Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Кыргызстан жана Тажикстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү максатында ири ГЭСтерди курууга аракеттенүүдө. Кошуна Өзбекстан алардын курулушу менен суу тартыштыгы күчөп, бул аймактагы туруксуздукка алып келерин эскертип келет. Акыркы мезгилде ГЭСтердин курулушу боюнча тараптардын кайым айтышуусу күчөдү.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги региондогу суу-энергетикалык кызматташуу, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча билдирүү таратты. Анда Кыргызстан ГЭСтерди куруу менен Нарын дарыясынын этек жагында жайгашкан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске албай жатат деген Ташкен тараптан айыптоолорун четке каккан. Региондун суу-энергетикалык ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча келишимдер Өзбекстандын айынан аткарылбай жатканы айтылган.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна токтолгон министрлик, ал ГЭСтин долбоору СССРдин мезгилинде Ташкендеги “Гидропроект” институтунда даярдалганын, анын демилгечиси Кыргызстан эле болбогонун эскерткен.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип курууну сунуштап келатат. Казакстандын ортомчулугу менен өткөн жылы 5-октябрда Алматыда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде бул маселе талкууланып, бирок кийинки жолугушууларга өзбек тарап келбей койгон.

"Өзбек тарап чек араларды аралап өтүүчү сууну пайдалануу боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвециясын көп айтат, бирок конвенциянын сууну адилет жана акыл менен пайдалануу принцибин унутуп койгондой. Өзбекстан эч ким менен кеңешпей, экологиялык экспертиза өткөрбөй эле суу сактагычтарды куруп алганын кандай түшүнсө болот" деп билдирүүдө белгиленген.

Кыргызстандын министрлиги мындай билдирүү таратканга чейин Өзбекстандын расмий маалымат каражаттарында Кыргызстан менен Тажикстандын Камбар-Ата жана Рогун ГЭСтерин куруу аракеттери кескин айыпталып, бул өлкөлөр “гидроманипулятор” катары аталган. Эки өлкө сейсмикалык жактан опурталдуу жерде, ойлонбостон ири курулуштарды куруп, катастрофага жол ачууда делген.

Энергетика боюнча кыргызстандык эксперт Расул Үмбеталиев Кыргызстандын Энергетика министрлигинин билдирүүсүн жумшак катары баалап, Өзбекстандын Камбар-Атага каршы чыгышын башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары аталыш керек дейт:

- Кыргызстан өзүнүн жеринде, өзүнүн суусун кантип пайдаланат, аны кантип иштетет - бул Кыргызстан элинин эркиндеги иш. Аны Кыргызстандын эли чечиш керек.

Рогун ГЭСи

Рогун ГЭСи

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда Өзбекстан менен кандай мунаса болуш керек деген суроо жаралбай койбойт. Саясат таануучу Марат Казакпаев бул маселеде Кыргызстан ачык болуп, Өзбекстанды кызматташууга чакырып жатат дейт. Андай сунушту президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын соңунда өткөргөн маалымат жыйынында дагы бир жолу айтканын саясат таануучу эске салат.

"Эгерде Өзбекстан өз каршылыгын жазбаса, анда Кыргызстан Орусия менен биргеликте ГЭСти кура бериш керек" дейт Марат Казакпаев:

- Бул долбоор Кыргызстандын ички иши. Орусия бул долбоорду жүргүзүп жатат. Ошон үчүн биз Өзбекстандан коркпошубуз керек. Кура бериш керек. Анын үстүнө Орусия "биз өзүбүз жооп беребиз" деген. Азыр техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп жатат. Орусия киргенден кийин аны эл аралык экспертиза деп эсептесе болот. Өзбекстан долбоорго кирбесе, кирбей эле койсун.

Марат Казакпаевдин айтымында, Кыргызстан ГЭСти куруу боюнча Орусияга шартты түзүп берип, долбоорду турмушка ашыра бериш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG