошол кездеги төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, аскер аба-базасы боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргыз бийлигинин талаптары расмий Москваны кыжырдантып, жыйынтыгында макулдашуулардын аягы туңгуюкка барып такалган:

- Орусия тарабы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн ижара акысынын ордуна бекер окутуп берели деп сунушташкан. Бирок биздикилер позициясын өзгөртүп, “силер базанын акчасын эле көтөрүп бергиле, биз курсанттарыбызды башка жактардан деле окутуп алабыз” дегендей түшүнүксүз жооп беришкен. Буга нааразы болгон Москва “ары же бери болгула, ар нерсенин башын бирден айта бербей” дешкен эле. Ошону менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган болчу.

Сүйлөшүүлөр кайрадан башталат, бирок...

Өткөн жылкы 7-апрелде бийликке келген Убактылуу өкмөт июнь коогалаңынан кийин Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантып, аталган долбоордун алкагында курал-жарак жагынан жардам берүүнү суранган. Бирок белгисиз себептерден улам, аталган маселе андан ары талкууланбай калган. Мунун себептерин айрым серепчилер Кыргызстанда легитимдүү бийликтин калыптана электигинен көрүшкөн болчу.

Токон Мамытов

Токон Мамытов

Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Токон Мамытов орусиялык аскер-аба базасынын мөөнөтүн узартуу боюнча жаңы макулдашуу шайланган президент кызматына киришкенден кийин карала турганын айтты:

- Буга чейинки өкмөт башчы Атамбаев Москвага барганда жана өкмөт башчыларынын ар кайсы жолугушууларында бул маселе кайрадан көтөрүлгөн болчу. Кыргызстан максатка ылайыктуу шартта өзүнүн сунушун айтып, ал сунуш колдоого алынган. Азыркы учурда бул маселе боюнча тиешелүү эксперттер иштеп жатышат. Анткени 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун күчтөрү кете турган болсо, абал кайсы жагына өзгөрүп кетиши мүмкүн деген чочулоо бар. Ошондуктан биз бул базага таянып, анын узагыраак бул жерде турушуна кепилдик беришибиз керек.

Шайлоо алдында койулган шартпы?

Буга чейин Тажикстандагы орусиялык 201-аскер бөлүгүнүн мөөнөтүн 49 жылга узартуу боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлган. Андан мурун Москва Армениядагы аскер-аба базасын 2044-жылга чейин калтыруу боюнча макулдашууга жетишкен.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон бул маселе президенттик шайлоонун алдында Алмазбек Атамбаевге койулган кремлдик шарттардын бири болушу мүмкүн деп боолголойт:

- Мындай иштер адатта күчтүүлөрү кичине мамлекеттерге таңуулап, кысмакка алуу же эки тараптуу кызыкчылыктар төп келген шарттарда болот. Кыргызстандын мисалын карасак, бул маселенин шайлоодон кийин дароо көтөрүлүп жатышы көп суроолорду жаратат. Бирок канткен күндө да бул чечим улуттук кызыкчылыкка канчалык туура келе тургандыгын талдап көрүш керек.

Ошол эле учурда президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаев 3-ноябрдагы маалымат жыйынында “Манас” аба майданындагы америкалык Транзиттик борбор 2014-жылы чыгарыла тургандыгын билдирген болчу. Ал мунун себептерин чет элдик аскер базасынын Кыргызстанда турушу коопсуздукка коркунуч туудурат деген жүйөө менен байланыштырды. Ооганстандагы аскерий операцияны колдоо үчүн ачылган аскер аба-базасынын ижара акысы он жылдан бери ар кандай өлчөмдө төлөнүп келди.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев ижара акысынын азыркы кездеги өлчөмү туурасында буларды билдирди:

- Аскер аба базасынан түшкөн каражат мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү катары толугу менен казынага түшөт. Андан кийин ал чыгымдардын багытына жараша бөлүштүрүлөт. Биз бюджетке түшкөн каражат үчүн гана жооп беребиз. Анын бир жылдык ижара акысы 60 миллион АКШ долларын түзөт. Мындан сырткары Транзиттик борбор Коргоо министрлигине колдоо көрсөтөт жана аэронавигация кызматынын тейлөө акысын төлөйт.

Транзиттик борбордун маалыматына караганда, анда беш жүздөн ашуун Кыргызстандын жарандары эмгектенет. Ооганстанга жүк ташыган учактарга май куйуу акысынын элүү пайызга жакыны Кыргызстан-Орусия биргелешкен мамлекеттик ишканасына ыйгарылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG