Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Азимжан Аскаровга карата өкүм окулууда


Слт залы.
Слт залы.

Чүй облустук сотунда Азимжан Аскаровдун өкүмү окула баштады.Учурда ишти караган соттук коллегиянын төрагасы Кыдык Жунушпаев өкүмдү окуп жатат.

65 жаштагы укук коргоочу Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын камалышынын мыйзамдуулугун кайра карап чыгууну сунуш кылган.

Мындан соң Чүй облустук сотунда иш кайрадан карала баштаган.

Жараяндын жүрүшүндө укук коргоочуга акыркы сөз бергенде ал күнөөсү жок экенин айткан.

Прокурорлор Аскаровдун буга чейинки өкүмүн калтырууну сурап жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG