Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Орусия Кыргызстандагы базалары үчүн карызын кайтарат


Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусиядагы 2 күндүк иш сапары 25-февралда аягына чыкты.

Орусияга президент катары биринчи жолу барган Алмазбек Атамбаевдин иш сапарынын негизги жыйынтыгы – орус тараптын база үчүн 15 миллион доллар карызын кайтарып берүүсү.

25-февралда Алмазбек Атамбаев “Эхо Москвы” үналгысына кенен маек куруп, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда жайгашкан аскер базалары тууралуу сөз болгонун ачыктады.

Тагыраак айтканда, Медведев орус тарап Кыргызстанда жайгашкан аскердик база үчүн 4 жылдан бери ижара акысын төлөбөй келгенин таң калуу менен кабыл алып, 15 миллион доллардын тегерегиндеги акчаны Кыргызстандын Коргоо министрлигине которуу боюнча Орусиянын Коргоо министрлигине буйрук берген. Бул акча 10 күндүн ичинде Кыргызстанга келет.



Атамбаевдин айтымында, Кыргызстанда жайгашкан орус аскер базасы келечекте жабылышы мүмкүн.

"Кыргызстанда эч кандай аскердик базалар болбош керек. Кыргызстан өзү чакан, бирок күчтүү армия түзүп, өзүн өзү коргошу керек, бирөөгө ишенбей", - деп билдирди Атамбаев “Азаттык” үналгысына.

Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда да коопсуздук маселелери талкууланып, орус президенти "ачык айтыш керек, Жакынкы Чыгыштагы, Иран жана Сириянын тегерегиндеги жараяндар биздин регионго, Борбор Азияга түздөн-түз таасир этет”, деген оюн билдирген.

Атамбаев Жакынкы Чыгыштагы абалды эске алып, “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык транзиттик борбор 2014-жылы өлкөдөн чыгарылаарын “Азаттыкка” тастыктады.

АКШ-Иран чатагы чыгып кетсе, АКШнын Кыргызстандагы жүк ташуучу транзиттик борбору пайдаланылышы мүмкүн деген кооптонууну да Атамбаев четке какты.



Атамбаев өзү иш сапарына мындайча баа берет:

- Бир топ маселе чечилбей жүргөн, анткени Кыргызстандын да кызыкчылыктары бар. Бул жолу, Кудайга шүгүр, ушул маселелерди чечүү боюнча жолдорду таптык. Кыргызстандын да, Орусиянын да кызыкчылыктары эске алынды. Көктүккө салып атып жетиштик.

25-февралда Алмазбек Атамбаев өзү билим алган Москва башкаруу университетинде да сөз сүйлөп, окуу жайдын ардактуу доктору болду.

“Эхо Москвы” үналгысына курган маегинде Атамбаев Кыргызстан ушул жылдын аягына чейин Бажы биримдигинин бирдиктүү экономикалык аймагына кошулгусу келээрин баса белгиледи.

Атамбаев 24-февралда орус президенти Дмитрий Медведев менен жолуккан. Ушул эле күнү эртең менен Атамбаев Москванын Достук паркында Манастын айкелинин ачылыш салтанатына катышты. Ал эми 23-февралда президент орус премьер-министри Владимир Путин менен бейрасмий жолугушууда болуп, андан соң Орусиядагы кыргыз диаспораларынын башчылары менен жолуккан.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG