Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Текебаев боюнча кезексиз сессия тууралуу чечим жарыяланат


Жогорку Кеңеште "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына байланыштуу кезексиз сессия чакыруу маселеси боюнча чечимди парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков саат 15:00дө жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Фракциялардын бардык лидерлери бүгүн түшкө чейин жыйынга чогулуп, бул маселе боюнча бир пикирге келе албай тараган.

Текебаевдин камалышын кезексиз сессияда талкуулоого "Ата-Мекенден" Алмамбет Шыкмаматов менен "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев макул болуп, калган лидерлер өз фракцияларында дагы кошумча талкуулоо зарылдыгын айтып тарап кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG