Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Мекендешибиз Айгерим Жусупова Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академиянын алдыңкы бүтүрүүчүсү.

Дүйнөгө таанымал бул окуу жайдын дирижерлук бөлүмүн аяктаган алгачкы кыргызстандык карлыгач дипломдук ишине кыргыз тилинде обон созгон хорду даярдап, угармандарды таң калтырды.

"Ата жолун уладым..."

“Атамдын ырларын жан дүйнөмө сиңирип, угуп, ырдап жүрүп чоңойдум", - дейт балалык чагын эскерген Айгерим Жусупова.

Айгерим - кыргыз элине белгилүү обончу жана композитор Кадыралы Артыковдун кызы. Мындан улам ага өнөр дүйнөсүн тааныткан башкы сынчысы жана демилгечиси да атасы.

"Бала кезимден баштап ырдап, эл алдына чыккандан тартынбаган кыз болчумун. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте фортепиано классында окууну баштап, кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын хор дирижерлук бөлүмүн бүтүрдүм.

Окууну бүткөндөн кийин атамдын кеңеши боюнча Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академияга тапшырдым. Беш жыл ичинде кесипкөй мугалимдерден билим алып, хордун ар кыл чеберчилигин таанып, жан дүйнөм менен өзүмдүн кесибиме берилип, быйыл окууну ийгиликтүү бүтүрдүм".

"Москва туулган жердин баркын сездирди"

Студенттик күндөрү өткөн Москва Айгерим үчүн сүйүктүү шаар. Москвада музыка дүйнөсүнө сүңгүп, чыгармачылык жашоого кадам таштаган. Ошол эле маалда бул шаар жаш чебердин улуттук башатына кайрылуусуна түрткү болду.

"Албетте, башында кыйынчылыктар көп болгон. Бөтөн эл, бөтөн жерде өзүмдү жоготуп албайын деп, окуу жайда өзүмдү күчтүү студент катары көргөзгөнгө аракет кылып жүрдүм.

Орусиянын ар кандай шаарларынан келген курсташтарым менен оңой эле тил табышып, достошуп кеткем. Бул жактагы мугалимдер студенттерге өтө чоң талаптарды коёт. Эч ким сени эркелетип, артыңан чуркап үйрөтпөйт. Өзүңдүн дараметиңди көргөзбөсөң билинбей тепселенип кетесиң.

Ошон үчүн Москвада оюңду жыйнап, өзүңдүн күн тартибиңди туура уюштуруп, тыкан жүрбөсөң кыйын. Москва мени туулган жердин баркын сездирип, кыргыз улутунун өкүлү катары чоң жоопкерчиликке тарбиялады десем жаңылбайм".

"Дирижерлук – мен сүйгөн кесип"

Айгерим ырчылардын көңүлүн өзүнө тартып, аларды шыктандырып туруу үчүн дирижердон темирдей бекем мүнөз, ошол эле маалда ийкемдүүлүк талап кылынарын айтат. Андан тышкары дирижер өзү обон созуп ырдап, фортепианодо чебер ойной билиши керек.

Айгерим Жусупова чогулгандарды таң калтырды

Айгерим Жусупова чогулгандарды таң калтырды

"Хордун маанисин түшүнбөгөн адам ал болгону ырчылардын биригип, чогуу ырдашы деп ойлошу мүмкүн. Бирок сыртынан жеңил көрүнгөнү менен андай эмес. Ар бир адамдын үнүнүн ордун туура таап, өз партиясында жан дүйнөсүн берип, обонду элге жеткире тартуулоого даярдоо көп аракетти талап кылат.

Хор – бул энергетикалык бир бүтүн организм, бир жандуу аспап. Дирижер ар бир ырчынын музыкалык сезимин, сапатын башкарып, өзүнүн музыкалык көз карашын алардын үндөрү менен көргөзгөнгө аракет кылат.

Дирижердун айткан сөзү, мимикасы, жандоосу ырчылардын ички дүйнөсүн козгоп, аларды чын ыкластан ырдаганга шыктандырат".

"Элимдин ыры жаңырыш керек деп көгөрдүм"

Музыкалык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнөн дипломдук ишке эки чыгарма даярдоо талап кылынат. Айгерим мындай жооптуу сынакка Байдылда Сарногоевдин сөзүнө жазылган Насыр Давлесовдун "Селкинчек" аттуу ырын тандаган. Орус тилдүү 70 ырчыны кыргызча ырдатуу оңой эместигин сезсе да, өзүнө ишенген Айгерим айтканынан кайткан эмес.

"Хор менен иштеген оңойго турбайт, 70 ырчынын 70 мүнөзү болот. Ар бирөөнүн тилин таап, бирге иштешүү керек. Өзүң да ар тараптан күчтүү даярдыкта болушуң керек.

Айгерим Жусупова

Айгерим Жусупова

Анын үстүнө дипломдук ишти хор менен даярдоого ар бир бүтүрүүчүгө жумасына 25 мүнөттөн убакыт берилет. Ушул убакыттын ичинде тексттин үстүндө иштеп, хорго жаттатып, туура ырдоого үйрөтүш керек. Өзүм текстти орус тилине которуп, маанисин түшүндүрүп, кыргызча сөздөрдү так ырдоого үйрөткөнгө аракеттендим.

Мугалимдерим “балким башка чыгармага алмаштырасың" деген сунушуна көнбөй, көгөрүп, хор менен өжөрлөнө иштедим. Кыргыз элимдин ыры жаңырышы керек деген ой болду. "Селкинчекти” уккандар кыргыз обондорунун асылдыгын туюп, сезсе экен деген ниетим бар болчу".

Анткен менен биринчи курста чакан хорго "Сулуулар" деген кыргыздын элдик ырын алып чыккан Айгерим өз күчүнө толук ишенген. Ал эми дипломдук илимий ишин белгилүү композиторлор Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев жана Владимир Ференин “Токтогул” операсына арнаган.

“Ар бир ишимде кыргыз элинин маданиятын таанытууга аракет кылам” деген жаш дирижер келечекте Кыргызстанда хордук чеберчиликтин өнүгүшүнө салым кошкусу келет.

"Кыргызстанда хордук чеберчиликтин өнүгүшүнө салым кошууну максат кылам. Мындан тышкары кудай ырда деп үн бергенден кийин өзүм жазган ырларымды аткарып чыккым келет. Композитор катары жазган чыгармаларым элге жетсе экен деген үмүтүм бар. Мунун баары чоң эмгекти талап кылат. Ушулардын үстүндө иштейм.

Эрик Вайтекер "Аллилуйя" Cолисттер: Мария Кондратюк (сопрано), Тимур Бондарчук (баритон), дирижер – Айгерим Жусупова.

Тандап алган дирижерлук кесибимди өнүктүрүшүм керек. Негизи кыргыз музыкасы түркүн түстүү, кайрыктарга бай, жүрөк элжиреткен көркөм дүйнө. Аны өнүктүрүп келечек муундарга жеткирүү биздин парзыбыз".

“Келечекке тарых болуп калаарыбызды унутпашыбыз керек”, - дейт алдыга чоң чыгармачыл максаттарды койгон жаш дирижер жана обончу, Москвадагы атактуулар таалим-тарбия алган музыкалык академиянын бүтүрүүчүсү Айгерим Жусупова.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG