Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Кыргыз-орус фондунун маянасы талкууга түштү


Иллюстрация
Иллюстрация

Түзүлгөнүнө бир жылдан ашкан Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 1 млн. доллардан ашуун акчаны жалаң айлык акыга короткон. Ал эми бул аралыкта 500 млн. доллар уставдык капиталдын 40 млн. доллары гана ишкерликти өнүктүрүүгө берилген.

10 миң долларга жеткен маяна

Буга чейин Твиттер социалдык тармагында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси 10 миң доллар айлык алат экен деген маалымат кызуу талкууланган. Ага улай эле “Капитал” телепрограммасы Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринин айлык акылары тууралуу маалыматты жарыялады.

Аталган программанын редактору Назгүл Коңурбаева кызматкерлердин айлык акысы алардын Социалдык фондго которгон төлөмдөрүнөн улам болжолдуу түрдө эсептелгенин “Азаттык” менен бөлүштү:

- Соцфонддун берген маалыматы боюнча, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун айлык акы фонду 6 млн. сом. Муну азыркы орточо курс менен долларга которгондо 94 миң доллар болду. Фонддо отуз киши иштейт экен. Орто эсеп менен бөлө келгенде ар бир кишиге үч миң доллардан туура келип жатат. Бирок бардык кызматкерлер бирдей маяна албасын эске алып, иерархия түзүп санап көрдүк. Иерархия боюнча фонддун жетекчисинин бир айлык акысы 10 миң доллардын айланасында болууда. Бул болжолдуу маалымат. Бирок Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун бир айлык маяна фондусу 94 миң доллар деген Социалдык фонд тарабынан берилген так маалымат.

"Капитал" берүүсүнүн эсептөөсүнө таянсак, учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы ай сайын 10 миң доллар маяна алса, эң төмөнкү айлык 900 доллар. Жалпысы болуп, 30 киши эмгектенген Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ай сайын айлык акысы үчүн 94 миң доллар коротот.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кызматкерлеринин айлык акысы жөнүндө маалымат жабык экенин билдирди. Фонддон “Азаттыкка” келген расмий катта айтылгандай, кызматкерлер кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алышпайт. "Айлык акы фондго Орусия тарабынан салынган уставдык капиталга төлөнгөн салымдардын эсебинен төлөнөт" деп айтылат катта.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзүү боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишим 2014-жылы октябрда түзүлгөн. Ал эми фондго жетекчи дайындалып, ишке киришкен учуру 2015-жылдын январь айына барат. Эсептеп көрсөк, бир жылдан ашуун убакта фонд 1 млн. доллардан ашык каражатты жалаң кызматкерлердин айлык акылары үчүн короткон болуп чыгат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өзү берген маалыматка ылайык, фонд 23 млн. доллар гана долбоорлорду каржылоого берилген. Ошондой эле РСК жана "Айыл банк" аркылуу 1 млрд. 200 млн. сом чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн берилген. Бул сумманы долларга айландырып санаганда, жалпысынан баары 39 млн. долларлык насыя өнүктүрүү фонду тарабынан берилген.

Алган акчаны акташ керек

Ишкер, экономист Эльдар Абакировдун пикиринде, 1 млрд. долларлык капиталга эсептелген фонд үчүн бир жылдан ашуун убакта 39 млн. доллар гана насыяга берилиши өтө аз сумма. Анын айтымында, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы коммерциялык банктардын бирине айланып калды:

- Берилген насыялардын көлөмү албетте аз. Башында фондду банкка айландыралы деген максат жок болчу. Максат акчаны ага муктаж болгон ишкерлерге жеткирип, жумуш орундарына таасир эткен аракеттерди ишке ашыруу болгон. Бирок натыйжада андай болбой, акча иштебей турат. Фонд акчасын банктар аркылуу эле таратып салса болмок. Кыргызстанда жыйырмадан ашык банк болсо, ошолордун жок дегенде жарымы менен иштешсе болмок. Ар бир банк өз кардарларын жакшы тааныйт, акча тез тарап, экономикага кирип кетмек. Акчаны кайтаруу милдетин да банктар өздөрүнө алмак. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

30 киши эмгектенген Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ай сайын айлык акысы үчүн 94 миң доллар коротот.

Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы коммерциялык жана инвестициялык банктардын жетекчилери орто эсеп менен айына 10-15 миң доллардын айланасында айлык акы алышат. Бирок ошого жараша алар банктагы капиталдын кирешесин арттыруу үчүн аракеттенерин белгилеген Абакиров Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кызматкерлери алган акчасын актабай жатышат деп кошумчалады.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин экономикасын жаңыртуу жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Фонддун расмий сайтындагы маалымат боюнча, фонд эл аралык макамга ээ жана ошондой эле өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша эл аралык келишимдерди түзө алат. Фонддун негизги капиталы 1 млрд. доллар, ал эми уставдык капиталы 500 млн. доллар. Уставдык капитал Орусия тарабынан берилген.

Убада кылынган 500 млн. доллардын 350 млн. доллары фонддун эсебине которулган. Мунун ичинен 250 млн. доллары Орусиянын банктарында турганы ачыкталып, муну фонд Орусиянын банктык эсептеринде жаткан каражат көбүрөөк киреше алып келиши менен түшүндүргөн. Ушундан улам айрым жергиликтүү ишкерлер бул фонд Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн түзүлгөнбү же Орусиянын экономикасын өнүктүрүү үчүнбү деген суроону коюшууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG