Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

1916-жыл: Керенский жана кыргыздар


Улуу Үркүндө каза болгондордун сөөгүн кайра аруулап жерге берүү иш-чарасынан. Ак-Шыйрак, 2-август, 2014

Улуу Үркүндө каза болгондордун сөөгүн кайра аруулап жерге берүү иш-чарасынан. Ак-Шыйрак, 2-август, 2014

Улуу акын жана драматург Жусуп Турусбековдун кыргыз жери тууралуу минтип жазганы бар:

“Мына бул жер--өткөн кордук элеси,

Мына бул жер--муңдуулардын энеси”.

Ырасында эле кылым карыткан кыргыз жери эмне деген гана оомалуу-төкмөлүү окуяларга, тагдыр чечкен кандуу кармаштарга күбө болгон эмес. Ошолордун бири, албетте, 1916-жылкы Үркүн, кыргыз элинин мындан дээрлик 100 жыл мурунку улуу трагедиясы го. Бирок бул жолу сөз Үркүн тууралуу эмес, ошол Үркүнгө ал кездеги белгилүү орус саясатчыларынын жасаган мамилеси, айрыкча ак падыша Николай IIни тактан кулатууга бирден бир тиешеси бар чоң саясатчы Александр Федорович Керенскийдин кыргыздарга жасаган жакшылыктары, кантип таламын талашканы тууралуу азыноолак сөз кылгыбыз келип турат. Анын үстүнө бул тууралуу көпчүлүк эл, айрыкча жаштар анча биле бербейт. Ал эми 1916-жылы Санкт-Петербургда, деле опсуз зор Орусия империясынын бийлик башында эмне деген бороон-чапкындуу саясий процесстер жүргөнү өзүнчө кызык тема.

Адегенде А. Ф. Керенский тууралуу угармандарга кыскача маалымат бере кетейин. Бул адамдын Орусиянын ХХ жүз жылдыктагы саясий тарыхында ролу өтө чоң жана абдан маанилүү десек эч бир жаңылбас элек. Биринчиден, 1917-жылдагы атактуу февраль революциясынын лидери, ошол революциядан мурун да, кийин да ак падыша Николайды (толук аты жана титулдары: Император Всероссийский, Царь Польский и Великий Князь Финляндский, Император Российской империи) нечен жолу ачыктан-ачык сындаган, аны тээ жети атасынан бери ээлеп келаткан императордук тактыдан түшүрүүгө бирден бир салымы бар саясатчы жана ишмер ушул Керенский болгон.

Экинчиден, ошол кездеги Мамлекеттик Думанын эң эле көрүнүктүү ишмери, деле бүткүл Орусияга аттын кашкасындай таанымал лидер, зор империяны демократизациялоонун зарылдыгын, Орусияны Европанын алыңкы мамлекеттери сыяктуу реформалоо керектигин кан какшап сайраган да Александр Федорович болгон. Жаагы жок чечен жана айткан ар бир сөзү карапайым калкка, реформачыл, революциячыл маанайдагы интеллигенцияга майдай жаккан Керенский дал ошол 1916-жылы айрыкча зор атак-даңкка ээ болуп, кийинки жылы Февраль революциясын жетектеген. Ошондуктан Николай тактыдан кулагандан кийин анын Убактылуу өкмөттүн жетекчиси болгону толук мыйзам ченемдүү нерсе эле.

Александр Керенский

Александр Керенский

Эң кызык жери, кыргыздардын ошол 1916-жылдагы кандуу көтөрүлүшүн биринчилерден болуп угуп, ал тууралуу көптөгөн маалыматтарды атайын жыйнап, Мамдума түзгөн комиссияга жетекчилик кылып, ал гана эмес Ташкент менен Самаркандга чейин поезд менен келип, иликтөө жүргүзгөн да дал ошо Керенский болгонун баса белгилей кетели. Жыйнаган материалдарынын негизинде А.Ф. Керенский 1916-жылдын 15-декабрында Мамдумада чоң доклад менен чыгып сүйлөп, орус жазалоо отряддарынын кылмыштарын болгонун болгондой кылып сүрөттөп бергенде залдагы депутаттар орус аскерлеринин ушунчалык жексурдугуна кыжырлары кайнап, турган жерлеринен кыйкырып, жер тепкилеген. «Были уничтожены грудные дети, были уничтожены старики и старухи…»--деп Керенский сөзүн улаганда депутат Шингарев ордунан тура калып: «Варвары!» деп кыйкырган. Экинчи бир Мамдуманын ошол кездеги депутаты Родичев: «И это гордость страны!» деп чаңырыкты салган.

Айтор, Мамдуманын ошол күнкү жыйналышынын стенограммасын окуп отурсак, кыргыздарды кырып-жойгон орус аскерлери деле зор империянын атын булгап, дүйнө коомчулугунун астында бүт империяны маскара кылды деген ой жатат. А дейбиз, бу дейбиз, бирок ошол кезде деле орус коомчулугунда гуманисттик принциптерди катуу кармаган, орустан башка майда улуттарга да камкор мамиле жасап, турмушун оңдоо керек деп эсептеген саясий ишмерлер абдан көп болгон. Ошондой болсо да 1916-жылкы кыргыз трагедиясы биз сөз кылып аткан А.Ф. Керенскийди айрыкча түйшөлткөн жана орус прогрессивдүү коомчулугу “Бул трагедияга ким күнөөлүү?” деген суроону кабыргасынан коюуга мажбурлаган. Баарынан кызыгы, ошол күнкү жыйналышта залдагы депутаттар Керенскийге кайрылып, ушул “Ким күнөөлүү?” деген суроону койгондо Александр Федорович түз эле ак падышаны күнөөлөгөн. Анда залдагылар “Эми эмне кылуу керек?” деп дагы такып сураганда Керенский “Падышаны физикалык түрдө болсо да жок кылуу керек” деген оюн билдирген. Ошону менен бирге Керенский ошол кездеги Орусиянын ички иштер министрин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кызматтан алып, ал эми Түркистан аймагын тейлеген орус аткаминерлерин (Фольбаум, Куропаткин, фон Кауфман ж.б.) сот жообуна тартуу керек деп ачык айткан.

1917-жылдын 7-ноябрында Александр Керенский башында турган Убактылуу өкмөттү кулатып, Кышкы сарайды басып алуу учуру. Режиссер Сергей Эйзенштейндин 1927-жылы тартулган "Октябрь" фильминен бир көрүнүш.

1917-жылдын 7-ноябрында Александр Керенский башында турган Убактылуу өкмөттү кулатып, Кышкы сарайды басып алуу учуру. Режиссер Сергей Эйзенштейндин 1927-жылы тартулган "Октябрь" фильминен бир көрүнүш.

Кыскасы, Керенскийдин бул доклады нечен орус ишмерлерин терең ойго салып, катуу түйшөлткөн. Бул чуулгандуу докладдын жайын уккан ак падышанын зайыбы, императрица Александра Федеровна ошондо эле “Керенскийди тезинен кармап, даргага асуу керек” деген оюн айткан. Бирок атактуу орус саясатчысынын оозун жаап, түрмөгө салуу эч бир мүмкүн эмес эле. Негизги себеп--падышанын бийлиги ал учурда биротоло дискредитация болуп, кыргыздардын кызыл кыргыны сыяктуу окуялардан кийин императорго болгон мамиле толугу менен тескери кеткен учур болчу. Ошол Керенскийдин докладынан бир жарым айдан кийин, башкача айтканда 1917-жылдын февраль айында революция болуп, Николай “өз ыктыяры менен” тактан түшүп, биз сөз кылып жаткан Александр Федорович Керенский Убактылуу өкмөткө жетекчи болгон. Орусияны “демократиялык социалисттик мамлекет” деп жарыялап таштаган.

Ырас, “буюрган алат, чуркаган калат” демекчи, ошол эле жылдын октябрында Ленин баштаган большевиктер Керенскийдин бутуна жакшы тура элек өкмөтүн Кышкы сарайда чогулуш жасап жаткан жеринен камакка алып, эртеси эле күнү Владимир Ильич Финляндия вокзалында броневикте туруп сүйлөгөн кыска сөзүндө “Орусияда социалисттик революция жеңди” деп жарыялап ийген. Кыскасы, падышаны кулаткан Керенский болсо да, бийликти капталдан чыга калган большевиктер басып алып, “Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска” дегендей кеп болгон. Башкача айтканда, Керенскийдин ошол кездеги бир аз чечкинсиздиги, Орусияны Европадай агарып-көгөргөн демократияга айлантам деп көпкө чейин чайналып калганы большевиктер үчүн оңдой берди болуп, олку-солку болуп турган Убактылуу өкмөттүн бийлиги оңой эле алардын колуна өтүп кеткен. Ошентип, өлкөдө эч кандай демократия эмес эле большевиктердин диктатурасы орноп, Мамдума заматтын ичинде таратылып, баардык бийлик Советтерге өткөн. Керенский болсо чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болуп, ак гвардиячыларды большевиктерге каршы согуш ачууга үндөп, бирок ал аракетинен эч нерсе чыккан эмес.

Үркүнгө арналган фотокөргөзмөдөгү сүрөттөр. 27-июль, 2012-жыл

Үркүнгө арналган фотокөргөзмөдөгү сүрөттөр. 27-июль, 2012-жыл

Кыргыздардын эң жалындуу коргоочусу жана ак падышаны тактан кулатып берген, чын эле өчүн алып берген ишмери Александр Федорович Керенский негизинен Америкада жашап, Стэнфорд университетинде көп жыл сабак берген. 89 жыл өмүр сүрүп, сөөгү Парижге коюлгaн (1970). Ал эми ак падышага болсо нака кыргыздардын каргышы жеттиби же ичер суусу түгөндүбү, айтор, 1918-жылы укум-тукуму менен азыркы Екатеринбургда большевиктер тарабынан атып жок кылынган.

PS. Мен сөз кылган фактылар менен маалыматтар Керенскийдин “Россия на историческом повороте” деген мемуарынан (1993) жана 1932-жылы Ташкенде чыккан «Восстание 1916 года в Средней Азии» деген документтер жыйнагынан алынды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG