Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Кыргызстан Шанхай кызматташуу уюмунун Өнүктүрүү банкын тезирээк ачууну жактады. Республиканын стратегиялык өнөктөшү Орусия ШКУнун банкын Евразия экономикалык банкына атаандаш катары карап, Кытай негизги ролду ойной турган банктын ачылышына жол бербей келатат. Стратегиялык өнөктөштүн кызыкчылыгына каршы келген долбоорду кыргыз бийлигинин колдоосу эмнеден кабар берет?

Кыргыз бийлиги тышкы саясатын стратегиялык өнөктөш болгон Орусия менен макулдашып жүргүзүп келет. Орусия өз кезегинде Кыргызстан аткарууну көздөгөн стратегиялык долбоорлордун келечектеги геосаясий таасирине карап, айрым долбоорлорго вето коюп келатканы да маалым.

Аны тастыктоо үчүн айрым фактыларга токтолсок болот. Маселен, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна Орусия каршы болуп, андан кийин президент Алмазбек Атамбаев ал долбоор Кыргызстанга пайдасыз деп жарыялап чыккан.

2008-жылы Сары-Жаз бассейнинде беш ГЭС куруу, кендерди иштетүү боюнча кыргыз-кытай макулдашууларына жетишилген. Кытай тарап 3 млрд. доллар инвестиция салууга кызыкдарлыгын билдирген. Бирок бул долбоор да токтоп калды. Ага орусиялык айрым компаниялардын Сары-Жаздагы кендерге кызыгып коюсу эле себеп болгон.

Кытай Шанхай кызматташуу уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүүнү бир нече жылдан бери көтөрүп келатат. Бирок Орусия ага көңүлкош карап, долбоордун жылышына жол бербей турат. Албетте Москва Бээжиндин Борбор Азия регионуна ого бетер кирип, таасири күчөп кетүүсүнө кызыкдар эмес. Москва региондун финансылык талабын канааттандыруу үчүн Евразия экономикалык банкы жетиштүү деп эсептейт.

Орусия колдобой жаткан демилгени Уфадагы ШКУнун саммитинде президент Алмазбек Атамбаев кызуу колдоп, банкты ачууну тездетүүнү өкмөттөргө тапшырууну сунуштады. Андан сырткары “Ата Мекен” фракциясынын аракети менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча келишимге кол коюлганы маалымдалды.

Мына ушул ири долбоорлор боюнча бийликтин позициясы расмий Бишкек Кремлдин эле эмес, улуттук кызыкчылыкты да коргоону күн тартибине коё баштадыбы деген суроону жаратууда.

Кыргызстандын мурунку биринчи вице-премьер-министри Акылбек Жапаров президент Алмазбек Атамбаевдин ШКУнун банкын ачууну тездетүү демилгеси колдоого аларлык болгонун айтат. Ал эми Орусия банк ачуу боюнча 2006-жылы ШКУнун Бишкек саммитинде Кыргызстан демилге көтөргөн мезгилден бери каршы дейт:

- Банк ачалы деген сунушту 2006-жылы Кыргызстанда Шанхай кызматташуу уюмунун саммити болгондо бергенбиз. Ошондо орустар каршы чыгышкан. Анан убакыт көрсөттү баарыбыз уттурганыбызды. Убакытты биз да, орустар да уттурдук. Бирок акыры келип ушул банк түзүлө турган болууда. Бул банк керек. Анын иштөө мүмкүнчүлүктөрү өтө кенен.

Акылбек Жапаров ШКУнун банкы ачууну тездетүү боюнча Кыргызстандын демилгесине Орусия каршы чара көрүш мүмкүндүгүн четке какпайт.

Саясат таануучу Марс Сариев ШКУнун банкынын ачылуусуна Орусия каршы болуп келгенин тастыктап, бирок дүйнөдө кырдаалдын өзгөрүүсү Москваны да пикирин өзгөртүүгө мажбурлайт дейт:

- Чын эле Орусия Кытайдын Өнүктүрүү банкын ачуусуна каршы болчу. Анткени ансыз деле ШКУ Кытайдын долбоору болуп, Орусия анын ичинде калууда. Анан Кытайдын каражаты, акчасы, инвестициясы болгондо Бээжин үстөмдүк кылып, баары анын долбоору болуп атат. Бирок азыр Орусия финансы-экономика жагынан Батыштын санкциясына кабылып турат. Ошондуктан Орусия банкты ачууга аргасыз макулдугун берүүдө. Буга Орусиянын өзүнүн Кытайга оогону да таасир этти. Ошон үчүн биздин президент кырдаалдын өзгөрүүсүн байкап, банкты ачууну тездетүүнү сунуштап жатат. Бул банк аркылуу Борбор Азияга аябай чоң өлчөмдө инвестициялар келет.

Марс Сариев кыргыз бийлигинин Шанхай кызматташуу уюмунун Өнүктүрүү банкынын негизги кеңсесин Бишкекте ачуу демилгесин колдоо керектигин айтат. Ал эми Орусия менен Евразия экономикалык биримдигинин, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында тыгыз кызматташып, Кытай менен экономикалык багытта кызматташууга артыкчылык берип, ал эми маданият, саясат жана идеологиялык жагынан абайлаш керек дейт Марс Сариев.

Жакында эле Бээжиндин демилгеси менен дүйнөлүк масштабдагы Азия инфраструктуралык инвестиция банкы ачылды. 57 мамлекет катышкан банктын уставдык капиталы 100 млрд. доллар, ал эми негизги кожоюну Кытай болуп калууда. Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында ачыла турган Өнүктүрүү банкына Бээжин 10 млрд. доллар бөлүүгө даярдыгын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG