Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

«Өнүгүү-Прогресс» БШКны сотко берет


"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын колдоочулары.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын колдоочулары.

Бишкек шаарынын мэрлигине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан талапкер болгон Нурдин Абдылдаевдин арызын канааттандырбаганы үчүн аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясын Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берет.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын катчылыгынан билдиришкендей, Абдылдаев мэр шайлоо эрежеге ылайык өтпөгөнүн, шаардык кеңештин сессиясы убагында башталбаганын далилдеген документтерди жана видеолорду көрсөткөн. Добуш берүү бюлеттендеринин арасынан жети кагазда эрежеге дал келбеген жазуулар болгону тууралуу маалымдаган. Андан тышкары, атаандашы Албек Ибраимовдун тарапташтары уюштурган митингди добуш берүүчүлөрдүн эркине басым жасоо катары баалоо сунушу айтылган.

Арызды БШК 18-январда карап, канааттандырган эмес.

11-январдагы шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын 29у Албек Ибраимовду, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевди колдошкон. Эки депутат баарына каршы болгон.

Ибраимов КСДП фракциясы баштаган көпчүлүк коалициядан, Абдылдаев оппозициядагы “Өнүгүү-Прогресстен” сунушталган. (SE)

XS
SM
MD
LG