Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:19

Кыргызстандагы жыйырмага чукул коомдук-саясий уюм 1916-жылдагы кандуу окуяны Орус падышачылыгынын кыргыздарга каршы кыргын салган саясаты катары баа берип, ал үчүн азыркы Орусия бийлиги кун төлөп беришин талап кылууда.

Демилгечи топ муну менен тарыхый адилетүүлүктү калыбына келтирүү маселесин көтөрүштү. Бирок айрым тарыхчылар бул маселеде этият болууну сунуштап, мындай демилге учурдагы кыргыз-орус мамилесине шек келтирет деп чочулашууда.

Тарыхый чындыкты калыбына келтирүү талабы

Жыйырмага чукул коомдук-саясий уюм Боом капчыгайында 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерди. Бул жолку эскерүүнүн аягында тарыхта “Улуу Үркүн” деген ат менен белгилүү кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн жүз жылдыгына карата тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө байланышкан талаптар тизмектелди. Алардын эң негизгиси - Орусия Федерациясы 1916-жылы Падышалык Орусия кыргыздарга кыргын салганын моюнга алып, ошол окуянын курмандыктарынын урпактарына кун төлөп берүүгө тийиш деген талаптан турат.

Демилгечилердин бири, Кыргызстан үй куруучулар партиясынын төрагасы Бейшенбек Абдрасаков азыркы Кремль Орус падышалыгынын катачылыгын мына ушундай жол менен оңдоого тийиш деп эсептейт:

- Бизди бул окуя үркүн деп токсон сегиз жыл алдап келишти. Чындыгында ал үркүн эмес кадимки эле кыргын болгон. Ошону жүз багып, тике карап айта албай келе жатабыз. Айткандан тайсалдап, Орусия буга эмне дейт деген жер карамалыктан арыла албай койдук. Бирок мына ошол кыргын кыргыздардын демографиялык абалына канчалык таасир эткенин бүгүнкү күнгө чейин сезип келебиз. Биз азыркы орус бийлиги менен жакшы мамиледе болуу менен бирген мына ошол кездеги тарыхый чындыкты мойунга алууну гана сурайбыз. Буга байланыштуу Орусия дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй кандуу булоондо жок кылынгандардын урпактарына кун төлөп бериши керек. 100 жылдыкты белгилөөгө Орусиянын президенти Владимир Путин келип, мына ошол кыргын курмандыктарына курулган эстеликке гүл койуп таазим кылса андан да жакшы болмок. Мындай кадам эл аралык деңгээлде Орусиянын беделин гана көтөрмөк.

Мындан сырткары 1916-жылкы окуяга байланыштуу тартылып, бирок кийин көрсөтүүгө тыюу салынган кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин “Кайран эл” тасмасына уруксат берүү жагы да көтөрүлгөн. Ошондой эле үркүнгө байланыштуу улуттук музей уюштуруп, тарыхый жана документалдуу тасмаларды тартуу жагы сунушталган.

Бир жактуу баа берүүнүн кесепети

Бирок кыргыз тарыхчыларынын арасында 1916-жылдагы окуяны бир жактуу кыргын катары баалап, ага саясий түс берүүгө болбойт деген пикирлер да үстөмдүк кылып келет. Анткени аталган көтөрүлүштө күнөөсүз орустар да жок кылынганы боюнча тарыхый фактылар болгон. Ошол эле кезде мындай демилгенин көтөрүлүшү Кремлге жакпай, анын Орусияда иштеген кыргызстандыктарга карата терс таасири тийиши мүмкүн деп чочулагандар да арбын.

Ошондуктан тарых илимдеринин доктору Бектемир Жумабаев бул маселеге этият мамиле керектигин эскертти:

- Мына ошол окуяда бул жакка келип отурукташып калган жайкын орус дыйкандары кыргынга учураган фактылар да ондоп саналат. Анан ошол окуяда бир эле кыргыздар кырылган деп бүтүм чыгара берүү саясатка коошпой калышы мүмкүн. Бул маселенин көтөрүлүшү Орусия менен жакшырып бараткан мамилеге да терс таасир этет. Ошон үчүн мындай кылдат маселеге олутуу мамиле кылганыбыз оң.

Айрым кыргыз тарыхчылары 1916-жылы 150 миңдин айланасында кыргыз кыргынга учураган деген салыштырма божомолду айтып жүрүшөт. Бирок аны толук тастыктай турган документалдуу далилдер азырынча табыла элек. Бирок 1913-жылдагы эл каттоодо Түркстан крайындагы кыргыздардын саны 1 миллион 282 миңди түзгөн. Мына ошол үркүндөн качып-бозуп кеткен элдин көпчүлүгү Кытайдан мекенине кайткандан кийин жүргүзүлгөн - 1924-жылкы эл каттоодо кыргыздардын саны 860 миңге чейин түшүп кеткен. Тарыхычылардын бир даары мына ошондон демографиялык жоготуу канчага турганын боолголосо болот дешет.

Керенскийдин Думадагы баяндамасы

Үркүндү изилдөөчү Бактыбек Максутов бул жагдайга 1917-жылы Орусиянын Убактылуу өкмөтүнө келген Керенскийдин Мамлекеттик Думадагы баяндамасын мисал келтирди :

- 1916-жылы 15-декабрда Орусия империясынын Мамлекеттик Думасында бул маселе каралып, анда Дума депутаты Керенский баяндама жасаган. Өзүнүн баяндамасында Керенский падышалык саясатка каршы чыккан Орто Азия элдеринин ичинен кыргыздар эң көп жабыркап, кыргынга учураганын айткан. Бул окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүү жагы сунушталып, бирок ал маселе кийин каралбай калып кеткен.

2016-жылы Улуу Үркүнгө жүз жыл болот. Орус падышалыгынын саясатына каршы Орто Азиядагы элдик көтөрүлүштүн чыгышына 1916-жылы июнь айында жергиликтүүлөрдү аскер-оорук иштерине тартуу боюнча чыккан жарлык шылтоо болгон. Тарыхчылар анын чыныгы себеби катары ошол кездеги орус бийлигинин колониалдык эзүүсүн мисал келтиришет.

Тарыхчы Жеңишбек Жунушалиев 1916-жылдагы окуя боюнча 1920-жылы советтик Орусия кечирим сурап, Кытайдагы качкындарды кайтарып келүүгө көмөктөшкөнүн мисал келтирди. “Ошондуктан бул маселени кайрадан көтөрүп чыгууга негиз жок”, - дейт улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун директору Жунушалиев.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG