Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Артымдан бирөө түртүп жиберди, денем муздай заматта бийиктиктен кандай кулап түшүп, жерде кантип жайнап жатып каларым көзүмө элестей түштү. Аңгыча тиги киши мени кайра тартып алды. Аябай корктум. Жиним келип карасам - биздин бригадир.

“Ээ, коркпо” деп койот. Жүрөгүм түшүп, “этияттабайсыңбы!” дегенге зорго жарадым. Дубалы тургузулуп ички-сырткы жасалагалары эле калган имараттын эң жогорку кабатынан шаарды кыялга бата карап турганымды көрүп жаныма келген экен. "Калаа жактыбы" дейт. "Ооба" дедим, ойлонбой эле.

Анан дагы менин каерде жашарымды, айыл же шаар экенин, кайда окуганымды билгенге кызыкты. Туулган жерим өзүмө жагабы же жокпу, аны да сурады.

Албетте, өз туулган жерим жакшы, андан өткөн жер жок "Ар кимдин жери - өзүнө Мисир" деп койдум.

Таң калганы же ынанганы белгисиз мага сырдуу карап, мыйыгынан күлө ал да шаарга көз чаптырды... Бригадирдин суроосунан улам мени кайрадан ойлор каптап алды...

Элден көбүрөөк тезек же куурай терип келгендеги ата-энеңдин бир ооз мактоо сөзү тартуулаган кубанычты, балдардын болгон чүкөлөрүн кактап, ал аз келгенсип айылдагы "жалгыз кийикбайды" утуп алган жеңишти, курсактын ач-тогуна карабай күн мурунтан тамандары майланган чананы сүйрөп, кеч күүгүмгө чейин чана тээп кечинде үйгө кире албай калган күндү, жаңы сузулуп боржоктоп көбүк черткен жаткан бозонун табы сууй элегинде же кадимки көжө катыкталган аталаны ичкендеги укмуштуудай даамды, ширеңкеге толо туздан салып алып кайсы жерде чоң-чоң коро болсо ошол жердеги коро майрамды (биз жакта быша элек өрүктү "коро" деп коёт), эң биринчи сүннөткө олтургузгандан кийин эжеңдин юбкасын сакайгыча кийип жүргөн күндөрдү, эгин чабык болгуча аны тоокко алдырбай керээли кечке кайтарган күндү, ошол айдоонун бир четине төшөк салып, таш-кесекти топтоп алып окуп жаткан китептин кызыгын, сени уктатам деп жаныңда жаткан апаңдын өзүн уктатып качып чыккан эрдикти, ботала-шатала болуп шар агып жаткан каналдын суусуна түшкөндөгү адреналинди, андан чыгып алып, жолдон кайрый келген семичкени чагып күнгө кактанган жыргалды, кыскасы, ушунун баарын сен кайдан сезмек элең дедим, ичимден... Анан калса бул тизмектелген кызыктар балалыгымдын бир ууч кана бөлүгү. Андан кийинчи окуучулук, студенттик күндөр өзүнчө бир китеп...

Туулуп өскөн, эч нерсеге алмаштыргыс балалыгым өткөн айылымды, 10 жыл бирге окуп бир туугандай болгон классташтарымды, өз балдарындай көрүп окуткан, келечек жолубузду көрсөткөн агай-эжекелерди, жөнөкөй, кичи пейил айылдаштарымды бир жыл ичинде кантип унутуп, алардын ордун толуктачуларды кантип таба алмак элем. Кантип бейиштин төрүндө жашап келип башка жерди сүйүп калмак элем...

Дастан Умоттегин

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG