Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Ошко газ берүүнү Орусия чечет


Көп кабат үйдө жашаган Ош шаарынын айрым тургундары газ жоктугунан минтип балконго темир меш орнотуп алышкан.

Көп кабат үйдө жашаган Ош шаарынын айрым тургундары газ жоктугунан минтип балконго темир меш орнотуп алышкан.

“Газпром” Кыргызстандын түштүгүндөгү газ кризисин тез арада жоюуга убада берип, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү баштаганы жатат.

Энергетикалык ири долбоорлорду ишке ашыруу маселесин болсо эки тарап Москвада эмес, Бишкекте талкууламай болушту. Жакын арада бул максатта “Интер РАО ЕЭСтин” жетекчилиги Кыргызстанга келет.


"Газпром" катуу киришти


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Москвадагы иш сапарынын алкагында 30-апрелде “Газпром” компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен жолукту. Анда Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотушу боюнча да маселе козголуп, "Газпром" аны жакын арада чечүүгө убада бергенин "Азаттыкка" Москвага барган топтун курамында жүргөн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди:

- Маселени чечүүгө “Газпром” катуу киришти. Алар жоопкерчиликти мойнуна алып, ошол жерден бизге сөз беришти. Бүгүн-эртең чече калабыз деген жок, бирок Өзбекстан менен мамилелери бар экенин айтып, ошого жараша чечебиз деди.

Министрдин айтымында, сүйлөшүү учурунда “Газпром” компаниясы Кыргызстанды кышында үзгүлтүксүз газ менен толук камсыздоо, жакынкы аралыкта инвестиция салына турган объекттерди аныктоо, 2015-жылдан тарта жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук менен ысык сууну газ аркылуу киргизүү боюнча план иштелип жатканын маалымдаган.

“Газпромдун” кыргыз рыногуна кирүүсүн кубаттаган экономикалык көз карандысыз эксперт Базарбай Мамбетов Оштогу газ кризисин чечүү “Газпромдон” мурда кыргыз өкмөтүнүн деле колунан келмектигин, бирок алар колунда бар рычагды пайдалана албай калганын сындады.

- Өзбекстан газды “Газпромго” чейин эле жаап жаткан. Эми “Газпром” өзбек тарап менен сүйлөшүп газды ачабыз деп жатат. Биздикилер ошол маселенин үстүнөн иштегендин ордуна башкача кылып жатат. Эмнеге Өзбекстан бизге газды жаап койсо, биз Ташкенге барып, жайында мынча куб суу беребиз деп протоколго кол коёт? Менин президентим, же өкмөт башчым коё тур деди деп барбай эле койгондо, өзбектер газды эки жума мурун эле чечмек.

Саясат таануучу Аалыбек Акунов болсо токтотулган газ проблемасын чечүү укугу “Кыргызгаздын” сатылышы менен эбак эле Орусия тарапка өтүп кеткенин эскертип, эми Кыргызстан кандай болгон күндө да Орусиянын көзүн кароого мажбур экендигин белгилейт.

- Алексей Миллер келгенде деле бир кыйытып айткан эле. “Силердин алган газыңар таптакыр эле аз экен, бул бизге анча деле көп кызыкчылыкты туудурбайт” дегендей бир сөз айткан да. Анан ушул жөн эле бир кайдыгерлик менен, “чоң бир иш болсо көбүрөөк көңүл бурат элек, эми бул канча газ эле” дегендей эле мамиле кылып жатышат деп ойлойм. Маселенин чечилишин күтүп, Орусиянын көзүн карап турганыбыз өкүнүчтүү.

“Кыргызгаз” ишканасынын орусиялык “Газпром” компаниясына өтүшү боюнча келишимге 10-апрелде Бишкекте кол коюлган. Мындан көп узабай эле, 14-апрелде коңшу Өзбекстан өлкөнүн түштүк аймагына газ берүүнү токтоткон болчу. Ошондон бери ал жакта газ жок.


Кыйыр түрдөгү кысымбы?


30-апрелде кыргыз тарап энергетикалык долбоорлордун тагдыры боюнча “Интер РАО ЕЭСтин” жетекчилиги менен да жолукмак. Бирок өкмөт башчылар Жоомарт Оторбаев менен Дмитрий Медведевдин кечээки жолугушуусунда энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун Бишкекте талкуулоо зарылдыгы айтылып, “Интер РАО ЕЭС” жетекчилиги жакынкы арада Кыргызстанга келээри чечилген.

- Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын каржылоо маселеси козголду. Бизге 100 миллион доллар керек. Ошол акчаны Евразиялык банктын антикризистик фондунан бөлүп берүү маселеси, буйурса оң жагына чечилип жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча “Интер РАО ЕЭС” менен программабыз бар да. Бардык энергетикалык долбоорлор, инвестициялык иштерди ишке ашыруу маселелери Бишкекте талкууланмай болду. Жакында “Интер РАО ЕЭСтин” жетекчиси Бишкекке келгени жатат, - деди министр Артыкбаев.

Саясат таануучу Аалыбек Акунов орус делегациясы Кыргызстанга келген күндө деле энергетикалык долбоорлор ишке ашып кетет деген ойдон алыс экендигин белгилейт. Анын баамында, Кыргызстан кичинекей өлкө болгону менен, анын Бажы биримдигине кирүүсү Орусиянын эл аралык абалына жакшы таасирин берет. Мындан улам Орусия кыйыр түрдө энергетикалык долбоорду жандантымыш болуп, Кыргызстанга бул биримдикке кирүүгө тымызын басым жасашы толук мүмкүн.

- Канча жолу Москвада же жеринде чечебиз деп, барып-келип жатышат. Мына алты жыл болду. Камбар-Ата-2 ГЭСи башталганда эле Камбарата-1 туурасында кошо сөз болуп, бирок иш жүргөн жок да. Алар Кыргызстанды тизгиндеп, өтө алыс кетирбей, өзүнө да жакындатпай кармап туруу саясатын жүргүзүп жатат. Башка бир потенциалдуу инвесторго кетип калбасын деп, ошол объекттерди алып коюп, же өзү толугу менен киришпейт, же башкага бербейт. Эми Бажы биримдигине кирбесеңер иш жылбайт дегендей кылышы мүмкүн.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Москвага биринчи жолку иш сапары кечээ, 29-апрелде башталган. Ал орус премьери Дмитрий Медведев менен жолугуп, Бажы биримдигине кирүү жагдайлары боюнча сүйлөшкөн. Дмитрий Медведев Бажы биримдигине кирүү боюнча “Жол картасындагы” көйгөйлөрдү чечүүгө орус тарап кызыкдар экенин айтып, ошол эле учурда Кыргызстандын бийлиги тарабынан дагы тийиштүү кадамдар жасаларына үмүт артарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG