Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын "Известия" гезитине курган маеги коомчулукта карама-каршылыктуу пикирлерди жаратты.

Маекте Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөнүн чек аралары Орусия менен биргеликте кайтарууга алынарын билдирген. Адистер Кыргызстандын чек аралары орус аскерлеринин катышуусу менен кайтарууга алынса, Борбор Азиядагы геосаясий абалга өз таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтышууда.

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Алмазбек Атамбаев чет өлкөлүк басылмалардын ичинен алгачкы ирээт Орусиянын "Известия" гезитине маек курду жана анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө даярдыгын дагы бир жолу бекемдеди.

"Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, биздин чек аралар автоматтык түрдө Орусиянын тышкы чек араларына айланат, аны биз биргеликте кайтарабыз", - деген Атамбаев Кыргызстанда жайгашкан орусиялык аскер бөлүктөрүнөн бирдиктүү аскер базасы түзүлө турганын кошумчалады.

Жаңы шайланган президенттин мындай билдирүүсүн жергиликтүү адистер ар кыл жоорушууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Токон Мамытовдун пикиринде, Атамбаевдин "Бажы биримдиги алкагында чек араны биргеликте кайтарат" дегени менен, орусиялык аскерлер Кыргызстандын чек арасын кайтарып бербейт. Жөн гана эки өлкөнүн чек арачылары кеңешип иш кылышат:

- Муну адегенде жалпы координациялык иш катары баалышыбыз зарыл. Экинчиден, айрым учурларда чек ара кызматы, Бажы кызматы жана башка тартип коргоо кызматтары тарабынан биргелешкен оперативдүү-иликтөө топтору иштейт. Үчүнчүдөн, маалымат алмашууда кеңейүү болот. Төртүнчүдөн, жетишпеген жактарга биргелешкен чара, техникалык салымы болушу мүмкүн.

Анткен менен Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын чек араларын орус чек арачылары менен кандай негизде кайтара турганын туюк түшүндүрдү. Айрым эксперттер Орусия алгач болуп Кытай менен Кыргызстандын чек арасын көзөмөлдөөгө аракет кыларын айтышууда.

Кызыкчылыктар тиреши

Эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон уулунун айтымында, мамлекеттик чек араны кайтарууга башка мамлекетти аралаштыруу - өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтириши мүмкүн:

- Бул жерде бизге таасирин тийгизмек турсун эгемендүүлүгүбүз суроо белгиси алдында калат. Биз канчалык деңгээлде эгемендүүбүз деп айта алабыз? Чек араны башкаларга кайтартып коюп, экономикалык, саясий чараларды, чечимдерди кантип кабыл алабыз? Бул өтө чоң суроо бойдон кала берет.

Ошондуктан бул жерде башкы адамдын айтып койгону эле эмес, муну коомчулуктун талкуусуна салып, талаш-тартыштан чыккан тактыктан соң кабыл алуу эң туура болот.


Коопсуздук маселелери боюнча адис Токтогул Какчакеев орус чек арачыларынын Кыргызстандын чек араларын кайтарышы өлкөнүн кызыкчылыгына туура келээрин белгилейт:

- Бул туура чечим. Себеби чек араны Орусиянын чек ара аскерлери кайтарып берсе, биздин жеңилдеп калышыбызга шарт түзөөр эле.

АКШ менен Орусиянын соодалашуусу

Ошол эле кезде Орусиянын чек ара аскерлеринин АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору жайгашкан Кыргызстанга кириши Борбор Азиядагы геосаясий абалга олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүндүгү да айтылууда. Кыргыз Улуттук университетинин окутуучусу Кубат Кожоналиевдин белгилешинче, бул маселе АКШ менен Орусиянын ортосунда жаңы соодалашууга жол ачат:

- АКШ менен Орусиянын ортосундагы тирешүү азыр ачыкка эле чыгып бара жатат. Маселен, Сирия маселеси боюнча БУУда добуш берүү убагында карама-каршылыктар чыгып жатат. Бирок, менин билишимче, биздин жакынкы коңшулар болгон Ооганстан, Пакистан боюнча булардын көз карашы көбүнесе бирдей сезилет. Ошол сындуу Кыргызстан тууралуу да булардын өз ара сүйлөшүүсү байкала элек, бирок жакын арада мындайдын чыгышы мүмкүн экенин баамдай турганымды айта алам.

Муну менен катар Кыргызстандын Бажы биримдигине жамынып, орус чек арачыларынын кызматынан пайдаланууга далалаты болгон күндө деле анын аткарылышы абдан эле күмөн деген пикирлер аз эмес. Себеби Бажы биримдигин түзгөн Орусия баш болгон өлкөлөр саясий жагдайы аларга салыштырганда бир кыйла туруксуз Кыргызстанга дароо эле кучак жайууга даяр эместигин билдирет Коопсуздук органдарынын генерал-майору Артур Медетбеков:

- Кыргызстан, же башка өлкөлөрдүн мындайга кириши боюнча алар "биздики ачык, бирок алардын каркасын карайбыз" деп айтып жатышат. Муну Орусиянын президенти Дмитрий Медведев айтпадыбы. Бул жерде маселе абдан эле көп. Жөн эле "кел, алабыз" дебестен, экономикалык, саясий стабилдүүлүк жактан бардыгын карап чыгып, андан соң чечим кабыл алышат.

Кыргызстан быйыл октябрь айында Орусия, Казакстан жана Беларус 2009-жылы түзгөн Бажы биримдигине кошулуу тууралуу чечим кабыл алган. Эми болсо Бажы биримдигине бириккен үч өлкө Евразиялык экономикалык комиссия түзүп, 2015-жылга чейин Евробиримдиктин үлгүсүндөгү Евроазия кеңешин түзүүнү ниеттенишүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG