Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Муфтий болууга үч киши арыз берди


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтийлик кызматка үч талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аалымдар кеңешинен билдиришти. Бирок алардын аты-жөнү азыр ачык маалымдала элек.

Талапкерлерди каттоо 2-февралдан 24-февралга чейин жүрдү. Эми алар Аалымдар кеңешинин сынагына катышат. Андан ийгиликтүү өткөндөр шайлоого барышат.

Жаңы муфтий 4-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын курултайында шайланат.

Азыркы муфтий Максатбек ажы Токтомушев 2014-жылы үч жылдык мөөнөткө шайланган.

Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн талапкерлерди каттоо комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына да сегиз адам катталды. Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 54 киши арыз берди. (SE)

XS
SM
MD
LG