Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" жана "Республика" фракциялары "Кыргызгаз" ишканасын орусиялык "Газпром" компаниясына сатуу боюнча келишимди жактырган жок.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынын мүчөлөрүнүн жүйөсүндө, “Кыргызгаз” ишканасын орусиялык “Газпром” компаниясына сатуу жараяны бир катар мыйзам бузуулар менен коштолууда.

“Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Акматбек Келдибековдун айтымында, “Кыргызгаз” сыяктуу мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ ишкана толугу менен башка өлкөнүн ээлигине берилбеши керек.

- “Кыргызгаз” сыяктуу стратегиялык, мамлекеттүүлүктү түзгөн ишканаларды кайсы мыйзамдын негизинде сатабыз деп жатканыңарды мен түшүнбөй турам. Азыр болсо жөн отуруп эле муну 100 пайыз сатабыз деп жатасыңар. Кайсы мыйзамдын негизинде? Менчиктештириле турган ишканалар боюнча программага кирдиби? Андай программага да кирген эмес. Бүгүн "Кыргызгазды" бербесек болбойт, түтүктөр иштен чыгат, эртең газсыз калабыз деп келатканына 10 жылдан ашты. Бул жомок. Мунун ордуна аны капиталдык ремонттон өткөрүш керек болчу.

Ошондуктан Келдибеков “Кыргызгазды” толугу менен “Газпромго” бербестен, келишимди жаңыдан иштеп чыгып, үлүштөрдү кайрадан бөлүштүрүүнү сунуштады.

“Республика” фракциясы болсо “Кыргызгаз” менен биргеликте ишкана ээлик кылган 40 гектардан ашык жер тилкеси, газ куурлары “Газпромдун” менчигине өткөрүлүп жатканына каршы чыкты. Аталган фракциянын лидери Назарали Арипов “Кыргызгаздын” бүтүн бойдон 1 долларга бааланып сатылышы Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбейт деген ойдо:

- Негизинен, биз “Газпром” менен кызматташууга каршы эмеспиз. Элибизге арзан газ керек. Бирок келишимдин айрым пункттары суроо жаратууда. Маселен, “Кыргызгаз” менен биргеликте 40 гектар жердин кетип жатышы, бул ишкананын атайын бааны бычуусу, агенттиктердин баалоосунан өтпөй туруп, 1 долларга сатылышы биздин өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бербейт. Ошондуктан биздин фракция бул келишимге каршы добуш берди.

“Кыргызгазды” шарттуу түрдө 1 долларга “Газпромго” сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге быйыл июнда Москвада кол коюлган. Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилет. Орусиянын “Газпромуна” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иштейт. Ошондой эле “Кыргызгаздын” бюджетке 600 миллион сом, Казакстанга 13 миллион доллар карызын төлөө милдетин алат.

Тургунбек Кулмурзаев

Тургунбек Кулмурзаев

Оппозициячыл фракциялардын жыйынына катышкан өкмөт мүчөлөрү болсо дал ушул эле жүйөлөрдү келтирип, бул келишим Кыргызстанды үлгүлтүксүз газ менен камсыз кылат деп ишендирүүдө. “Кыргызгаз” ишканасынын директору Тургунбек Кулмурзаев:

- “Газпром” 20 миллиард рубль же 670 миллион доллар деңгээлинде инвестиция жасап, бүт инфраструктураны жаңыртабыз деп жатышат. Бул акча кайтарымсыз болот. Биз бул жерден утуп гана жатабыз. Экинчиден, газ сактоочу жайларды курат. Анан эң чоң маселе - газды туруктуу жеткирип турабыз деген кепилдик берип жатышат. Баасы да арзан болгону жатат.

Бирок өкмөт мүчөлөрүнүн мындай убадалары оппозициячыл депутаттарды ынандыра алган жок. Акыркы чечим эми парламенттин жалпы жыйынында каралат. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бул келишимди Жогорку Кеңеш колдоп берет деген ишенимде.

- Депутаттар бул келишимди колдойт деп ишенем. Анткени өтө олуттуу маселе болуп турат. Бул маселени чечиш керек. Парламент бул келишимди колдойт деп үмүттөнөм.

Министр айткандай, “Кыргызгаздын” маселесин чечүү өкмөт үчүн өтө олуттуу маселе болуп турат. Анткени быйыл жаңы жылга чейин бул маселени бир жаңсыл кылып, өлкөнү кийинки жылы газ менен камсыз кылууну же “Газпром” колго алышы керек, же өкмөт Казакстан, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Анын үстүнө газ маселесине келгенде Казакстан, Өзбекстан менен сүйлөшүүдө жыл сайын маселе жаралып келет.

Саясий эксперт Марс Сариев өкмөт болгон мүмкүнчүлүгүн колдонуп, бул келишимди өткөрүүгө аракетин жумшайт деген пикирде:

- “Кыргызгаздын” маселеси саясий маселеге айланып калды. Эгерде маселе созулуп, жыл аягына чейин документтер кабыл алынбай калса, газ берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондо чаң-тополоң башталат. Ал эми оппозициялык фракциялар муну саясий максатта, өз кызыкчылыгына ылайык колдоно баштады. Өкмөт да аларга көз каранды болуп, муну өткөрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Жада калса соодалашууга да барышы мүмкүн.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу туура чечим болгонун билдирип, Кыргызстанга “Кыргызгаз” эмес, газ керек экенин бир нече курдай билдирген болчу.

“Кыргызгаз” өлкөнү газ менен камсыз кылчу жападан-жалгыз ишкана. Анын 90 пайыздан ашуун үлүшү мамлекетке таандык, ал эми калган бөлүгү жеке жактарга тиешелүү. Кыргызстан аймагында 3574 чакырым газ түтүгү бар. Кыргызстан жылына 1 млрд. куб метр газ пайдаланат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG