Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Орусия менен алака-катыштын жаңы планы кабыл алынды


Алмазбек Атамбаев менен орус президенти В. Путин.
Алмазбек Атамбаев менен орус президенти В. Путин.

Москвада президенттер кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын, евразиялык интеграциянын өнүгүшүн талкуулашты.

Москвада өткөн жолугушууда тараптар бири-бирин ишенимдүү, стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилешти.

Ушул жылдын башында эки өлкөнүн мамилесин сынаган окуялар орун алган. Январь айында расмий Бишкек кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ГЭСтер боюнча келишимин бир тараптуу деноносациялаган. Орус тарап курулушка кеткен чыгымды 37 миллион доллар деп эсептеген. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, азыр чыгымдарды депутаттык жана өкмөттүк комиссиялар иликтеп жатат.

Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен жолуккан учурда Евразия экономикалык биримдикке киргенден бери эки тараптуу кызматташуу кеңейгенин айтты. Миңдеген кыргыз жарандарынын Орусияда иштеп, байырлап калганын байланыштын жакшы көрсөткүчү деп белгиледи:

- Биздин алака-катышыбыздын мүнөзүн баса белгилөөнүн деле кереги жок. Кыргызстан стратегиялык мамиледеги биздин ишенимдүү өнөктөш. Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташуу көрсөткүчтөр аркылуу эле берилбей реалдуу жашоого, экономиканын өнүгүшүнө, социалдык тармакка таасирин тийгизет деп үмүттөнөм. Байланышыбыз бекемделип жатканын белгилегим келет. Буга Кыргызстандын Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргыз жарандарынын саны мисал.

Путин Орусия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенине токтолду. Каржы базарындагы соңку абалдан улам соода жүгүртүү солгундаганын, бирок ага карабай көлөмү 27 пайызды түзөрүн, ошол эле учурда Кытай менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 12 пайыз экенин айтты. Өкмөттөр аралык комиссия алака-катышты өнүктүрүүгө багытталган жакынкы иш-чаралардын планын кабыл алганын маалымдады.

Алмазбек Атамбаев өз кезегинде ​бул жолугушууну кызматташууну өнүктүрүүдөгү жакшы мүмкүнчүлүк деп белгиледи.

- Биздин өлкөлөр ортосундагы бардык актуалдуу маселелерди дагы бир жолу талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанычтамын. Биздин өлкөлөр ортосунда ири соода-экономикалык катнаштар орун алгандан тышкары биз – эң оболу стратегиялык өнөктөшпүз. Ушул боюнча эле каларыбызга үмүттөнөм. Бул эң башкысы.

Жолугушууда өлкө башчылары жалпысынан кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, биргелешкен долбоорлордун аткарылышын, андан тышкары ар кайсы чөйрөдө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн багыттарын, евразиялык интеграциянын өнүгүшүн талкуулады.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун баамында, Бишкек дагы, Москва дагы эки тараптуу кызматташуунун маани-маңызына чоң көңүл буруп келет:

- Буга чейинки бардык эле президенттер, азыркы өлкө башчылары эки элдин, эки мамлекеттин ортосундагы алака-катышты бекемдегенге аракет кылган. Орусия тараптан деле дайыма ушундай болгон. Ал эми өлкө башчыларынын ортосундагы жеке мамиле, жеке милдеттенмелер көшөгө артында болчу нерсе.

Саясат талдоочу Эмил Жураев анткен менен Бишкек Москва менен мамиле курганда улуттук кызыкчылыкты унутпашы зарыл деп эсептейт:

- Кыргызстан бир тараптуу түрдө, өз демилгеси менен Орусия менен болгон мамилени бузбайт жана бузуунун кереги да кажети жок. Бирок экономикалык маселелерге келгенде, ошол эле ГЭСтер болобу, соода-сатык болобу өз алдынча, эгемен мамлекет катары туура деп эсептеген кадамдарга барууга мүмкүнчүлүк бар. Бул ушундай болушу керек. Улуттук кызыкчылык, анын маани-маңызы эмнеде экенин тактап, ошол багытты карманышыбыз керек.

Бүгүн, 3-мартта Алмазбек Атамбаев орусиялык айрым маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту. Иш сапар 4-мартта аяктайт.

XS
SM
MD
LG