Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

Ушу тапта ондогон кыргыз жигиттери Орусиянын армиясында кызмат өтөп жатат.

Алардын көбү - Орусия жарандыгын алып, аскерге күтүүсүздөн кеткен эмгек мигранттары.

Бишкекке эмес, аcкерге...

21 жаштагы Бектур Төлөн уулу Өзгөндүн Куршаб айылынан болот. Ал жаңы жылды Кыргызстанда жакындары менен тосмок болуп, декабрдын акырында Москвадан Оренбург облусуна жөнөгөн, андан соң Кыргызстанга келмек. Бирок окуя такыр башкача өнүктү:

- Кызык окуя болду. Мен Орусиянын паспортун алгам, бирок эч жерге катталган эмесмин. Ошол күнү Москвадан Оренбургга кетип жаткам, андан ары Кыргызстанга жөнөмөкмүн. Мени Москванын Казан темир жол бекетинен кармап кетишти. Саат 11де поездим бар болчу. Досторум “аскер комиссариаты жүрөт, кармап алышпасын" дегенине болбой, Орусияда туруктуу катталган жерим жок, алып кетпейт болуш керек деп койгом. Анан эле аскер комиссариатынын адамдары менин да документтеримди текшерип калышты. Ошол замат эле “аскерге кетесиң” дешти. Мен эч кандай туруктуу катталган жерим, паспорттон башка эч бир документим жок экенин айтсам көнгөн жок. Бир күндө өздөрү бардык документимди бүтүрүп, каттоодон өткөрүшүп, эртеси эле алып кетишти.

"Азаттыктын" кабарчысы Бектур Төлөн уулу менен 10-январда ал Москванын жанындагы Голицына шаарчасындагы аскерлерди даярдоо курусунан өтүп, андан ары Төмөнкү Новгородго жөнөп жаткан учурунда телефон аркылуу байланышты:

- Мени 29-декабрда алып кетишкен. Азыр Москванын жанындагы Голицына шаарчасындагы аскерлерди даярдоо курусундамын. Бул жер 5-мото аткычтар бригадасы деп аталат. Бүгүн бир аздан кийин Төмөнкү Новгородго жөнөп кетебиз. 14-15-январда ант берүү аземи болот. Андан соң дагы даярдашып, Беларуска аскерий окууга алып кетишет.

Бектурдун айтымында, аскерге жаңы барган дагы 5 кыргыз жигити бар. Алардын арасында өз ыктыяры менен келгендери да, жарандыгы Орусияныкы болгондуктан күтүүсүздөн барып калгандары да бар.

"Тузакка" түшкөн Азамат

Ал эми Азамат Турганбаев Жети-Өгүздүн Кичи-Жаргылчак айылынан. Ал 2010-жылы Орусия жарандыгын алгандан кийин үч ай өтпөй армияга күтүүсүз алынып, аскердик кызматты Кемерово облусундагы чалгындоо батальонунда өтөгөн.

Азамат Турганбаевдин айтканы боюнча, ал орус жарандыгын алгандан кийин Оренбург облусундагы аскер комиссариатына барып, аскердик каттоого турмакчы болот.

- Орус жарандыгын алгандан эки айдан кийин эле аскерге кеттим. Орусия жарандыгын март айында алсам, май айында армияга жөнөдүм. Мени Оренбург облусунан алып кетишкен. Негизи аскер комиссариатына өзүм барган болчум. Анткени Кыргызстандан алтернативдик негизде кызмат өтөгөн аскердик билетимди Орусияныкына алмаштырайын деген болчум. Аскер комиссариатына 17-майда барганда эле документтеримди даярдашып, 18-майда алып кетишкен. Орусиянын армиясы жакшы, барып келгениме өкүнбөйм. Кемерово облусунда кызмат өтөдүм. Кыргызстандан армияга барайын деген оюм деле жок болчу. Бирок бул жактан деле акча берип калып калганга мүмкүнчүлүк болду. Өзүм каалап эле армияга кете бердим.

Азамат Турганбаев аскерге 22 жашында барган. Бүгүн ал Москвада эмгектенет.

Дагестанда кызмат өтөгөн Калыс

19 жаштагы таластык Калыс Кубатбек уулу аскердик милдетин өтөп келгенине эки айга жакындап калды. 2010-жылы орус жарандыгын алган Калыс Кубатбек уулу да армияга Оренбург облусунан чакырылып, кооптуу аймак саналган Дагестанда кызмат өтөгөн. Ал орус жигиттери анчейин каалабаган Дагестанга өзү ыктыяры менен жөнөгөнүн мындайча айтып отурат:

- Мен Орусиянын жарандыгын алгам. Ошондуктан бул жактан мага чакыруу кагазы келип, аскерге кете бердим. Дагестанга эч кимди албай жатканда мен өзүм сурандым. “Мен ошол жакка барайын, Дагестанда да орус эместер жашайт, мен барайын” деп айттым. Орустар Дагестанга баргандан коркушат. Ал жакта тынчтык жок, тез-тез ызы-чуу иштер болуп жатпайбы. Мен болсо эмнеден коркмок элем? Ошол жактагы Дагестан досторум менен чогуу кызмат кылдым. Аскерде татыктуу эле жүрдүм.

Ал Дагестандагы кооптуу делген Буйнакс шаарындагы инженердик бөлүктө сапер болуп кызмат өтөгөн жана Дагестандагы согушкерлердин орун-очокторун тинтүүгө, жардыргыч заттарды зыянсыздандырууга катышкан. Ал аскерден сержант наамын алып келиптир, келечекте аскер кызматкери болууну максат кылат.

- 2011-жылдын ноябрында кетип, 2012-жылдын ноябрында бир жылдан кийин кайтып келдим. Армиянын пайдасы бар, көп нерсени үйрөнсө болот. Орусияда солдаттарга айлык да берет. Дагестан опурталдуу жер болгондуктан, айына 12 миң рублдан төлөп жатты. Ал эми жөн-жай жерлерде жоокерлерге 2-3 миң рубль төлөшөт. Аскерде калып калганга мүмкүнчүлүк болду. Бирок ал жакта келишим менен кызмат өтөгөндөргө абдан кооптуу. Мисалы, жакында эле имамды (дагестандык аалым Саид Афанди Черкесский 2012-жылы 28-августта өз үйүндө болгон жардырууда мерт кеткен) жардырып кетишти. Ошондон кийин ал жак абдан кооптуу болуп калды.

Калыс Кубатбек уулу аны менен кошо ал аскер бөлүгүндө дагы үч кыргыз жигити кызмат өтөгөнүн кошумчалап, алардын арасында Кыргызстанда аскерге баргандары да болгонун айтты.

- Мен барганда үч кыргыз бала бар болчу. Ошолор менен жолугушуп, сүйлөшүп турчумун. Алар Кыргызстандан аскерде кызмат өтөгөн экен. Бирок Орусиянын жараны болгондон кийин бул жактан да барышыңар керек деп алып кетип калышыптыр.

Бирок аскерий эксперттер мурда өз өлкөсүндө кызмат өтөгөндөр Орусия жарандыгын алгандан кийин аскерге барууга милдеттүү эмес дешет. Орусиялык аскерий эксперт, Москвадагы “Ежедневный журнал” интернет басылмасынын редакторунун орун басары Александр Гольц бул көрүнүштү мыйзамга каршы деп атады.

- Мен укуктук жактан анын туура экенинен күмөнүм бар. Албетте аларды аскерге чакыруу туура эмес. Бирок бул жерде маселе башкада. Орусияда аскерге чакырыла тургандар өтө аз. Демографиялык абалдан улам чакырууга эч ким жок болуп, аскер комиссариаттары көбүнчө ушундай мыйзам бузууга барышат. Бир ирет такыр эле жарандыгы жок эле чет элдик жумушчуларды аскерге алып кеткен окуя катталып, ал баарына белгилүү болгон.

Бул пикирди Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен да ырасташты. Бирок айрым учурда билбестиктен, же билип туруп эле өз каалоосу менен аскерге баргандар жок эмес дейт Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айым Кулукеева.

- “Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндөгү” Орусиянын федералдык мыйзамына ылайык, башка өлкөдө аскердик кызмат өтөгөн жарандар аскердик кызматка чакырылбайт. Демек Кыргызстанда аскердик кызмат өтөгөндөр орус жарандыгын алгандан кийин аскердик кызмат өтөбөйт. Бирок орус жарандыгын алган биздин айрым мекендештерибиздин арасында жумуш табуу, же кызматтык өсүш жасоо жана келечекте аскер адамы болуу максатында өз каалоосу менен баргандар да жок эмес.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бири-биринин аскерий кызматтарын тааныган келишим да бар.

Орусиядагы бир жылдык милдеттүү аскер мөөнөтү аяктагандан кийин да келишимдик негизде кызмат өтөп калган кыргыз жигиттери жок эмес.

Убактысын короткусу келбегендер

Ошол эле кезде бүгүнкү күндө Орусия жарандыгын алгандардын ичинен армияга барууну каалабагандар, убактым текке кетет деп ойлогондор да көп. Кыргызстандык эмгек мигранттары орус паспортун маяналуу жумуш табуу максатында алышат. Экинчиден, көчөдө жүрүүдө, миграция жана тартип коргоо органдары текшерген кезде көрсөтө турган негизги документ катары жанга тынч деп да санашат.

Бирок эми орус жарандыгы жаңы түйшүктөрдү пайда кылууда. Атап айтсак, армияга алып кетебиз деп коркутуу менен Орусиянын миграциялык кызматы жана башка тартип коргоо органдары мигранттардын чөнтөгүн кагуунун жаңы ыкмасын таап алышкан сыягы бар.

27 жаштагы үй-бүлөлүү Асан Ормокеев Кыргызстанга 6 жылдан бери келе элек. Себеби эгер аэропорттон, вокзалдан же чек ара бекетинен кармалып алса, аскерге алып кетиши ыктымал. Анын орус жарандыгын алганына 5 жыл болгон.

- Акча берип калып калгандар көп. Кармап калса, ошол замат 10-15 миң рубль бересиң. Акча бербесең алып кетишет. Азыр көчөдөн, вокзалдан, аэропорттон кармап кетип жатышат. Паспортуңда каттооң бар, же жогуна карабайт. Казакстан менен Орусиянын чегиндеги Илецк чек ара бекетинен да кармап жатышат. Өз ыктыяры менен аскерге баргандар жок. 30 жашка чейинкилерди жарандыгы Орусияныкы болсо эле алып кетип жатат. Үй-бүлөсү барбы, балдары барбы, карашпайт.

Айрым маалыматтарда Орусияда 600 миңдей кыргызстандык эмгек мигранты бар деп айтылса, анын 300 миңдейи орус жарандыгын алгандар. Бирок анын канчасы аскерге барып келгени боюнча маалыматтар жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG