Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Автобазар: рублге алып, долларга сат


"Жапалак" автобазары. Ош. 10-ноябрь.
"Жапалак" автобазары. Ош. 10-ноябрь.

Рублдин наркы түшкөн сайын Орусияда сатылган автоунаалардын баасы сомго жана долларга карата арзандоодо.

Автоунаа соодасы менен шугулданган кыргыз ишкерлери Орусиядан рублга алынган машинелерди Казакстанга, Кыргызстанга ташый баштады. Мындай маалыматты Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ишкерлер рублга алган машинелерди долларга сатып, ортодон пайда табуу аракетинде.

- Орусиянын базарларында иштеген кыргызстандыктар товарларын рублга сатышат. Кайра доллар сатып алайын десе, эки эсе кымбат. Анан эки айдан бери кымбат баалуу автоунааларды сатып алып акчаларын сактап калууда. Көбүнчө "Лексус 570" үлгүсүндөгү унааларды алып жатышат. Бул жакта рубль менен арзан. Долларга айлантканда 80 миңдин тегерегинде. Кыргызстанга же Казакстанга алып барса 100 миң доллардын тегерегинде болот.

Орусиядагы авто салон.
Орусиядагы авто салон.

Орусияда бир катар дүйнөлүк машине чыгарган заводдордун өкүлчүлүктөрү бар жана алар өндүргөн унааларын рублдан башка валютага сатышпайт. Эксперттердин эсебинде мурда Орусияда 500 миң рубль турган машине Кыргызстанда 750 миң сомго жакындап барчу. Рублдин куну түшкөнү айрым автосалондор соодасын убактылуу токтотсо, көпчүлүк унаа өндүрүүчүлөр бааны 15-20 пайызга көтөрүүгө аргасыз болушкан.

Деген менен чет өлкөдөн машине ташыган Улан Алибеков өлкөгө киргизилген автоунаанын көптүгүнөн соода болбой калганын айтууда. Орусиядан арзан алынган машиненин деле Кыргызстанда баасына чыгышы кыйын дейт ал:

- Чет өлкөдөн абдан көп машине кирди. Угушумча 20 миңге чукулдады. Азыр автоунаа толуп калды. Соода жок. Баа болсо баягыдай эле, көтөрүлгөн жок.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты, унаа базары боюнча адис Мирлан Жээнчороев коңшу Казакстан машинени мурда Кыргызстандан алса, эми Орусияга ооп кеткенин айтып жатат. Анын пикиринде, буга эки өлкө ортосундагы бажы төлөмдөрдүн арзандыгы себеп.

Бишкектеги автобазар.
Бишкектеги автобазар.

- Орусиядан автоунаалар массалык түрдө келип жатат деп айтууга али эрте. Бирок аз-аздан Орусиядан келген машинелер базарларга чыга баштады. Жалпы автоунаалардын бир пайызын түзөт десе болот. Мурда казактар машинени бизден алса, эми Орусиядан алып жатышат.

Улуттук банктын мурдагы жетекчи орунбасары, финансист Максат Ишенбаев жаңы жылдан кийин рублдин наркы дагы түшөт деген божомолун айтты:

- Орус акчасы улам түшө берет. Буга санкциялар жана мунай баасынын арзандашы себеп. Эмитен эле 75 рубль бир долларга араң жетип жатат. Ошол эле учурда доллардын курсу өсүп отурат.

Автоунааларды каттоо департаментинин маалыматына таянсак, 2013-жылдын 9 айында чет өлкөлөрдөн келген автоунаалардын саны 63 миңден ашса, быйыл алардын саны 20 миңге көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG