Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Чичваркин: Максим Бакиев менен соттошууга даярмын


Орусиялык ишкер Евгений Чичваркин Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиев учурунда 200 000 долларын тоноп алганын айтып чыкты.

Орусиялык Forbes.ru сайтында 6-ноябрда “Евгений Чичваркиндин беш катасы” аттуу макала чыкты. Анда “Евросеть” ишканасынын мурдагы ээси Евгений Чичваркин ишкананын филиалдарын башка өлкөлөрдө ачуу ката болгону, айрыкча Кыргызстанда Максим Бакиев 200 000 долларга тоногону тууралуу да айткан. Мындан улам “Азаттык” азыр Лондондо жашаган Чичваркинге бир канча суроолор менен кайрылды.
Кийин мунун артында Максим Бакиев турганын билдик жана мындан күмөн санабайбыз. Кыргызстанда иштеген башка чет элдик ишканалар да бул нерсени тастыкташкан. Бакиевдердин үй-бүлөсү ушинтип көзөмөлдөшчү, өздөрүн ааламдын кожоюндарындай сезчү...


“Азаттык”: Евгений, Максим Бакиев мурдагы ишканаңызды 200 000 долларга тоногон деп жатасыз, бул тууралуу толугураак айтып бересизби?

Чичваркин: Ооба, анда Кыргызстанда биздин ишкананын жүгү камалып, 200 000 доллар берсеңер гана коё беребиз дешкен. Болбосо ишкананын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, аларды отургузабыз деп коркутушкан. Кийин мунун артында Максим Бакиев турганын билдик жана мындан күмөн санабайбыз. Кыргызстанда иштеген башка чет элдик ишканалар да бул нерсени тастыкташкан. Бакиевдердин үй-бүлөсү ушинтип көзөмөлдөшчү, өздөрүн ааламдын кожоюндарындай сезчү. Кыргызстанга иштейм деп келген бардык ишканалардан ушул жол менен акча өндүрүшчү.

Эгер кокустан Максим Бакиев мени жалаа жабып атат деп айыптагысы келсе, анда сотто жолугалы. Мен көптөгөн күбөлөрдү чакыра алам – МТСтен дагы, ВымпелКомдон дагы.

Эсиңизге сала кетейин, ал жылы бул эки ишкананын ортосунда чатак чыккан. Себеби бир ишкана менен сүйлөшүп, алар Кыргызстанда негизги оператор болот делгенден кийин башка компания ээ болуп калган. МТС инвестицияга каражат бөлүп (расмий эмес да акча берилген), оператору жок калган.

Менин кетирген эң башкы катам - бул бандиттик, мыйзамдар иштебеген өлкөгө (Кыргызстанга) кирүү болгон. Ошого чейин бир жолу текшерип койсом болмок. Чатак чыккандан кийин 200 000 долларга аргасыз тонолгонбуз.

“Азаттык”: Евгений, ишкана Кыргызстанга кирээрге чейин сүйлөшүүлөр ким менен жүргөн?

Чичваркин: Мен кыргыз да, орус да "террорчулары" менен сүйлөшкөн эмесмин.

“Азаттык”: 7-апрелден кийин Максим Бакиевдин Британияда тураарын уккансыз да?

Чичваркин: Ооба.
Менин кетирген эң башкы катам - бул бандиттик, мыйзамдар иштебеген өлкөгө кирүү болгон. Чатак чыккандан кийин 200 000 долларга аргасыз тонолгонбуз...

“Азаттык”: Байланышып көрбөдүнүз беле?

Чичваркин: Жок. “200 000 долларды кайтар” демек белем.

“Азаттык”: Эмнеге бир нече жылдан кийин Максим Бакиевди эстеп жатасыз, өтө каттуу таарындыңыз беле?

Чичваркин: Жок, кеп таарынычта эмес. Кээ бир режимдер эл аралык коомчулук тарабынан “бандиттик” деп таанылган, кээ бир режимдер антип таанылбаганы менен иш жүзүндө ошондой. Постсоветтик көп өлкөлөр (КМШ түштүгүндө) азыр авторитардык жана кылмыштуу режимдер тарабынан башкарылат.


Маалымдама:

Евгений Чичваркин – Орусиядагы эң ири уюлдук байланыш боюнча иштеген “Евросеть” ишканансынын негиздөөчүсү. 2006-жылы Чичваркин Орусиянын Ички иштер министрлиги менен чатакташа кетип, ага каршы кылмыш иштери козголгон. 2008-жылы Чичваркин жана анын кызматташы ишкананы сатып, Орусиядан чыгып кеткен. 2011-жылы Чичваркинге каршы кылмыш иштери жабылган, бирок Чичваркин дагы деле Лондондо жашайт.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG