Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Кыргызстан менен Орусия Өнүктүрүү фонду жөнүндө келишимге кол койду. Фондго биринчи каражат декабрь айында түшө башташ керек.

Ал фонд аркылуу Бажы биримдигинин шартында өндүрүш тармагын көтөрүү максат кылынууда.

Бажы биримдигин түзгөн Орусия, Беларус жана Казакстан өнөр жай, экономика жагынан Кыргызстанга караганда алда канча кубаттуу. Ошондуктан Бажы биримдигинде мүмкүнчүлүктөрдү бир аз теңөө үчүн кыргыз бийлиги Москва жана Астанадан финансылык жардам сурап кайрылган.

Астана бул багытта 100 млн. доллар бөлөрүн президент Алмазбек Атамбаевдин 7-ноябрдагы Казакстанга сапары учурунда маалымдалган. Ал эми Орусиядан ошол эле Астанадагы май айындагы саммитте 1 млрд. доллар суралганы маалым.

7-ноябрь, 2014-жыл

7-ноябрь, 2014-жыл

Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп отуруп, 24-ноябрда Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак жана Кыргызстандын каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков кыргыз-орус Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү келишимге кол койду.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, фондго Орусия тараптан декабрь айынын аягына чейин 100 млн. доллар которулат. Андан кийин Москва 2016-жылдын июнь айына чейин дагы 400 млн. доллар берет. Өнүктүрүү фондуна Орусия ошондой эле Дүйнөлүк банк аркылуу дагы 500 млн. доллар насыя тартат.

Кыргыз тарап бул фонд аркылуу агро өнөр жай, тигүү, кайра иштетүү, тоо кен, транспорт, турак жай жана инфраструктура багытындагы долбоорлорду каржылоону пландаштырганын президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” тастыктады.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов фондду түзүүнү Орусиянын Кыргызстанды колдоосу катары баалады:

- Албетте азыркы кезде биздин мамлекетибиз, элибиз кыйналып жатканда Орусия ошондой фонд түзүп, ага акча бөлүп жатат. Бул мамлекетти эле эмес, жалпы кыргыз элин колдоо иретинде жардам көрсөтүлүүдө. Алардын максаттары жакшы. Бажы биримдигине кирүүдө элге жеңилдик болсун, өндүрүш ачылсын, өнүгүү болсун деген максатта берип жатат. Ошону канчалык деңгээлде биз пайдаланып, элге жеткирип, натыйжа жасай алабыз - кеп ошондо.

Аликбек Жекшенкулов фонд агрардык, ипотека тармактарын каржылоосун оң баалады.

Экономикалык эксперт Мейманбек Абдылдаев кыргыз-орус Өнүктүрүү фонду Кыргызстанга токтоп бараткан инвестициянын агымын пайда кылат дейт:

- Бул аябай жакшы жардам берет. Анткени бул инфраструктуралык долбоорлорго кетет. Туруктуулукту сактоо, валютаны бекемдөө үчүн жакшы. Келечектүү нерсе. Бирок бул эми ишке ашыш керек. Мурункудай “жеп албай”, реалдуу долбоорлорго жумшалыш керек. Бизге азыр Орусия гана бирден-бир инвестор болуп атат.

Мейманбек Абдылдаев кыргыз-орус Өнүктүрүү фондун Орусиянын Эсеп палатасынын текшерүү мүмкүнчүлүгүн да туура баалады.

Кыргызстан Орусиянын насыясы менен 2009-жылы да Өнүктүрүү фондун түзгөн. Ага мамлекеттин бардык киреше, активдери чогултулуп, Орусиянын 300 млн. доллар насыясы да салынган. Белгилүү болгондой, ал акчанын 100 млн. доллары Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга жумшалган. Калган каражат ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөт тарабынан коротулган. Ал эми Өнүктүрүү фонду өзү жоюлган эле.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG