Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

"Кыргызгаз" 1 долларга бааланды


Кыргызстан “Кыргызгазды” сатууну чечти. Компанияны баалоо иштери соңуна чыгуу алдында турат. Өкмөт башчы “Кыргызгазды” 1 долларга сатууну колдоп чыкты.

“Кыргызгаздын” жетекчисинин орун басары Куралбек Наскеевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан “Кыргызгазды” активдери жана карыздары менен сатууга даяр:

- Биз элге туруктуулук болуш үчүн 1 долларга деле сатканга даярбыз. Азыркы кезде “Кыргызгазды” баалоо жүрүп жатат. Мурдагы карыздары менен кошо активдерди бергенге даярбыз.

Наскеевдин маалыматы боюнча, “Кыргызгаздын” 75% акциясы "Газпромго" 1 долларга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр 20-декабрда Москвада жүрдү. Бирок анын натыйжалары боюнча азырынча маалымат жок.

Президент Алмазбек Атамбаев да 20-декабрда Москвада “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушуп, Кыргызстан калкын газ менен камсыздоо маселеси, инвестиция боюнча сүйлөшүү өткөргөн. Президент Атамбаев менен кошо Москвага “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин барганы да маалым.

Куралбек Наскеевдин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Орусия “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча бир пикирге келишсе, анда үч айдын ичинде “Кыргызгаз” Орусиянын менчигине өтөт.

“Кыргызгаз” бир долларга бааланып жатканын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да 19-декабрда билдирген:

- Биз “Кыргызгазды” 1 долларга эле баалаганбыз. 1 эле долларга. Андан сырткары мурунтадан бери келаткан карыздарыбыз бар. Ошону жаап бергиле деген сунуштарды бергенбиз.

"Делойт Туш" компаниясы “Кыргызгаздын” активин санап жатат. Маалыматка караганда, компаниянын карызы 38 млн. доллар деп эсептелүүдө.

Жогорку Кеңештеги отун-энергетика комплекси жана жер казынасы боюнча комитетинин мүчөсү Азамат Арапбаев кыргыз өкмөтү коррупциялык схемаларды жойо албай, ишкананы натыйжалуу иштете албагандыктан “Кыргызгазды” сатууга баратат деп эсептейт:

Азамат Арапбаев
Азамат Арапбаев
- Биздин өкмөттүн кубаты-кудурети жетишпей жатат, элибизди газ менен камсыздоого. Тескерисинче газсыз калтыруу корунучун келтирип жатат. Орусиянын компаниясы келип, “Кыргызгазга” ээ болсо, көгүлтүр от менен толук камсыз болууга шарт түзүлөт.

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбеталиев маселе “Газпром” сала турган инвестицияда да дейт:

- “Газпром” 500 млн. доллар инвестиция салып, түштүк аймактарда чалгындоо, изилдөө ишин жүргүзөбүз, газ өндүрүүнү көбөйтөбүз деп убада берип жатат.

Үмбеталиевдин пикиринде “Кыргызгазды” сатууга ал компанияда 20 жылдан бери токтолбой келаткан коррупциялык схемалардын жоюлбашы, ишкананын ишинде жылыш болбой жатышы себеп болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG