Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Ооганстанда 12 аскер талибдердин колунан мерт болду


Кундуз шаары
Кундуз шаары

Ооганстанда өкмөттүк күчтөрдүн 12 аскерин өзүлөрү менен чогуу кызмат өтөгөндөр өлтүрүп, качып кетишти. Алар талибдер экени аныкталды. Окуя түндө болгон.

Кундуз шаарынын полициясы кол салгандар талибдер менен байланышы бар адамдар экени аныкталганын, алар курал-жаракты да уурдап кеткенин айтууда.

"Талибан" кыймылы да бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Талибдер Ооганстандын күч кызматтарына кирип, аралашып жүргөнү аныкталган учурлар сейрек эмес.

Кундуз шаарын талибдер былтыр сентябрда ээлеп алган. 300 миң тургуну бар административдик борборду ээлеп алуу алар үчүн 2001-жылдан берки алгачкы утуш болгон. Бирок бир нече күндөн кийин АКШ колдогон өкмөттүк аскерлер аларды шаардан сүрүп чыгарган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG