Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Made in Kyrgyzstan: сапатты ким текшерет?


Москвадагы "Садовод" базарындагы кыргыз кийимдери сатылган катар. (Асхат Акматовдун сүрөттөрү)

Москвадагы "Садовод" базарындагы кыргыз кийимдери сатылган катар. (Асхат Акматовдун сүрөттөрү)

Орусиядагы сатуучулар соңку кезде Made in Kyrgyzstan эн белгиси менен чыккан кийимдердин сапаты начарлаганын айтууда.

Расмий маалыматка таянсак, 2013-жылы Кыргызстанда тигилген кийимдердин 95 пайызы чет жакта, көбүнчө Орусия менен Казакстанга кеткен. Акыркы эки-үч жыл ичинде Москванын чоң базарларында жалаң гана Кыргызстанда тигилген кийимдерди сатуучу дүкөндөр ачылган.

Бирок акыркы кезде Made in Kyrgyzstan эн белгисиндеги кийимдер орусиялык кардарларды артка түртө баштады. Буга кытай товарларынын да кыргыз эн белгиси менен чыкканы кошул-ташыл болууда.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2013-жылы экспортко кеткен кийим-кечек өлкөгө 108,3 миллион доллар киреше алып келген, учурда бул тармакта иштеп, жан баккан адамдардын саны 180 миңге чукулдайт.

Ошол эле маалда расмий катталбаган көмүскө цехтерде тигилген товарды жашыруун саткан соодагерлердин да саны арбын. Булардын баары Made in Kyrgyzstan деген эн белги астында эл аралык базарларда өлкөнүн брендин түзүүдө.

Москванын эң чоң базарларынын биринде дарбазасынан баштап соода борборго чейин чоң көрнөктөр илинип, беш мүнөт сайын үналгыда жаңырган “Киргизские товары”, “Качество из Киргизии” деген жарыя "Садовод" соода борборунун экинчи кабатына алып келет. "Самопошив", “Великаны", “От производителя” деген жазууларга толгон бул жерде кийимдердин орточо баасы 1000 рублден ашпайт, өтпөй калгандары 350 – 500 рублдин тегерегинде сатылат.

Москвага келген кийим-кечектердин жарымы Тверь, Смоленск, Калуга жана башка жакынкы облустарга таратылат. Үч жылдан бери ушул жерде соода кылган жаткан Алмаз Жумадылов кыргызстандык кийимдер арзандыгы менен кардарды өзүнө тартаарын айтты:

- Орустар көбүнчө арзанга качырат. Сапаты боюнча баары бирдей эле. «Самопошив» деп коет го, ал Түркия же Белорустан келген кийимден эч айырмаланбайт. Ошондой эле тигиш, ошондой эле сапат, бирок арзан. Беш жүз рублден миң рублге чейин айырма бар. Дүңүнөн алгандар деле билип калды.

Бул базарда мурда башка өлкөлөрдүн кийим-кечектерин саткан айрым соодагерлер эми кыргызстандык товарларга өтүүдө. Мунун себебин сатуучу Ирина Смольникова мындайча түшүндүрдү:

- Түркиядан учак менен товар алып келгенден көрө Кыргызстандан «Карго» менен (жүк ташуучу кызмат) арзан жеткирем. Бажы жыйымы да азырынча өтө кымбат эмес. Силер жакта товарды арзан беришет. Башка айла да жок, базардын баары эле арзан кийимге толуп жатса, кымбат товар менен күйүп кетет экенсиң.

Ирина Смольникованын айтымында, акыркы кезде Made in Kyrgyzstan эн белгиси менен тигилген кийимдер арасында тигиши туура эмес, кездемесинин сапаты начар жана башка оркойгон кемчиликтери барлары көбүрөөк кездеше баштады.

Эң башкысы, кыргызстандык тигүүчүлөр орусиялык кардарлардын муктаждыктарын ар дайым эле эске алышпайт:

- Менин байкашымча, көбүнчө толук, сөөк-саагы чоң аялдардын кийимдери келет. Арыкчырайларга ылайыктуусу аз. Ошонун азабынан кардарлар көп товарларды артка кайтарышууда. Өтпөй тура бергенде, айла жок баасын түшүрүп сатабыз,- деди москвалык сатуучу Ирина Смольникова.

Made in Kyrgyzstan товарынын сапаты кээде начар чыгаарын дагы бир сатуучу Владимир Старостин да белгилей кетти. Ал "Мурда арзан жана сапатынын начардыгы боюнча кытай кийимдери биринчи орунда турса, эми кыргызстандык товарлар аны кууп жетмей болду" деп кошумчалады.

Ошентип биринчи кадамын кичине жеке цехтерден баштаган Made in Kyrgyzstan белгиси өлкөнүн тигүү жана текстиль өндүрүшүнүн брендине айланып, чет өлкө рыногун багындырып, туу чокусуна жетип, кайра төмөндөп бараткандай.

Эскерте кетсек, өткөн жылы жеңил өнөр жай өкүлдөрү арасында Кытайда тигилген сапаты начар, тигүү стандарттарына туура келбеген кийим-кечектер Made in Kyrgyzstan белгиси менен Орусиянын жана башка өлкөнүн рынокторуна чыгып жатканы кеп болгон.

Сатуучу Света Ишемкулова мындай көрүнүш кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдүн жолун бууп, беделине шек келтирип жатканын айтты:

- Биздин ичибиз ачышат. Анткени алар өздөрүнүн товарларын Кыргызстандыкы деп сатып жатышпайбы, сапаты кандай экенин ким билет? Бирок ыргыткан таш кыргыздын чарбагына түшүп жатат. Эл билбей эле бир алат, эки алат, анан начар боло берсе Кыргызстандын аброю түшөт да, Кытайдыкы түшпөйт. Ошону чоңдор эске алып, текшерүү жүргүзүп койсо болмок.

Кыргызстандын "Дордой" базарына да көптөн бери Made in Kyrgyzstan деген жасалма эн белги чапталган кытай товарлары агылып келүүдө. Жергиликтүү жеңил өнөр жайчылар жана сатуучулар буга кабатыр. (06.02.2014)

Эскерте кетсек, 1990-жылдары КМШ базарларын каптаган Made in China белгисиндеги сапатсыз, арзан буюмдар Кытайдын аброюн түшүрүп, экономикасына зыян келтирген. Акыры кардарлардын ишениминен айрылган кытайлык өндүрүүчүлөр 2000 – жылдардын башында ребрендинг кылууга аргасыз болуп, Made in China белгисинен баш тарткан. Алар акыркы жылдары товарларын Made in PRC (Made in People’s Republic of China – Кытай Элдик Республикасында жасалган) белгиси менен Европа, Батыш, Азия өлкөлөрүнө кайрадан чыгара баштады. Ал эми кытайлык көмүскө өндүрүүчүлөр дагы деле жасалма продукцияларды белгилүү бренддердин белгиси менен коңшу өлкөнүн рынокторуна чыгарууда.

Айдана Абдуваитова, Москва

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG