Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Москвадагы өрт бийликке сынды күчөттү


Москва
Москва

Кыргызстандык 14 кыз-келиндин өмүрүн алган Москвадагы өрттөн кийин бийлик дарегине ачуу сындар арбын айтыла баштады.

Коомчулукта, интернеттеги социалдык түйүндөрдө Москвадагы каргаша үчүн түздөн-түз өлкөнүн жогорку бийлигин күнөөлөгөндөр басымдуу. Алардын бири саясат таануучу Эдил Байсалов Кыргызстан ЕАЭБнын толук кандуу мүчөсү болсо да эмгек мигранттары үчүн шарттар түзүлбөй, коопсуздугу эске алынбай жатканына президент Атамбаев башында турган азыркы бийлик жооптуу деп эсептейт.

- Мигранттарыбыз мыйзамдуу иштейт, ошол үчүн керек болсо эгемендигибизди бергенге даярбыз деп азыркы бийлик Кыргызстанды ЕАЭБге кошкон. Ошондуктан буга Акаев да, Бакиев да эмес, түздөн-түз Атамбаев күнөөлүү. ЕАЭБге киргени канчалаган ишканалар атаандаштыкка туруштук бере албай жабылды. Мурда ошол ишканаларда, базарда иштегендердин баары Орусияга агылып жатат. Мен президенттен миграция маселесин чечүү боюнча бир да конкреттүү демилгесин уга элекмин. Жарандарыбызды өз өлкөсүндө иш менен камсыз кылуу боюнча сөз да жок.

Кырсыктан ат жасагысы келгендер кимдер?

Байсалов өлкө башчысы каргаша үчүн кыргыз элине кайрылуу жолдогондун ордуна Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча фракция лидерлери менен кеңешме өткөргөнүн да катуу сынга алды.

Анткен менен президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов айтылган сындарды каргашадан саясий упай топтоо аракети катары баалоодо. Анын айтымында, күтүлбөгөн кырсык үчүн президентти күнөөлөө туура эмес.

- Бул ири кырсык, ар бирибиз ал үчүн моралдык жоопкерчиликти сезип жатабыз. Жакынынан айрылгандардын эмоциялуу ый-муңун туура түшүнөм. Бирок, аны саясатташтырып, саясий упай топтоого өткөн жармач патриотторду деги түшүнө албадым. Бул Кудайга да жакпай турган жосунсуз жорук. Кыргызстан, эли үчүн чындап күйгөн патриоттор мындайга барышпайт эле. Бул өтө ыплас, жийиркеничтүү нерсе, айтканга да ооз барбайт. Кыргызстан үчүн жарытып эмгек өтөшпөсө да, трагедиялуу учурда унчукпай тынч отурушса болмок. Ушундай оор учурда саясатты жыйыштырып, маркумдарды жерге коелу.

ЕАЭБ мигрант мүшкүлүн жеңилдеткен жок...

Ал арада орусиялык эксперттер да эмгек мигранттарга убадаланган шарттар орус бийлиги тарабынан аткарылбай жатканын айтып чыгышты. Орусиядагы мигранттар федерациясынын вице-президенти Каромат Шарипов Борбор Азиядан иш издеп баргандарга жергиликтүү иш берүүчүлөр кул катары мамиле жасап жатканын “Дождь” телеканалына билдирди.

- Эмне үчүн мигранттардын өмүрү кыйылып жатат? Менимче, бул кырсыктан Кыргызстандын бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Эмгек мигранттары дээрлик товарга, кулга айланып калды. Орусия өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылат да, эмне үчүн мигранттарга шарт түзбөйт. Кыргызстан Бажы биримдигинин мүчөсү да. Аларга шарт түзүлүшү керек болчу, ал да жасалган жок. Болгону патент деген пунктту алып салышты. Калганы ошол бойдон калды.

Муну саясатташтырып, саясый упай топтоого өткөн жармач патриотторду деги түшүнө албадым. Бул Кудайга да жакпай турган жосунсуз жорук болуп саналат.
Алмаз Үсөнов

Ушундай эле пикирге Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун укук коргоочусу Светлана Ганнушкина да кошулат.

Деген менен кыргыз бийлиги өзүнө айтылган дооматтарды четке кагууда. Өкмөттүн алдындагы миграциялык кызматтын төрагасы Бакытбек Адылов Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан бери эмгек көчмөндөрү үчүн бир топ жеңилдиктер түзүлгөнүн айтууда.

- ЕАЭБге кошулгандан бери бир катар тоскоолдуктар алынып салынды. Мурда жети күндүк каттоо болсо азыр бир ай, миграциялык каттоо 30 күн болсо, азыр 90 күн. Ооба, айрым кемчиликтер бар. Бирок жакшы жактарын көрбөй бир тараптуу сындагандан алыс болушубуз керек. Биздин кызмат мигранттарга кеңеш берип, алардын Орусияда иш табуусуна көмөктөшүүнү уланта берет. Бул кырсык биздин миграциялык саясатты өзгөртпөйт.

- Эмне үчүн мигранттардын өмүрү кыйылып жатат? Менимче, бул кырсыктан Кыргызстандын бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Эмгек мигранттары дээрлик товарга, кулга айланып калды.
Каромат Шарипов

Мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев кыргыз бийлиги мигранттар тапкан акчаны гана эсептебестен, алардын коопсуздугун жеринде камсыз кылууга убакыт келгенин белгилейт.

- Менимче, мигранттар көйгөйүн чечүүгө мезгил келди. Ооба, бул маселелер бүгүн эле пайда болгон жок. Бирок ЕАЭБге киргенден кийинки бир катар келишимдер аткарылбай жатат. Көп жеңилдиктер кагаз жүзүндө калууда. Бийлик мигранттардын акчасын гана санабай, жерине барып ал-абалын сурап, коопсуздугун камсыз кылып бериши керек.

Расмий маалымат боюнча Орусияда ушу тапта эмгектенген кыргызстандыктар саны 570 миңден ашат. Мындан сырткары 540 миң адам Орусия жарандыгын алган. Алар мекенине жылына болжол менен 2-2,5 млрд доллар которуп, өлкө экономикасына барандуу салым кошуп келишет. Ошол эле учурда жыл сайын ар кандай себептерден улам жүздөгөн кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилет. Байкоочулардын баамында, орус бийлиги ЕАЭБ алкагында кабыл алынган миграциялык келишимдерди так аткармайын мындай кырсыктар токтобойт.

XS
SM
MD
LG