Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Москвачыл медиа долбоорлордун мелжегени эмне?


Кыргызстанда орусиялык басылмалардын өкүлчүлүктөрү көптөн бери иштейт.

Кыргызстанда орусиялык басылмалардын өкүлчүлүктөрү көптөн бери иштейт.

Кыргызстанда соңку учурда орусиялык медиа долбоорлор ишин жандантып, коомдук аң-сезимге таасир этүүнүн жолдорун өздөштүрүп жатканы байкалууда

Орусиялык басылмалардын өкүлчүлүктөрү жергиликтүү маалымат агенттиктерин, аналитикалык борборлорду жана интернет сайттарын ачып, Кремлдин саясатын жайылтуу боюнча иш алып барышууда. Мындай иш-чаралар Орусиянын бюджетинен тымызын каржыланып жатканы айтылууда. Талдоочулар аталган медиа долбоорлор аркылуу Бажы биримдиги жана Орусиянын тышкы саясатына байланыштуу жагдайларды агрессивдүү форматта таңуулап, коомдук аң-сезимге таасир этүүнүн жолдорун өздөштүрүп жатканын байкашкан. Ошол эле кезде аталган медиа долбоорлордун расмий кожоюндары алардын ишмердигине Кремлдин таасири бар экенин четке кагышууда.

Кремлдин чачпагын көтөргөндөр


Соңку мезгилде Кыргызстанда news.asia.ru, polit.kg, rus.kg, region.kg. vesti.kg, analitika.kg сыяктуу ондогон интернет сайттар пайда болду. Аталган сайттардан сырткары “АиФ Кыргызстан”, “Комсомольская правда”, “Российская газета” жана «МК-Азия» сыяктуу орусиялык басылмалардын өкүлчүлүктөрү көптөн бери иштейт. Ошол эле кезде мамлекеттик “Слово Кыргызстана” гезити жана “Дело№” жумалыгы жогорудагы маалымат каражаттары менен биргеликте Кыргызстанда орусиялык саясатты жайылтууга ыңгайлашкан.
Орусия өзүнүн саясий маданиятынын деңгээлине жараша үстөмдүк абалга басым көрсөтүү жана таңуулоо жолу менен жетишүүнү көздөп жатат. Биз мына ошол күчтүн объектиси болуп жатабыз.

“Реформа” партиясынын лидерлеринин бири Мирсулжан Намазалы соңку учурда Кыргызстанда Кремлдин саясатын жайылткан, бир жактуу мүнөздөгү медиа долбоорлор көбөйүп жатканына токтолду:

- Эгерде бирөө жарым Бажы биримдигине каршы пикирин айтып койсо, ага каршы чабуул жасап жатышат. Анан Бажы биримдиги же Евромайдан боюнча кандайдыр бир акциялар өткөрүлсө эле ошого уюштуруучуларды баса калып жатышат. Анан Орусиядан Михаил Леонтьев сыяктуу эксперттерди алып келип алышып, ошолордун акылга сыйбаган пикирлерин жайылтып жатышат. Өзгөчө Крым маселеси бүтүп-бүптөй жатса бул жактан ар нерсенин башын кылтыйтып дароо башташты. Орусиянын элчиси “кыска мөөнөттө Орусиянын жарандыгын алсаңар болот” деп жатат. Анан орусиялык мекендештер деген негизде мындагы этникалык орустар менен иш алып барып жатышат. Муну өзү туура эмес. Бөлүп-жаруучулук ушундайдан башталат эмеспи.

Ошол эле кезде Орусияда каржыланган Горчаков фонду, “Евразиячылардын Жаңы толкуну” жана “Мекендештер” деген сыяктуу фонддордун каражаттарынын эсебинен маалымат агенттиктери жана аналитикалык борборлор ачылууда. Алардын бири Бишкекте ачылган “Россия” деген аталыштагы медиа борбор. Анда Борбор Азиядагы коопсуздукка, Бажы биримдигине жана Орусиянын геосаясий кызыкчылыгына байланыштуу талкуулар өткөрүлүп турат.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Чынара Эсенгул Кыргызстандын маалымат айдыңына Орусиянын кызыкчылыгы таңууланып жатканын белгиледи:

- Башкача айтканда басым көрсөтүү өтө эле агрессивдүү манерада жасалып жатат. “Силердин позицияңар биздикинен башкача болсо, анда ал туура эмес болот” деп таңууланган пикирлердин үстөмдүгүн байкап жатабыз. Албетте ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы бар. Бирок аны ишке ашырууда Орусия өзүнүн саясий маданиятынын деңгээлине жараша үстөмдүк абалга басым көрсөтүү жана таңуулоо жолу менен жетишүүнү көздөп жатат. Биз мына ошол күчтүн объектиси болуп жатабыз. Биздин саясатчылар коркпостон туруп, өзүбуздүн саясатыбызды жүргүзүшсө туура болот эле.

Бажы бирлиги “кайыш каргыбы?”

Бул орусиялык долбоорлордун алкагында Кремлдин кызыкчылыгына ылайык келген эксперттер тобу да тандалып алынган. Аталган эксперттер Орусиянын Кыргызстандагы кызыкчылыгын коргоого багытталган эксперттик баалары менен жергиликтүү масс-медиадан байма-бай чыгып турушат.
Орусия азыр Кыргызстанга карата маалымат-идеологиялык, саясий-аскердик, социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир тутумдагы жылмакай экспанцияны баштады. Аны көбүбүз азырынча сезе элекпиз. Бажы биримдиги деген короого айдап кирген соң, анан бирдиктүү рубль зонасын киргизет...


Алардын бири Жумакадыр Акенеев Бажы биримдигинин артыкчылыктары тууралуу айтып берүүдөн тажабайт:

- Бажы биримдигине кирүүнү саясатташтырбаш үчүн маселени референдумга коюп көрсө болот. Ошондо элдин көпчүлүгү аны колдой турганына күбө болобуз. Болбосо мындай талаша берген менен эмне? Биздин расмий түрдө 700 миңден ашуун мигранттар Орусияда иштеп, жылына 3 миллиард долларга жакын акча салып жатышат. Ошону эстен чыгарбаш керек. Бажы биримдигине кирсе эле Орусия Кыргызстанды өзүнө кошуп алат дегенге негиз жок.

Кийинки мезгилде “Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе мамлекет катары жок болот, “өлкөнүн келечеги Орусия менен гана” жана “Орусиянын тышкы саясатын колдойбуз” деген ураандардын астында иш-чаралар өткөрүлө баштады. Ошол эле кезде Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кош жарандуулукту демилге кылган топтор пайда болду. Мындай иш-чаралар орусиялык медиа долбоорлор аркылуу кеңири жайылтылууда.

Экономист Найзабек Нуралы уулу соңку мезгилде орусиялык “жылжыма” экспансия күчөй баштаганын байкаган:

- Орусияда КМШ өлкөлөрү боюнча долбоорлорду иштеп чыкчу Затулин жетектеген атайын изилдөө институту бар. Мына жүрүп жаткан иш-аракеттин бардыгы мына ошол жактагы саясий технологдордун ишинин жыйынтыгы. Алар союз учурундагы каргыны “кооздоп, шөкөттөп” туруп кайрадан мурдагы республикалардын мойнуна салгысы келип жатат. Алардын планын Жириновский “Орто Азияны өзүнчө федералдык округ” кылыш керек деп ачык айтып койду. Ал жөн эле туруп айткан жери жок. Мунун артында чоң план бар. Орусия азыр Кыргызстанга карата маалымат-идеологиялык, саясий-аскердик, социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир тутумдагы жылмакай экспанцияны баштады. Аны көбүбүз азырынча сезе элекпиз. Бажы биримдиги деген короого айдап кирген соң, анан бирдиктүү рубль зонасын киргизет. Азыркы медиа долбоорлордун бардыгы мына ошол максаттарды ишке ашыруу үчүн бурмаланган идеяларды элдин аң-сезимине киргизип, сиңирүүгө аракет кылышууда.

Чагымдаштыруунун жолу каяктан башталат?

Кыргызстандагы орусиялык басылмаларды борборлоштуруу менен аларды бир жерден башкаруу демилгеси көтөрүлгөн. Муну тымызын ишке ашырууга киришкен “Россия” медиа борборунун жетекчиси Владимир Банниковдун ал демилгеси башка басылмалардын каршылыгын жаратты. Учурда бул медиа борбордун алдында "АиФ Кыргызстан" гезити, Борбор Азия жумалыгы жана эки интернет сайт иштейт. Алардын бири “Новый Регион - Азия” агенттиги Шотландияда катталган. Бирок көбүнчө Борбор Азиядагы окуяларды чагылдырып турат. Бул интернет сайт өткөн жылы “1916-жыл үчүн кыргыздар орустардан өч алабы?” деген чагымчыл макаласы менен эсте калган.
Биз долбоорлорубузду аз-аздан өнүктүрүп жатабыз. Алардын айрымдары кыргыз тилине өтө баштады. Биз иштеп, өзүбүздүн ишкердикти өнүктүрүп жатабыз. Бул жерде Москванын кандай тиешеси бар?


“Деньги и власть” гезитинин баш редактору Турат Акимов Кремль өзүнүн саясатын Банников сыяктуу адамдар аркылуу жайылтып жатканына токтолду:

- Кремль төбөлдөрү баягы өзүнүн мындагы орустарына ишенип, ошолорго болор-болбос укук берип, жол ачып коюп жатат. Анан ошол адамдар мурдагыдай эле империялык дымак жана эскичил көз караш менен, жергиликтүүлөрдү кемсинткен тейде иш алып барышат. Мына ошолордун бири - Банников орустардын Кыргызстандагы жалгыз үмүтү ошол сыяктуу түр көргөзүп, Кремлге жагалданып жүргөн адам. Ал мындагы орус тилдүү басылмаларды көзөмөлдөй алам, аларды жөнгө сала алам деп тигил жакка убада берип, ошону менен ал жактан келчү каражатты жемей. Анан ал бул жакта орус тилдүүлөрдүн укугун коргогон болуп атын чыгарып алса, ал жактан акча сураганга да оңой. Орусиянын саясатын жайылтабыз, орус тилин жана маданиятын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырабыз деп убада берип эле, ал жактан акча ала беришет.

Геосаясат качантан бери бизнеске айланган?

Ошол эле кезде Кыргызстандагы орусиялык ири медиа долбоорлорду ишке ашырып жаткан журналист Владимир Банников анын компаниясы Москванын саясатын жайылтуу менен алектенип жатканын четке какты. Бирок бир канча долбоорлордун башын бириктирип, бирок олуттуу киреше алып келбеген анын компаниясынын каржылоо булактары боюнча суроого жооп берүүнү туура көргөн жок.

Владимир Банников мазмуну башынан аягына чейин геосаясат экенине карабастан өзүнүн медиа долбоорлорун кадимки ишкердик катары мүнөздөйт:

- Биз долбоорлорубузду аз-аздан өнүктүрүп жатабыз. Алардын айрымдары кыргыз тилине өтө баштады. Биз иштеп, өзүбүздүн ишкердикти өнүктүрүп жатабыз. Бул жерде Москванын кандай тиешеси бар? Антип айтканга эч кандай негиз жок. Бизде семинарлар, маалымат жыйындары жана төгөрөк үстөл жыйындары өтүп турат. Бизге Москвадагы басылмалардын жетекчилери чыгып, мындагы өкүлчүлүктөрүнүн ишин жөнгө салуу боюнча долбоорлорду сунушташууда. Биз аларды караштырып жатабыз. Мындагы жергиликтүү баш редакторлор гезиттерин жоготуп алабыз деп коркуп жатышат. Буга байланыштуу чатактан улам алардын гезиттери бир кыйла окумдуу боло баштады. Демек ал идея алардын пайдасына иштеди.

Зенько: Долбоорлор жандана баштады

Ошол эле кезде “Евразиячылардын жаңы толкуну” жана Горчаков фонддору тарабынан Орусиянын ири шаарлар менен жаштар ортосунда коопсуздукка жана биримдикке байланыштуу телекөпүрөлөрдү уюштуруу адатка айланган. Мындан сырткары 30 жашка чейинки кыргызстандык калемгерлерди Москва, Екатеринбург жана Питер шаарларына журналисттердин окуу-семинарларына жөнөтүү долбоору ишке киришти. Аны “Евразиячылардын жаңы толкуну” фонду мойнуна алган.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алексей Зенько билим берүү жана маданият жаатындагы орусиялык долбоорлор жандана баштаганын тастыктады:

- Соңку бир-эки жылдан бери биз аз-аздан жандана баштадык. Албетте буга Орусиядан келчү колдоонун көбөйгөнү да себеп болду. Бул жакта дагы өзүбүздүн иштерибизди жыйынтыктуу алып бара баштадык. Бизде өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмеги сайтыбызга жарыяланат. Биздин бул багыттагы иш-мерчемдерибиздин бардыгы ачык-айкын. Иш-чараларга катышууну каалоочулардын бардыгы үчүн эшик ачык.

Соңку мезгилде орусиячыл медиа долбоорлордун алкагында батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарга маалымат чабуулу күчөдү. “Дело№”, “МК-Азия” жана мамлекеттик макамдагы “Слово Кыргызстана” гезиттери бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчылар катары сүрөттөгөн бири-бирине коёндой окшош макалаларды жарыялашты. Басылмалар аталган чет элдик гранттар кантип алынып, каякка иштетилип жатканына кызыгышкан. Ошол эле кезде Орусиядан аталган фонддор аркылуу келчү гранттар кайсыл багыттарга жумшалып жатканы туурасында үн каткан эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG