Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Бишкекте кыргыз-орус Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин 1-жыйыны өттү. 1-апрелден тарта ишке кирген фонд май айында насыя берүүгө киришүүнү пландаштырууда. Орусия 500 млн. доллар убада кылган фонддун мүмкүнчүлүгүнөн жергиликтүү ишкерлер натыйжалуу пайдалана алабы?

31-мартта Бишкекте Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин биринчи жыйыны болду. Кыргызстан тараптан директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө каржы министри Ольга Лаврова жана экономика министри Темир Сариев дайындалган.

Орус тараптан үч мүчө бар. Директорлор кеңешин орус өкмөтүнүн каржы министринин орун басары Сергей Сторчак жетектейт.

Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 31-мартта директорлор кеңеши фонддун жоболорун бекитип, башкармалыктын башчысы менен келишим түздү. Башкармалыктын башчылыгына Президенттик аппараттын Экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова дайындалганы маалым.

Уюштуруу иштери аткарылып, фонд иштей баштады дейт Темир Сариев:

Темир Сариев

Темир Сариев

​- Фонддун иши бүгүнкү күндөн тарта башталды. Бүгүн-эртең Орусия тараптан эки адам башкармалыкка келиши керек. Башкармалыктын беш мүчөсүнүн үчөө бизден, экөө алардын адиси болот. Башкармалыктын башчысы бүгүнкү күндөн баштап кадрларды тандап, кызматка ала баштайт. Фонддо бүгүнкү күндө 100 млн. доллар бар. Ал Улуттук банктын эсебинде турган. Аны биз фонддун эсебине которттук. Бүгүн-эртең дагы 50 млн. доллар түшөт.

Директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Сторчак фонд бир айдан кийин насыя бере баштарын жергиликтүү маалымат каражаттарына кечээ күнү билдирген. Орус өкмөтү бул фондго 500 млн. доллар которуп, дагы 500 млн. доллар насыя тартууга убада берген.

Май айынын экинчи жарымында директорлор кеңешинин экинчи отуруму болот. Мына ошол мезгилге карай фонддун башкармалыгы кеминде беш долбоорду даярдап, бекитүүгө алып келиши керек.

Фондго жыл аягына чейин дагы 200 млн. доллар түшөт.

Фондго жыл аягына чейин дагы 200 млн. доллар түшөт.

​Темир Сариевдин айтымында, 3 млн. долларга чейин насыяларды фонд коммерциялык банктар аркылуу, андан ашкан сумманы түз берет. Үстөк пайызы салыштымалуу төмөн болуп, мөөнөтү 5 жылга чейин. Фондго жыл аягына чейин дагы 200 млн. доллар түшүп, жалпы көлөмү 350 млн. долларга жетет. Калган сумма 2016-жылы келет.

Темир Сариев азыркы кезде башкы маселе сапаттуу долбоорлорду даярдоодо экенин белгиледи:

- Бизде азыр эң чоң маселе - ишкер адамдардын бизнес долбоор менен даярдыгы. Анткени биз көп өлчөмдө акча берүүгө даярбыз. Бирок ага ылайыктуу бизнес долбоорлор болушу керек. Биздин ишкер адамдар долбоорлорду өздөрү даярдап, алардын күрөөсү да болушу керек.

Фонддун башкармалыгынын башчысы Нурсулуу Ахметованын маалымдоосуна караганда, фонд Кыргызстан артыкчылык берген тармактарга насыя берүүнү колго алат. Бул агро өнөр жай, кайра иштетүү, тигүүчүлүк, инфраструктура жана тоо-кен тармактары. Насыялар доллар жана сом менен берилип, ал коммерциялык банктардын үстөк пайызынан төмөн жана мөөнөтү узак болот.

Нурсулуу Ахметова артыкчылык берилген тармактар тууралуу буларды атады:

- Биз эми эле ишти баштадык. Сунуштар түшө баштады. Биз аларды баалашыбыз керек. Биз Кыргызстандын экономикасы үчүн иштейбиз. Өнүгүү бир эле Бишкекте эмес, башка региондордо да тегиз болушуна аракет жасайбыз. Маселен, түштүк региондо жибекчиликти колдоого алуу болсо, Чүйдө сүт-этти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Доллар берчү долбоор жок

Кыргызстандагы жаш ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Руслан Акматбек жогорку деңгээлде эсептелген долбоорлорду түзүүдө жергиликтүү ишкерлердин чабалдыгы бар дейт:

- Атаандаштыкка түшүп, долбоордун артынан долбоор түзүү жок. Бул деле ишкерлердин кемчилиги. Бирок өкмөт бул жагынан колдоо көрсөтүшү керек. Бул эми ишкер бирикмелердин аткара турган иши да.

Руслан Акматбектин айтымында, өкмөт алдындагы стратегиялык изилдөө институтун Чыңгыз Шамшиев жетектеп турганда ишкерлерге долбоор түзүүнү үйрөтүп, долбоорлорду топтоп, англис тилине да которуп, маалыматтык базасын даярдаган. Ошондуктан бул ишти колго алса боло турган нерсе.

Биз көп өлчөмдө акча берүүгө даярбыз. Бирок ага ылайыктуу бизнес долбоорлор болуш керек.

Орусия мына ушуну менен Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө экинчи ирет ири өлчөмдө каражат бөлүүдө. Биринчиси - Курманбек Бакиевдин учурунда 300 млн. доллар насыя түрүндө берилген. Анын 100 млн. доллары Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга кетсе, калган бөлүгүн, 200 млн. долларды ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөт ар кандай муктаждыктарга жумшап жиберген.

Мына ошентип иш жүзүндө 300 млн. доллар насыянын көпчүлүгү дарексиз кеткенден орус өкмөтү жардам берүүнүн формасын өзгөртүп, биргелешкен Өнүктүрүү фонддун түзүүгө барды. Фонддогу каражатты көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн аны текшерүүгө укук Орусиянын Эсеп палатасына да берилди.

Узак мөөнөттүк жана үстөк пайызы аз насыяга муктаж болуп турган Кыргызстандын өнөр жай тармагына, ишкерлерге фонд олуттуу жардамчы болот деген үмүт бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG