Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:23

​Бишкектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму талкуулаган башкы маселе өлкөдөгү энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун күңгөй-тескейи болду.

Кыргыз өкмөтү орусиялык кесиптештерине ири гидроэнергетикалык долбоорлорду каржылоо маселесин кабыргасынан коюп, келишимди так аткарууга чакырды. Отурумда тараптар орток пикирге келгени айтылганы менен эксперттер Орусия тарап жакынкы жылдарда ГЭСтердин курулушуна киришпесин так айтышууда.

4-декабрда Кыргызстандын ГЭСтеринин курулушу жабык талкууланды. Маалым болгондой, премьер-министр Темир Сариев орусиялык кесиптештерине токтоп калган долбоорлорго жан киргизүүнү сунуштап, жакынкы аралыкта ишти баштоого чакырды.

Ишеничтүү булактар кабарлагандай, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун токтоп калышына байланыштуу кыргыз тарап бул ишти жүзөгө ашырууга башка өлкөлөрдөн инвесторлорду чакырууга мажбур болору айтылды.

Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунан кийин премьер-министр Темир Сариев талкуу курч мүнөздө өткөнүн журналисттерден жашырган жок.

- Өзгөчө көңүлдү Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна бурдук. Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 долбоорунун курулушу биздин талкууда курч суроо болду. Мындан башка газ жаатындагы сүйлөшүүлөргө токтолдук.

Коңшунун уруксаты жок ГЭС курулбайт

Орусиядагы финансылык каатчылык Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушуна стратегиялык шериктин колу-бутун тушап жатканын жергиликтүү адистер айтышууда.

Камбар-Ата-1 долбооруна 2012-жылы кол коюлганы менен ушул кезге чейин курулуштун кылы кыйшайбай кагаз бетинде гана калууда. Ал эми Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын алгачкысы кийинки жылы ишке берилет деп айтылганы менен каржылоонун токтоп калганы кыргыз өкмөтүн ойлондуруп, бийик жолугушууларда сөздү ГЭСтерден баштоого түртүүдө.

Саясат талдоочулар Орусия тараптан ГЭСтердин куруу маселеси экономикадан геосаясатка өтүп кеткенин белгилешет. Айрыкча ири гидроэнергетикалык долбоорлорго коңшу Өзбекстандын каршы чыгып жатканы да Орусияны бир жаңсыл кыймылдатпай жатканын саясат талдоочу Эмил Жураев белгилөөдө.

- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги саясатта Өзбекстандын ролу абдан чоң. Орустардын Борбор Азияда кандай гана кызыкчылыгы болбосун бул жерде Өзбекстандын да орду бар. Экинчиден, бизде ГЭСтерди куруп жаткан орус компаниясынын абалы Орусиянын өзүндө финансылык кыйынчылыктарга кабылып жатат.

Гидроэнергетикалык долбоорлорду каржылоо - экономикалык маселелерден улам болуп жатканын кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда Орусия тараптан комиссия башчысы, бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов да кыйытып өттү. Мындан улам Орусия кийинки жылы гана каржылоо жагын караштырып көрмөкчү.

- Энергетикалык каскаддын курулуштары субъективдүү, объективдүү себептерден улам токтоп калды. Менимче, кийинки жылдан баштап каржылоо программасы кайрадан жанданат. Бүгүнкү жолугушууда эксперттер бир пикирге келишти. Бул да болсо тараптардын жетишкендиги деп айтаар элем.

Инвестор неге жүзүн бурду?

Белгилүү болгондой, Жогорку Нарында ГЭСтерди курууга Орусиянын "Русгидро" компаниясы тартылса, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга "Интер РАО" тартылган. Бирок, “Интер РАО” бул долбоорго кызыкчылыкты таптакыр жоготконун жергиликтүү адистер ишеничтүү айтууда.

Энергетика жаатындагы эксперт Эрнест Карыбеков Орусия жакынкы жылдарда да, келечекте да Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга киришпесин белгилейт. Биринчиден, коңшулар бул ГЭСке тикеден тике каршы болсо, экинчиден, Орусия Камбар-Атадан чыгымдан башка пайда көрбөйт.

- Экономикалык жактан кызыктуу долбоор эмес. Долбоордун кымбаттыгынан эми анда өндүргөн энергиянын баасы да кымбат болот. 1 кВт. жарык 9-10 сомдон айланышы мүмкүн. Мындай баа Орто Азияда дагы жок. Ошондуктан Камбар-Ата-1 өзүн актабаган долбоор. Өтпөгөн долбоорлорду биздин өкмөт сунуштап коюп, эми ишке ашыра албай кыйналып отурушат.

Эрнест Карыбековдун айтуусунда, Камбар-Ата-1 долбоорун башка өлкөлөргө сунуштоо деле натыйжасын бербейт. Маселен ошол эле Кытай ГЭСти салууга каражаты жеткени менен долбоордо пайда көрбөсүн эсептегенден кийин куруудан баш тартат. Анын үстүнө Орусия менен келишимге кол коюлгандан кийин, кайрадан андан чыгуу кыргыз бийлиги үчүн опурталдуу.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимге 2012-жылы орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары учурунда кол коюлган. Документте Камбар-Ата-1 ГЭСинин 50% түбөлүк орус тараптын колунда кала турганы Кыргызстанда айрым нааразылыктарды жараткан. Бирок ага карабай курулушу күтүлүп жатканы менен иш ордунан жылбай, кыргыз тарап Орусияга курулушту баштоо маселеси байма-бай көтөрүп келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG