Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

12-апрелде кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы өз ишин аяктаган соң биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Азаттыктын”суроолоруна жооп берди.

Комиссиянын жыйынында негизинен Кыргызстан менен Орусиянын 2010-2013-жылга белгиленген экономикалык кызматташуу боюнча программасын ишке ашыруу, ар тараптуу алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия караган негизги суроолор энергетика, айыл-чарба тармагына жана албетте Бажы биримдигине тиешелүү болду. Кыргыз тарапты вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектесе, орус тараптан сүйлөшүүлөрдү Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жүргүздү.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, сиз комиссиянын ишин жыйынтыктап жатып, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин бүт кыргыз эли каалап жатат деп айттыңыз. Бирок Кыргызстанда Бажы биримдигине кирүү демилгеси ача пикирди жаратты. Бул идеяны колдобогондор да көп. Шашылыш кабыл алынган чечим катары да бааланууда. Сиз ушул дооматтарга макулсузбу?

Бабанов: Эң негизгиси, биздин өкмөт чечим кабыл алды. Атайын жумушчу топ түзүлдү. Бул топ Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстанга кандай чыгаша-киреше болот баарын эсептеп чыгып, бир гана экономикалык эмес, саясий жагын да карайт да, анын негизинде жумушчу топ өкмөткө сунуш даярдайт, ошонун негизинде гана акыркы чечимди кабыл алабыз.

Элибиз колдойт дегеним, кайсы облуска барба, Казакстан, Орусия менен болгон чек аралардагы маселелерди чечүү керектиги көтөрүлөт. Күйүүчү майга болгон кошумча төлөмдү алып салгыла деген талаптар коюлуп жатат. Бүгүнкү күндө Орусиядан келген темир, жыгачка да пошлина болбосун деп суранышууда.

Бажы биримдигине кирген Орусия, Белорусия, Казакстан мындай чечимдерди чогуу гана кабыл алат. Биздин Орусия менен мамилебиз жашкы болгондугу үчүн, алар күйүүчү майды кошумча салыгы жок берип жатышат.

Орусия менен товар айлануу - 27, Казакстан менен – 16, Белорусия менен – 3 пайызды түзөт. Жалпысынан 3 өлкө менен 47 пайыздык товар алмашуу бар.

Келечекте арзан баалуу товарларды ала алабыз. Биздин жарандар ал жакка барып эркин иштей алат. Алардын укугун коргой алабыз. Биз сөзсүз киришибиз керек. Бирок келишим түзүп жатканда “каникул” деген түшүнук бар, ошону талап кылабыз.

Себеби дегенде бизге кытайдан көп товар келет. Бажы биримдиги кээ бир ишканаларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Аларга биз жеңилдиктерди түзүп, беш жыл ичи аларды стандарка ылайыктап, же жаңы жумушчу орундарын түзүп, Бажы биримдигине беш жылдык “каникул” менен киришибиз керек.

Эн негизгиси, 200 миллиондук базар ачылат. Бүгүнкү күндө инвесторлор Кыргызстандын базарын кичине деп келбей жатышат. Инвесторлорго эми ири базар үчүн дарбаза болобуз.

Бажы биримдигини алкагында паспортко мөөр басылбайт, бажы тинтпейт, Советтер Союзундай болот, бирок өзгөчөлүгү - биз өзүбүздүн эгемендигибизди сактап калабыз.

Комиссиянын ишин жыйынтыктасам, 14 миллион 300 миң доллар карызыбызды Орусияга төлөп бермей болдук. Орусиядан болсо 30 миллион долларлык пайызы жок кредит бергиле деп сурандык, алар бул суроону карап жатышат.

Мындан тышкары Евразиялык экономикалык биримдиктин каатчылыкка каршы корунан бюджетти бекемдөө үчүн 106 млн. доллар алышыбыз керек болчу, бул да каралмак болду.

Дагы бир жетишкендик, Бишкекте энергетиктерди, инженерлерди даярдаган кыргыз-орус техникалык жогорку окуу жайы ачылат.

"Азаттык": Сиз айткан 14 миллиондук карызды кантип төлөп бересиздер?

Бабанов: Туура, бүгүн бизде бюджетте кыйынчылык болуп жатат. Бирок менин оюмча, Кыргызстан өз мойнундагы жоопкерчиликти биз кызматташкан өлкөлөрдүн астында толугу менен аткарыш керек. Ошондо гана биз ишенимге ээ болобуз. Биз башка өлкөлөргө болгон карыздарыбыздан да бара-бара кутулабыз.


"Азаттык": Бажы биримдигине кирүү Орусияда жүргөн миллионго чукул жарандарыбызга кандай таасирин тийгизет?

Бабанов: Бажы биримдигине кирчү болсок, мигрант деген, квота деген түшүнүктөр жоюлат. Биз Кыргызстандын мыйзамдарын Бажы биримдигинин мыйзамдары менен шайкеш келтирип, бул аймакта жашаган бардык жарандар төрт өлкөдө кенен иштей беришсе болот.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG