Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Эл-Классико: "Барселона" менен "Реал" ойнойт


Роналду жана Месси
Роналду жана Месси

Бүгүн Испания жогорку лигасынын оюндарынын алкагында атаандаштар "Барселона" менен "Реал" клубдары ойношот. Беттеш "Барселонанын" “Ноу Камп” стадионунда өтөт.

"Барселонанын" катарында бир катар оюнчулар жаракатынан байланыштуу ойной албаганы менен негизги чабуулу Лионел Месси талаага чыгары белгилүү болду.

Жаракат алгандар "Реалда" дагы бар. Гарет Бейл, Тони Кроос, Фабиу Коэнтрау “Реалдын” атынан бүгүнкү оюнга чыкпасы анык болду, ошентсе да Мессинин негизги атаандашы Криштиану Роналду "Барселонага" каршы ойнойт.

Беттеш Кыргызстандын убактысы боюнча кечки саат 9:45те башталат.

Эл-Классиконун акыркы беттешин жазында “Реал” 2:1 эсебинде утуп алган. Букмекерлер бүгүнкү оюнда “Барселона” утарын жоромолдоп жатышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG