Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Өкмөт электр энергиясын экспорттойт


Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көптүгү электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түздү. Зилалиев учурда электр энергиясын сыртка сатуунун шарттары сүйлөшүлүп жатканын кошумчалады.

23-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 908 млн куб метрди түздү. Суунун агып киргени секундасына 203 куб метр болсо, агып чыкканы 552 куб метрд өлчөмүндө эсептелди. (KJ)

XS
SM
MD
LG