Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Орусия акчаны өзү берип өзү иштетет


Ак-Тилек бажы бекети
Ак-Тилек бажы бекети

Кыргызстандагы бажы бекеттерин жаңы жабдуулар менен жабдуу Орусиянын “Крокус интернешнл” тобуна тапшырылды.

Ал үчүн орус өкмөтү 200 млн. доллар кайтарымсыз каражат бөлгөнү маалым. Кыргызстанда бул ишти жергиликтүү компаниялар аткара албайт беле деген суроолор жаралууда.

Кыргызстан быйылкы жылдын май айынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууну көздөөдө. Ага чейин республиканын бажы бекеттери, сыноо лабораториялары Бажы биримдигинин талаптарына, стандарттарына туура келиши керек.

Аны аткаруу үчүн Орусия 200 млн. доллар Казакстан 100 млн. доллар бөлүүгө убада кылган. Андай келишимге өткөн жылы президенттер Астана саммитинде кол коюшкан.

Путин менен Атамбаев
Путин менен Атамбаев

Казакстан тараптан каражат бөлүү токтоп турса, Орусиядан жабдуу жана акчалай түрдө жакын арада келе баштарын өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов “Азаттыкка” билдирген:

- Акыркы макулдашуулар жүрүп жатат. Орусия Федерациясынын атайын дайындалган органы биздин талап боюнча сатып алууларды жүргүзөт. Орусиянын жардамынын бир бөлүгү жабдуулар түрүндө келсе, кээ бир учурларда акчалай түрүндө берилет.

Кыргызстандын бажы бекеттерин жабдый турган Орусия тандап алган фирма түбү азербайжандык, орус олигархы Арас Агаларовго таандык “Крокус интернешнл” компаниясы болуп чыкты.

Арас Агаларов
Арас Агаларов

Кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтү жетишкен келишимге ылайык, Орусия бөлгөн 200 млн. доллар кайтарымсыз жардамдын 129 млн. доллары “Крокус интернешнл” компаниясына берилет. Ал бул каражатка Кыргызстандын бажы бекеттерине, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө лабораторияларына жабдууларды сатып келиш керек. Андан сырткары техникалык жөнгө салуу, транспорт жана инфраструктура менен камсыздоо, маалыматтык жабдуулар менен камсыздоо боюнча да маселелерди чечүү керек. Башкача айтканда, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн “жол картасында” көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарат.

“Крокус интернешнл” компаниясы аткара турган иштерди жергиликтүү компаниялар аткара албайт беле деген суроого Бажы кызматы жана Экономика министрлиги бир жактуу жооп бере алган жок. Атын атагысы келбеген чиновник каражат бөлгөн жана тендер өткөргөн орус өкмөтү болгондуктан, ишти аткаруучуну да орус өкмөтү тандаганын белгиледи.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев кайтарымсыз түрдө берилип жаткан бул каражатты орус өкмөтү кандай иштетүүнү өзү чечет дейт:

- Акча алардыкы болгондон кийин өздөрү бекитип берип атат. Бул кайтарылбай турган акча. Бажы биримдигинин алкагында берилүүдө. Менин оюмча, буга үн чыгарбай эле макул боло бериш керек. Берилген белекти ала бериш керек.

Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев

Жумакадыр Акенеев каражаттын орус фирмасына берилишин бир жагынан убакыттын аздыгы менен байланыштырды. Эгерде кыргыз тарап акчалай алса, анда ал тендер жарыялап, ага убакыт кетет. Кыргызстан болсо май айында Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууну көздөөдө.

Саясат таануучу Марс Сариев орус бийлигинин жардамды акчалай түрдө эмес, жабдуулар жана аларды орнотуу менен беришин кыргыз бийлигине ишенбөөчүлүктөн көрөт:

- Орусия Кыргызстанга көп ишенбейт. Ошон үчүн акчалай бербей, өзүнүн ишти аткаруучуларына берип жатат. Бизге материал-техникаларды алып келип, инфраструктураны куруп берген атат. Бакиев убагынан бери акчалай берүүдөн чочуп, ишенбей калышкан. Ошон үчүн 200 млн. долларды техника, инфраструктура менен берет.

Ал эми оппозициялык саясатчы Бегалы Наргозуев бул жерде жогорку деңгээлде кыргыз жана орус бийликтеринин коррупциялык кызыкчылыктары жатат деп эсептейт:

- Ал компания (Крокус) жөнүндө кечээ окуп чыктым. Ал ошол орус бийлигине жакын, орус бийлигинен көп тендерлерди утуп жүргөн “кол бала” миллиардердин фирмасы экен. Ошон үчүн муну биздин бийлик төбөлдөрү менен орус бийлик төбөлдөрүнүн коррупциялык схемаларынын биригип кетиши деп ойлойм.

200 млн. доллардын 129 млн. доллары “Крокус интернешнл” компаниясына берилсе, калган 71 млн. доллары үч багытта иштетилет. 16 млн. доллар Кыргызстандын маалыматтык системасын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайыктоого жумшалса, 49 млн. доллар менен бажы бекеттери жабдылат. Ал эми калган 6 млн. доллар адистерди даярдоого багытталат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG