Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:45

Орус премьери Медведевдин карыз доолашы Кыргызстандын “Дастан” заводуна ээлик кылууга байланышкан талаштуу маселени эске салды.

Буга чейин Москва советтик доордогу 190 миллион доллар карызды жойуу үчүн “Дастан” заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын талап кылып, бирок кыргыз өкмөтү ага көнбөй келген.

Доочунун доосу күчтүүбү?

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Орусияга болгон карызы учурда 490 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 300 миллиону 2009-жылы жеңилдетилген шартта 49 жылга насыяга берилген. 190 миллион доллар карыз болсо өз ара эсептешүүдөн келип чыккан эски карыз катары өткөн жыйырма жылдан бери чогулуп отуруп, төлөө мөөнөтү улам узартылып келген.

Орусиянын өкмөт башчысы Медведев Кыргызстандын премьери менен жолугушууда мына ошол эки башка карыздын суммасын бириктирип айтып, аны төлөө маселесин көтөрдү.

Каржы министрлигинин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, үч жүз миллион доллар карыз үстөк пайызы менен четинен өз убагында төлөнүп келе жаткандыктан аны шаштырып доолаганга негиз жок:

- Мына ошол 300 миллион доллар карыз 2014-жылга чейин ар жыл сайын белгиленген өлчөмдө төлөнөт. Бул эми макулдашууда бекитилген шарттар боюнча. Мына ошондуктан Кыргызстан өзүнүн милдеттемесин так аткаруу менен ар жылы өз убагынан кечиктирбестен ошол карызды үстөк пайызы менен кошуп төлөп келе атат.

Басым көрсөтүүбү?

Талдоочулар Орусиянын өкмөт башчысы 2009-жылкы макулдашуу боюнча “Дастан” заводунун 48 пайыз акциясына жана соода үйүнүн имаратына айырбашталган 190 миллион доллар карыз тууралуу айткысы келген болсо керек деген жүйөөнү карманышат. Анткени Орусия жакындан бери мурдагы макулдашууну кайра карап, карыздын ордуна “Дастан” заводунун 75 пайыз үлүшүн берүүнү талап кылган. Бирок буга чейин Кыргызстандын бийлиги ага көнбөй келген. Жолугушууда Кыргызстандын өкмөт башчысы Бабанов Медведевдин карыз боюнча суроосуна өнөктөштөр ортосунда чечилбеген маселе болбойт деп жооп берди.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Уран Ботобеков Москванын карызды колко кылышын басым көрсөтүү аракети катары баалады:

- Бул биздин мамлекеттин алдына коюлуп жаткан шарттардын жаңы түрү. Биздин мамлекеттин жетекчилиги эгерде алардын койгон шарттарына көнө турган болсо анда эл ага кандайча маани берет, мында биздин улуттук кызыкчылык корголобу же жокпу, ал башка маселе. Орусиянын жетекчилиги бизде оор жагдайлар бар экендигин билип туруп, ушуга окшогон маселелерди жарга такап, чечип алууга кызыкдар болуп жатат. Болбосо биздин мына ошол эски карыз союз мезгилинен бери келе жаткан карыз. Андан чоң миллиарддаган карыздарды Орусия бир катар мамлекеттерден эбак эле кечип жиберген. Бирок Кыргызстанга келгенде ага окшогон карызды улам эскертип, басым көрсөтүүчү рычаг катары колдонуп жатышат.

Кыргызстандагы бирден-бир аскерий өндүрүш катары каралган “Дастан” заводу Орусиянын кызыкчылыгын күчөткөнчөлүк бар экен. Анткени совет мезгилинде курулган бул уникалдуу заводдо орто алыстыкка атылуучу ракеталардын “шквал” тибиндеги аскерий торпедолор жасалат. Башка чет өлкөлөрдөн торпедо сатып алууга буюртмалардын көбөйө башташы Орусиянын стратегиялык маанидеги бул заводго карата кызганычын арттырып, ага ээлик кылуу аракети 2007-жылы эле башталган дешет саясат таануучулар.

Жогорку Кеңештин эл аралык маселер боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Батырбеков карыз доолагандын артында катылган сыр барын жокко чыгарбайт:

- Бул эми саясат. Айрыкча эки тараптуу мамилелерде саясат өтө кылдаттык менен жасалып, бир маселени билдирүү үчүн башка жагдайлар айтылат эмеспи. Орусиянын президенти Владимир Путин жанагы жогорку Нарын каскадын куруу демилгеси ишке кирише турганы боюнча айтканда Кыргызстандын карызы тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес. Анан эми өкмөт башчыбыз барган учурда бул маселе айтылып жатпайбы. Саясат деген өтө назик нерсе да.

2009-жылдагы макулдашууга ылайык “Дастан” заводунун 48 пайыз үлүшү жана соода үйүнүн имараты Орусияга өткөн. Бирок аны инвестициялоого шашпаган Орусия 2011-жылы аталган акциянын үлүшү карызды жойууга аздык кылат деген маселени көтөрө баштаган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG