Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Кабарчыбыз Москвадагы кыргыз элчилигине кайрылган кыргыз жарандарына жасалган мамилеге күбө болуп кайтты.

Кыргыз элчилигинин имаратына мурда бир да жолу барбагандыктан, Большая Ордынка көчөсүнөн Кыргызстандын желегин издей баштадым. Алдыман кыргыздар көп чыга баштады. Жай-баракат баскан адам жок, бардыгы шашып алган. Элчиликтен кайткандар, же бараткандар окшойт.

Кыргызстандын желеги алыстан эле көрүнүп калды, Орусияда жүргөн ар бир кыргызстандык бул желекти көргөндө өз мекенине келгендей болсо керек. Бирок Москвадагы «кичинекей Кыргызстан» сени «биз түштөнүп атабыз, эртең келгиле, билбейм, жок, эчтеке билбейм» деп тосуп алат.

Узак түштөнүү, аягы жок кезек...

Элчиликтеги маектешүү саат экиге белгиленген эле, бирок имараттын алдында турган сакчы консулдук бөлүм тарапка өтүңүз деди. Консул отурган жайда 50дөн ашуун киши бар экен, ар биринин сиркеси суу көтөрбөй турганы көрүнүп турат.

Дарбаза жабык. Мени маектешүүгө консул чакырды эле деп түшүндүрсөм, сакчы жигит “мен эч нерсе билбейм, чөнтөк телефонуна чалыңыз, алар түштөнүп жатат” деп орой жооп берди. "Мени консул күтүп атат, барып кабар берип коюңуз" деп түшүндүргүчө саат 2.30 болду. Дарбаза дагы деле жабык.





Бул жерде турган көп кишилер да мага окшоп сакчыга ызаланып, урушуп бүтүп, чарчап отуруп калышкандай.

Элчиликтин сыртындагы жарыялардын бири.
Аңгыча бир кыз “сизди сыналгыдан көргөм” деп колуман тартып, өзү эле сураттырбай арыз-муңун айта баштады. Аты Нургүл экен.

- Бул жерде иштеп жүргөндөрдү бай көрүшөбү, билбейм. Эмне проблема менен кайрылба, жалаң акча дешет. Жөнөкөй эле бир кагаз үчүн 1000 же 500 рубль алышат.

Акыры булар Кыргызстандын элчилиги го! Жардам бергендин ордуна, акча өндүрүшөт. Булар каалаган мезгилинде түштөнгөнү кетишет. Келсең, жакшы маанай менен тосуп алышпайт. Көп адамдар бул жерге кыйналып келишет, бирөөлөр чындап эле жумуштарын акчага бүтүрткүлөрү келет. Дайым келсең "очередь, обед, бош эмесмин" деген сөздөр...


Нургүл документер үчүн баалар элчиликте ар кандай болуп алмаша берээрин, чекти деле эч ким сурабастыгын кошумчалады.

Чынында эле түшкү тамактануу 2ден 40 мүнөт өткөндөн кийин деле бүтпөй койду. Элчиликте илинип турган жарыяларды окуй баштадым. Жарыяда адамдарды кабыл алуу түшкү бирге чейин деп турат. Бирок анда эмнеге кезекте адамдар күтүп отурушканы түшүнүксүз.

«Биз иштен кечигип атабыз, суранып келгенбиз»

Бул жерде кезек күтүп отургандарды кепке тарттык. Бирок алар аты-жөнүн айткысы келбегени менен арыз-армандарын айтып алышты:

- Мен балама доверенность жасатканы келгем. Экиге чейин обед дешкен, мына экиден өттү, убактысы менен ачпайбы деп отурам. Бир саат обед болсо, элди эки саат, үч саат күттүртүп коюшабы?

- Мен балама паспорт алганы келгем. 20 күндөн кийин болот дейт. Күнүгө иштен жооп сурап келесиң, жок. Бирдеке сөз айтып дагы жөнөтүшөт. Эмне кылыш керек буларды?

- Москвада иштен суранып келүү оңой-олтоң иш эмес, жолуңа канча акча кетет...

Менин жаныма бир жигит келип, "азыр шашып атам, элчиликтин иштеши боюнча башыман өткөргөндөрдү айтып берем" деп телефонун таштап кетти. Телефон аркылуу кийин буларды айтты.





Ушинтип консулдуктун алдында турган адамдар менен сүйлөшүп жатканымда консул өзү эшикке чыгып, мени издеп калды.

"Кыргызча билбейм, бирок кызматкерлерибиз билет"...

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Айжигит Буранов кагаздарга көмүлүп отурат – чынында эле жумушу көп экени байкалат.

Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, 2010-жылдын сентябрь айында Орусияда расмий түрдө 360 миң кыргызстандык катталган. Дүйнөдө кыргыз жарандары эң көп кайрылган консулдук бөлүм Орусияда болуш керек.

Айжигит Буранов
Дароо эле эмнеге элчиликтеги айрым кызматкерлер мигранттарга негизинен текебер мамиле жасайт деп доомат артышат, ушул сын канча жүйөлүү, кызматкерлер кыргызча билишеби деп суроо бердим.

Консул Айжигит Буранов, «мен чынында кыргызча билбейм, бирок эл менен иштеген бардык кызматкерлер кыргызча мыкты билишет, баары дипломаттык жогорку окуу жайларды бүткөн мыкты адистер» деп жооп берди.





Консулдук бөлүмдө беш кызматкер эмгектенет экен. Бөлүмдүн башчысы Айжигит Буранов күнүнө консулдукка 200 чакты адам кайрылаарын айтты.

Бурановдун билдиришинче, жумуштун көлөмү өтө эле чоң, 2010-11-жылдын эсебинен консулдук бөлүмдүн кызматкерлери аэрпорт, автобекет, сотторго, прокуратурага, курулуш объектилерине, мыйзамсыз мигранттар кармалган жайларга, ооруканаларга жана моргдорго 400 жолу барышкан.

Консулдук кызматкерлердин үстүнөн кагаз жүзүндө бир эле жолу арыз түшкөн, ал кызматкерге эскертүү берилген дейт Буранов.

Биз арызданганды билбейбиз...

Чынында эле мага бугун чыгарган бир да адам жумушун так аткарбай жаткан кызматкерге кагаз жүзүндө арызданмак турсун, өзүнүн атын атаган жок. Анысы аз келгенсип, арызын айтып бүткөн соң, диктофонуңузду өчүрүп коё турсаңыз, биз кызматкер менен өзүбүзчө сүйлөшүп алалы дегендер болду.

Биз арызданганды билбейбиз, күнөө өзүбүздө да бар дейт атын атагысы келбеген дагы бир кыргызстандык:

- Чынын айтканда, кыргыздар бугу чыккандан кийин, баарын унутушат. Арызды кагазга түшүрмөй жок. Элчиликке тааныш-билиш менен жаман кызматкерлердин үстүнөн бир эмес он жолу арыз келсе, ал деле оңолот же кетет. Мыйзам иштебегенде, элде ушул ыкма эле калат.

Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери да биз конкреттүү адамдарга конкреттүү коюлган дооматтар менен иштегенге даярбыз деп жооп кайтарышты. Алардын пикиринде, бир адам үчүн жалпы элчиликтин аброю түшпөш керек. Мына ошондуктан элчиликтин интернет сайтында “суроо-жооп” баракчасы ишке кирген.

Айжигит Бурановдун айтымында, негизинен адамдар консулдук бөлүмгө Орусиянын жарандыгын алуу боюнча кайрылышат жана жарандыкты алмаштыргандардын саны акыркы убакта кескин көбөйгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, бул сан 240 миң адамды түзөт.

Экинчи чоң жумуш – мыйзам бузуулар. Орусиянын түрмөлөрүндө учурда 1042 кыргызстандык отурат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда кылмышка аралашкан кыргызстандыктар көбөйүп жатканын, былтыр эле тогуз айдын ичинде 2,5 миңден ашуун факт катталганын билдирди.

Ал эми Орусияда мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн өлкөдөн 2010-жылы 1117 адам чыгарылган. Консулдун билдиришинче, 3 адам гана Кыргызстанга экстрадицияланган.

Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктарын жактоо үчүн консулдукта 2 гана юрист иштейт. Жылына миңден ашык сот иштерине алар жетише албай турганы белгилүү.

- Мен консулдукта иштеген юрист Алмаз Абдисияевге келгем. Мына 10 күндөн бери келем. Иним кармоочу жайга түшүп калыптыр, документи жок. Бир жарым айдан бери жатат. Биз Алмазга 15 миң рубль бергенбиз, ал болсо Кыргызстанга кетип калыптыр. Мен келсем «Алмаз билет, Алмаз карайт» деп эч ким карабай атат. Кыргызстанда эмчектеги баламды таштап келгем. Бул жерде жакшы мамиле жасашпайт экен. Айкырып-кыйкырып эле басып коюшат экен. Эмнеге келгениңди өзүң да унутат экенсиң, - дейт элчиликтин алдында отурган аял.

Ай сайын мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн кармалгандардын саны 60ка жетет. Айжигит Буранов «спецприемникке» түшкөндөр кармалганда өзүнүн атын атабай коюшуп, кыйынчылыктар ошондон улам келип чыгат дейт. Себеби анын атын тактагандан кийин сот иши кайра башталат.

Бирок консул билдиргендей, кыргыз элчилиги менен Орусиянын укук коргоо орагандарынын арасында маалымат алмашуу көңүлгө толоорлук. Азыр кыргыздарды көчөдө жөнү жок текшерүү азайган.

Консул баса белгилегендей, паспортторун жоготкон адамдардын да арызы тез аранын ичинде каралат.

Элчиликте кезек күткөндөр.
Бирок элчиликтин алдында отурган бир мигрант бизге такыр башка маалыматты айтты.

– Кайсы маселе боюнча келдиңиз?

– Документ жоготуу.

– Паспортуңузду жоготуппу?

– Ооба, 15 күндөн бери келем.

– Ишиңиз эмне болду?

– Жумуштан чыгып алгам да, кетем деп.

– Эмне деп түшүндүрүштү?

– Билбейм, иши кылып жок... Жатабыз ушинтип.

Орусиядагы мигранттардын арасында такай кездешчү көйгөй – жумушчулардын айлыгын ала албай калган учурлар.

- Мисалы бул жерде документи жок жумушка орношкондор көп да. Ошолор мисалы айлыгын ала албай калышса, же алданып калышса, элчилик жардам бериши керек. Бизде бир эле жолу болгон жок, андайлар көп. Мисалы курулушта иштеген балдар канча жолу келишкен, биздикилер карап да койбойт. Мисалы Тажикстандын элчилиги такай өндүрүп берет, - дейт элчиликтин алдында турган пол жуугуч Нүргүл.

Айжигит Бурановудн маалыматы боюнча, 2010-жылы консулдун кызматкерлеринин жардамы менен 7 миллион рубль кайтарылып берилген.

Ошентип элчиликтин имаратынан чыктым. Эки дүйнө, эки жээк. Ортодо көпүрө же байланыш жок. Мен консулдуктан чыкканда саат 4 эле. Көпчүлүк адамдар дагы деле отурган. Дарбаза дале жабык...
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG