Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Орусиянын телеканалдарында жана гезиттеринде Кыргызстандагы ыңкылаптын бир жылдыгана арналган атайын репортаждар же көлөмдүү макалалар чыккан жок. Бир ооз сөз менен жанылыктарда гана Кыргызстандагы 7-апрелде уюштурулган иш-чаралар чагылдырылды.

“Азаттык” орусиялык бир катар медиа адистер жана саясий серепчилер менен маек курду.

“Фергана.ру” маалымат агенттигинин башкы редактору Даниил Кислов:

“Мен адатымча эртең менен орусиялык массалык маалымат каражаттарын карап чыктым. Эмнегедир бул күнгө арналган макалалар дээрлик жокко эсе. Ошондуктан “Фергана.ру” өзү 7-апрелде бир катар эксперттерди, саясат таануучуларды сурамжылап чыкты.

“Азаттык”: Талдоочулардын оюн кантип жыйынтыктайт элеңиз?
Азыркы кыргыз саясатчыларында тарыхый жоопкерчилик жок.


Даниил Кислов: 2 багыт байкалат: биринчиси - “баары жаман”, экинчиси - “күтө тургула, азырынча жыйынтык чыгаруу эрте”. Чынын айтканда, эки тарап тең туура айтып жатат. Биринчилердин оюн алып көрөлү. Себеби өтүп кеткен жыл ичи карапайым адамдардын жашоосу, адам укуктарынын абалы жакшырган жок. Экономикалык абал жакшырган жок. Элитанын жүрүм-турумунда да эч өзгөрүү жок. Элита мурдагыдай эле ич ара байлык үчүн күрөшүп жатат.

Жыйынтык чыгаруу эрте дегендердики да туура. Себеби өнүккөн, заманбап, демократиялык, ийгиликтүү коом жана өлкө куруу үчүн бир жыл аздык кылат. Кыргызстан үчүн бир жылда секирик жасоо ого бетер кыйын. Бир жыл мурун Кыргызстан Бакиевден кийин экономикалык депрессияда болчу. Бул чуңкурдан чыгуу үчүн көп убакыт талап кылынат.

Даниил Кислов
“Азаттык”:
“Кыргызстанда парламенттик башкаруу орнобойт” деп орусиялык саясат таануучулар айтып чыгышкан эле. Ушул пикир азыр өзгөрдүбү?

Даниил Кислов: Ооба, чынында эле орусиялык талдоочулардын арасында ушундай турум даана байкалат. Бирок бул ойду көбүнэсе Кремлге баш ийкеп турган эксперттер таратышат.

Эсиңерде болсо керек, бул ойду президент Медведев айтып чыккан. Ал Кыргызстандагы парламенттик демократияга ишенген эмес. Бирок Медведев менен макул болбогон эксперттер да көп. Алардын ою боюнча парламенттик башкаруу кыргыз элине үмүт берет, ал эми Бакиевдин режими бул үмүттөн кур калтырган.

Алексей Малашенко, Москвадагы “Карнеги” борборунун эксперти:

- Бир эле жыйынтык бар – дагы бир ыңкылап болуп кеткен жок. Бул менимче жалгыз жетишкендик. Кыргызстан дагы да болсо күн мурун божомолдоп болбой турган сценарий менен жашап жатат.
Баары бирдеме жасап жатышат, каалап жатышат, күрөшүп жатышат, бирок бир жыл ичи конкреттүү жыйынтыктар болгон жок.


Эч жакшылыкка алып келбеген саясий жана экономикалык амбициялар күч алууда. Өз ара териштирүүлөр токтобой койду. Улуттук кызыкчылыктарды эмес, өзүнүн чөнтөгүн ойлогон адамдар көбүрөөк пайда боло баштады. Жаңы адамдар эч жок. Бирок саясатта чын дилинен жүргөн адамдар да жок эмес.

Бир нече адам бар. Ошолор чындап эле элдин тилегин актайт деген үмүт бар. Бирок алардын күчү аз.

“Азаттык”: Сиз президент же ага жакын адамдар жөнүндө айтып жатасызбы?

- Жок. Мен президент жөнүндө айткан жокмун. Фамилияларды атабай эле койсом. Мен алар менен таанышмын.

Дагы бир жолу кайталайм, азыркы күндө эң башкы максат – бул үчүнчү ыңкылапты болтурбоо.

Алексей Малашенко
Азыркы Кыргызстанга мүнөздөмө берсем – бул активдүү “саз”, бир орунда чуркоо. Баары бирдеме жасап жатышат, каалап жатышат, күрөшүп жатышат, бирок бир жыл ичи конкреттүү жыйынтыктар болгон жок. Жылыш жок.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, эмне себептен орусиялык ММКлар бүгүнкү күндү солгун чагылдырышты?

- Ооба, унутуп калышты. Бирок буга ыңкылаптын бир жылдыгы күнөөлүү эмес. Цунами, “араб оюндары” болуп өттү. Ошого Кыргызстан экинчи планда калып кетти. Арабдардын Борбор Азияга болгон таасири тууралуу көп айтыла баштады. Бирок бул ойго негиз жок.

Аждар Куртов, Орусиянын стратегиялык изилдөөлөр институтунун “Улуттук стратегиялар көйгөйлөрү” журналынын башкы редактору.

- Бакиев дагы деле бийликте отурганын элестип көрүңүздөр. Бул жагынан алганда жакшы жакка өзгөрүү болду. Бакиев бийликте калса – бул Кыргызстан үчүн жаман сценарий болмок.
Кыргызстан Бакиевден кийин экономикалык депрессияда болчу. Бул чуңкурдан чыгуу үчүн көп убакыт талап кылынат.


Жердешчилик, тууганчылык, мыйзамды урматтабоо Акаев мезгилинде түптөлсө, Бакиевдин учурунда гүлдөдү.

Алмашуу керек болчу, бирок үмүттөр акталган жок. Саясатка бети калың адамдар келишет да. Алар Бакиевди кулатууну айтып чыгышканда, “биз баарын өзгөртөбүз” деген риториканы колдонушкан.

Бирок эмне болду, өзүңүздөр көрүп турасыздар. Убадалар унутулду. Негизинен бийлик принципиалдуу түрдө өзгөргөн жок.

Азыркы бийликте отурган адамдардын максаттары Бакиевден өтө алыс кетпейт. Тууганчылык, жеке менчикти мыйзамсыз жол менен тартып алуу дагы да болсо байкалат. Тышкы саясатта болсо дагы деле эч бир принциптерге таянуу жок.

Парламенттин ролунун күчөшү – бул жакшы жараян. Бирок азыр анын жыйынтыгына баа берүү эрте. Бул система жакшылап бутуна тура элек. Азыр керек болсо парламенттик системага ишеним азайып жатат. Парламенттеги мушташты алып көргүлө. Ушунун баары ирээнжитет.

Президенттик башкаруу да, парламенттик башкаруу да ишенимге ээ болбой калса, эл башка нерсени тандап алышы мүмкүн. Мисалы, исламчыл башкарууну. Же диктатурага ыктоо башталат. Менимче азыркы кыргыз саясатчыларында тарыхый жоопкерчилик жок.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG