Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Алеппо шаары үч күндөн бери тынч


Алеппо
Алеппо

Орусия тарабынан ок атышууну токтотуу жарыялангандан бери үч күн болду. Бирок "Рейтер" кабарлаганы боюнча, жарадарларды эвакуациялоо жана жардам жеткирүү учурлары катталган жок. Бейшембиден бери сириялык да, орусиялык да аскерлер ок чыгарышкан эмес. Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириялык укук коргоо уюму кабарлады.

Козголоңчулар болсо ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди аткара албай турганын, бул Башар Асаддын шаарды саясий каршылаштарынан тазалоо саясатынын бир бөлүгүн экенин билдиришүүдө.

Сирия өкмөтү менен Орусия Алеппонун чыгышындагы тургундарды жана козголоңчуларды атайын түзүлгөн коридорлор аркылуу шаардан чыгып кетүүгө чакырышты. Бирок шаарда өтө аз санда эл калганы айтылууда. Чыгып кетүүнү каалагандар да ок атууга туш болуп, кайтууга аргасыз болушкан.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары козголоңчулар карапайым элдин шаардан чыгуусуна жол бербей жатат деп жазышууда. Өкмөттүк телеканалдар тез жардам унаалары менен жашыл автобустардын Алеппонун ээн көчөлөрүндө элди жана козголоңчуларды күтүп турушкан учурларды көрсөтүүдө.

Улуттар Уюму ок атышууну токтотуу шаардан жарадарларды чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнүүдө.

Акыркы суткаларда Идлиб провинциясында орусиялык аба күчтөрүнүн чабуулунан улам 24 киши набыт болуп, 70 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG