Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Сокулук милициясында 11 адам кармалып турат


"Манас" аэропортундагы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери
"Манас" аэропортундагы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери

Кармалган 11 адамга “стратегиялык жолду бууган үчүн” деген айып менен милиция тарабынан проткол толтурулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаев билдирди. Жалпысынан бүгүн “Манас” аэропортунун жолунда милиция 15 адамды кармап кеткен. Алардын арасында төрт журналист болгон.

Учурда эки саат милицияда кармалып турган журналисттердин бардыгы бошотулду, бирок Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери дагы деле милицияда кармалып турат.

Бүгүн таңкы саат 3төрдө “Манас” аэропортуна Түркиядан конгон учактан “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кетти. Текебаевди кармоого каршы чыккан адамдар Сокулук милициясы тарабынан кармалган.

Текебаев учурда УКМКнын имаратында сурак берүүдө, ага адвокаты киргизилбей жатат. Окуядан улам, “Ата-Мекен” партиясы бүгүн өз тарапташтарын нааразычылык акциясына алып чыгуу менен партиянын чукул жыйынын өткөргөнү жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG