Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:54

Орусиядан Бишкекке гидроэнергетикалык ири долбоорлорду талкуулоо үчүн өкмөттүк делегация келди.

Москвада чыгуучу “Коммерсант” басылмасы муну утурлай Орусия Кыргызстандын болочок ГЭСтеринин курулушуна катышуу үчүн эми алардын мурдагыдай 50 эмес, 75 пайыз акциясын талап кыларын жазып чыкты.

Кыргызстандык саясатчылар менен эксперттер, маселен, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча мындай алака-катыш Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына жооп бербей турганын айтышууда.

Гидроэнергетикада Орусия менен Кыргызстандын ортосунда талкууланып, бирок ишке аша албай жаткан эки ири долбоор бар. Биринчиси,
Камбар-Ата-1 ГЭСи.

2008-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимден кийин аны куруу үчүн Орусиянын “Интер РАО ЕЭС” компаниясы менен Кыргызстандын “Электр станциялар" акционердик коому 50 пайыздан тең үлүшкө ээлик кылган биргелешкен ишкана уюштурушкан.

Андагы макулдашууга боюнча Орусия бул биргелешкен ишканага аталган ГЭСтин курулушу үчүн 1,7 миллиард доллар насыя бермек. Бирок макулдашуу бир катар себептерден улам азырынча кагаз жүзүндө гана калууда.

Экинчи долбоор – Сары-Жазда жана Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүндө ГЭСтердин каскадын куруу. Бул долбоорлорду ишке ашырууга Орусия тараптан “РусГидро” компаниясы катышмак.

Роза Отунбаева, Камбар-Ата-2 ГЭСинде, 30-август, 2010-жыл

Роза Отунбаева, Камбар-Ата-2 ГЭСинде, 30-август, 2010-жыл

Эми Кремлге жакын олигархтардын бири көзөмөлдөгөн “Коммерсант” гезити дүйшөмбү күнкү санында орус өкмөтүндөгү булактарына шилтеме жасап жазгандай, орусиялык энергетиктер Бишкекке кыргыз тарапты кубандырбай турган сунуштарды алып бара жатат.

Москва болочок ГЭСтердин мурда айтылгандай 50% эмес, 75 пайызын алгысы келет. Бул үчүн 2008-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашуу да кайра каралуусу абзел.

Москвадагы бейөкмөт мекеме – Энергетика жана каржы институтунун талдоочусу Сергей Кондратьев “Азаттык” менен маегинде Москванын жаңы талаптарынын маанисин мындайча чечмеледи:

- Орусиялык тарап каржылоо боюнча негизги жүктү тартат, ошол эле учурда орусиялык тарап үчүн тобокелчилик да чоң. Кыргызстан үчүн болсо эң башкысы ГЭСтин курулушун колдон келишинче тезирээк бүткөрүү жана тарифтин төмөндүгү. Ал эми орусиялык тарап, ошол эле “Интер РАО ЕЭС” үчүн долбоордон киреше табуу керек. Менимче орусиялык тарап 50% үлүш менен сала турган инвестициясына шайкеш келген кирешени талап кыла аларынан күмөсүнүп турат. Ушундан улам орусиялык тарап объектти жок дегенде корпоративдик деңгээлде жеңилирээк көзөмөлдөөгө жетишиш үчүн максималдуу үлүш алууга умтулууда. Мындан сырткары, албетте, мамлекеттик тескөө деңгээли бар. Орусия тараптын каалаганы - ыктымал корпоративдик жаңжалдар менен байланышкан тоскоолдуктардын азайтылышы.

Москвалык талдоочу Сергей Кондратьев “Азаттык” менен маегинде Орусиянын жаңы сунуштарына кыргыз тарап шектенүү менен мамиле жасарын жокко чыгарган жок. Бирок, анын пикиринде, эгер Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин чындап кургусу келсе эки жол бар. Биринчиси, Орусиянын сунушуна көнүү. Экинчиси, эгер 50 пайыздык үлүштү сактагысы келсе, ГЭСтин курулушуна кетүүчү чыгымдагы үлүшүн көбөйтүү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, 2008-жылкы өкмөттөр аралык макулдашууну өзгөртүү боюнча Орусия тараптан расмий сунуш түшө элек. Бул алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн предмети болушу мүмкүн:

- Президент барып келгенден кийин эми жумушчу топтор түзүлүп, делегациялар деңгээлинде сүйлөшүүлөр башталат. Маселелердин баары ошондо талкууланат. Бизде башка эч кандай маалымат жок. Орусия тараптан эч кандай сунуш түшкөн жок.

Москва менен Бишкек Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырары президент Алмазбек Атамбаев жакында ЕврАзЭШтин саммитине барганда, Орусиянын шайланган президенти жана премьер-министри Владимир Путин жолуккандан кийин белгилүү болду.

Атамбаевдин Москва сапарынан кийин 22-мартта ага Путиндин жакын адамдарынын бири, орус өкмөтүнүн вице-премьери Игорь Сечин телефон чалып, делегация барарын кабарлаган.

Жогорку Кеңештин энергетика тармагын тейлеген комитетинин мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Райкан Төлөгөнөв Орусиянын 75% жөнүндөгү сунушу Кыргызстан үчүн кабыл алынгыс деп эсептейт:

- Бул көз каранды кылуучу келишим болот. Эгер айыл чарбада бир ири долбоор жасап, ошондой үлүштү койсо түшүнүктүү болот эле. Себеби ал опурталдуу. Ал эми энергетикада тобокелчилик жок. ГЭС курулуп бүтсө, андан өндүрүлүүчү энергияга кардар табылат. Биз, тескерисинче, үлүштүн 60 пайызы мамлекеттики, 40% башка бирөөнүкү десек, инвестор четинен чыгат. Орусиянын 75% дегени, балким, маалымат чабуулубу, билбейм. Бирок таза экономикалык жактан алганда акылга сыярлык эмес. Мындай шартта эч качан бербешибиз керек.

Орусиянын 75% үлүш жөнүндөгү сунушуна кыргыз бийлиги көнбөсүн “Коммерсант” басылмасы да белгилеп, Кыргызстандын ири гидроэнергетикадагы экинчи ыктымал өнөктөшү катары Кытайды атаган.

Адистердин айтымында, чоң суу сактагычтуу ГЭСтердиги үлүштүн басымдуу бөлүгүн болочок инвесторго берүү Кыргыстан үчүн суу ресурстарын башкаруудан кол жуу дегенди туюндурат.

Энергетика боюнча адис Райымбек Мамыровдун пикиринде, Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүндө суу сактагычсыз куруу мерчемделген ГЭСтердин каскады боюнча инвестордун үлүштү көбөйтүү сунуштарын карап көрсө болот, бирок Камбар-Ата-1 боюнча кеминде 50 пайыздык үлүштөн четтебөө абзел:

- Камбар-Ата-1ден кийин, Камбар-Ата-2, эң негизгиси Токтогул ГЭСи турат. Токтогул ГЭСинин суу сактагычы - Кыргызстандын башкы рычагы, бул биздин Борбор Азия өлкөлөр менен алака-катышыбызга байланышкан маселелерди аныктайт. Андыктан Камбар-Ата-1 боюнча башка үлүш тууралуу сөз кылууга болбойт. Кыргызстандын үлүшү 50 пайыздан кемибеши керек.

Суу демекчи, АКШ чалгын мекемелеринин анализдерине таянуу менен өткөн аптада жарыялаган баяндамада жакынкы он жылдан кийин чек араларды кесип өткөн дарыялардын бассейниндеги суу ресурстары рычаг катары улам көбүрөөк колдонулары белгиленген. Ал баяндамада Борбор Азия суудан улам жакынкы отуз жылда чыңалуу өсүшү мүмкүн аймактардын бири катары көрсөтүлөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG