Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Орусияда жүргөн кыргызстандыктар ыйык Рамазан айын кантип тосушту?

Орусия Федерациясында жашаган мусулмандардын саны жалпысынан 8 миллионго жетээри айтылып жүрөт. Акыркы 10 жылдын ичинде орусиялык мусулмандардын санын Борбор Азиядан келген эмгек мигранттары да көбөйтүүдө. Ар кыл маалыматтар боюнча, Орусияда 300 миңден 700 миңге чейин кыргызстандыктар эмгектенет же билим алат. Мындан тышкары Орусияда өзбек жана тажик эмгек мигранттарынын саны да алда канча көп.

Москвада жүргөн кыргызстандыктардын дээрлик 90 пайызы курулушта жана тейлөө тармактарында эмгектет.

Биз сурамжылаган мигранттардын айтымында, Орусияда орозо кармаган кыргызстандыктардын саны жылдан жылга көбөйүп жатканы байкалат. Бул жалпы динге кызыгуу тенденциясына байланыштуу. Москвада 2 жыл мурун муфтияттын өкүлчүлүгү да ачылган.

- Негизи Москвада орозо кармагандар абдан эле көп. Акыркы күндөрү намазга жыгылгандар да укмуштай көбөйдү. Ишим жүрүшүп кетсин, ден соолукка пайда деген максатта кармашат, - дейт өзүн Алымбек деп тааныштырган жигит.

Алымбек көп жылдардан бери курулуш тармагында эмгектенет. Анын кол алдында иштегендер жайдын күнү курулушта оор жумуш аткарганына карбастан орозо кармашууда.

- Жумуш аябай оор, бирок бүт эле кармап атышат. Жөнөкөй күндөрү деле түштөнүү учурунда тамак жебей калган күндөр көп болот. Жумушубузуду бүтүрөбүз деп жанталашып атып эле... Ошондуктан орозонун эч кандай оорчулугу же айырмачылыгы деле жок.

Москвадагы орозо кармоонун дагы бир өзгөчөлүгү - көпчүлүк мигранттардын батирде турушуна байланыштуу. Ушуга байланыштуу август ичи Москвадагы кыргыз кафелеринин ишинде да өзгөчөлүктөр байкалат.

- Эми бул жакта талаада жашап жаткандыктан көпчүлүк мигранттарда үйүнө конок чакырып, чай бергенге мүмкүнчүлүгү жок. Ошого кафеге келишет. Ооз ачуу, куран окутуу, майрамдоо – бүт кыргыз кафелеринде өтөт
, - дейт Москвада кыргыз даамын даярдаган “Гүлчөтай” кафесинин администратору Динара Исмаилова.

- 3 жылдан бери иштеп жатабыз, жылына эле бул ыйык айда мал союлат, кан чыгарылат. Ичимдикти такыр жоюп коё албайбыз, кээде тойлор болот.

“Кыргызстан аялдары” корунун аткаруучу директору Алийма Раимбекова болсо, кыргыз кыз-келиндеринин арасында да орозо кармагандардын саны өсүп жатканын белгилейт:

- Бир жума мурда муфтияттын өкүлчүлүгүнөн ооз жабуу-ачуу жадыбалын алып келип, таштап кетишти. Кечээ арапалык өткөрдүк, аялдар ар бири өз үйүндө челпек бышырып, кадимкидей эле палоо бастык. Мен тааныган бардык кыз-келиндер кармап атышат. Ар кимдин жумушу ар кандай, бирөөнүкү оор, бирөөнүкү жеңил. Оор болсо, бул да сыноо, аны да өтүү керек. Мисалы, кечээ эле күн ушунчалык ысып аткан, бүгүн салкын.

Москвада быйыл орозо кармагандарга күндүн узактыгынан улам Кыргызстандагыларга караганда көбүрөөк наар сызбай жүрүүгө туура келет экен.

Кыргызстан жаштарынын "Жаш толкун" бирикмесинин регионалдык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси жана Орусиядагы элдердин достугу (РУДН) университетинин студенти Адилет Султан өзүнүн микроблогунда (Твиттер) минтип жазат:

- Бүгүн Москвада имсак (ооз жабуу) эртең менен 03:36да, ал эми ифтар (ооз ачуу) 21.37ге туура келди. Бул жак Европага жакыныраак болуп, күн кеч батат жана эрте чыгат. Ошентип 18 саат болуп кетет.

22 жаштагы Адилет Султандан орозону кандай максат менен кармап жатканын сурадык.

- 3 жылдан бери кармап атам. Өзүмдү сынаш үчүн жана кудайга сүйүүмдү билдириш үчүн. Башка улуттагы, диндеги досторум да көнүп калышкан, эч ким таң калбайт.

Мекендешибиз Медербек Адылбек уулу дагы бир сыноо тууралуу кеп салат.

- Биздин мекндештер бул жакта айла жок ар кандай жерлерде иштешет. Көп кыргыздар - кафе-ресторандарда ашпозчу. Чочконун этинен тамак жасаш керек. Бирок айла жок, акча табуу керек да.

Бүгүн муфтийдин Москвадагы өкүлү Максат Канкыбаев менен байланыша алган жокпуз. Бирок ал бир ай мурун “Азаттыкка” орозо айына даярдыктар көрүлүп жаткандыгын айтып, соопчулуктун, ырайымдын, жакшылыктын айы болгон бул мезгилге чоң үмүттөр артылганын баса белгилеген. Себеби акыркы учурда Москвадагы кыргызстандык мигранттардын арасында бири-бирин алдоо, уурдоо, жаман кылмыштарга баруу фактылары көбөйүүдө.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG