Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Орусия: Кыргызды кыргыз тоноп жатат


Москвадагы кыргыз мигранттары, 2011-жылдын 12-августу.
Москвадагы кыргыз мигранттары, 2011-жылдын 12-августу.

Орусияда кыргыз мигранттарын тоноп, сабаган жана тапкан каражатын тартып алган кылмыштуу топтор көбөйдү.

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын айтымында, бул өкүмзордукту токтотуу үчүн мамлекет чечкиндүү чараларды көрбөсө, кылмышкерлер ишкерлерди, мигрантттарды иштетпей, айласын кетирүүдө.


Мигранттар: Бычак такайт, башыңа пакет кийгизет

Иштеп жаткан жериңе келип, салык салат. Же болбосо төрт-беш бала күтүүсүздөн келет да, чөнтөгүңдө кылган соодаңды жула качат. Бычак такаган учурлар бар...

Москва шаарында бир нече жылдан бери эмгектенген Каныбек Курманалиев Орусиядагы эмгек мигранттарынын кылмыштуу топтордон көргөн кордуктарын айтып берүү үчүн Жогорку Кеңешке келген экен. Ал “Азаттыкка” Москвадагы кылмыштуу топтордун өкүмзөрдугун мындайча сүрөттөдү.

- Иштеп жаткан жериңе келип, салык салат. Же болбосо төрт-беш бала күтүүсүздөн келет да, чөнтөгүңдө кылган соодаңды жула качат. Бычак такаган учурлар бар. Дагы бири артыңдан бир күн, эки күн карап, аңдып, чоттоп жүрөт. Анан эле бир күнү келет да турган жериңден жүктөп алып кетет. Токойгобу же жертөлөгөбү, бир жерге алып барып, башыңа пакет кийгизип, эсиң оогончо токмоктойт. Илгери кыргыздардын жоон санына кыл арканды байлап туруп, камчы менен толгогондой, билекке байлап дал ошондой толгогонун мен өзүм да көрдүм, эки-үч баланы бошотууга барганда. Калп айтпайын, жип этке кадимкидей беш сантиметрге чейин кирип кеткенин көрдүм...
Ошол жактагы ИИМдин өкүлчүлүгүнө да атайын кайрылып, болуп жаткан акыбалды бир канча жолу айттык. Эч бир кайрым болгон жок. Акырында чыдабай, “биз кармап, бут-колун байлап, алдыңарга алып келели, ошондо бир нерсе кыласыңарбы” деп айттык...


Москвада кыргыз мигранттарын тоногондор бөлөк-бөтөн деле адамдар эмес, Кыргызстандан эле баргандар экен. Анткен менен алар акыркы кездери чечен улутундагылардан түзүлгөн кылмыштуу топтор менен биргелешип аракеттене баштаптыр.

- Бул Кудайдан үмүтү жок адамдардын ошол жака барып кылган кылыгы. Өзүбүздүн Кыргызстандан барган, мурда ушул жерде эле жүргөн балдар. Бул жерде тиричилиги болбой калып, ошол жактан көбүрөөк акча табам деген өзүбүздүн эле Кыргызстандын жарандары. Булар мурда өздөрүнчө аракеттенип жатышты эле, былтыртан бери Орусиянын кылмышкерлери менен биригишип алышты. Бирок бир гана чечендер менен, а орустар буларга аралашкан жок.

Каныбек Курманалиев бул азаптан арылуу үчүн Орусиядагы элчиликке жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, бирок тиешелүү натыйжа болбогондугун айтууда. Ал гана эмес, Кыргызстандын күч структураларынынын башчыларына жана президенттин наамына да кат менен кайрылышкан.

- Ошол жактагы өкүлдөргө биз канча ирет кайрылбадык. ИИМдин өкүлчүлүгүнө да атайын кайрылып, болуп жаткан акыбалды бир канча жолу айттык. Ошолор жасай турган ишти чындыгында эл өзү жасап жатат. Биз кайрылганда алардан эч бир кайрым болгон жок. Кайра элди күнөөлөштү, “силер антпейсиңер, силер минтпейсиңер” деп. Эл акырында чыдабай, “биз кармап, бут-колун байлап, алдыңарга алып келели, ошондо бир нерсе кыласыңарбы” деп айтты.


ИИМ: кылмышкерлер тутулууда


Ал эми бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги да, ошону менен бирге Ички иштер министрлиги да биргелешкен иштер жасалып, чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирүүдө. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов мигранттарды тоногон кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жакынкы эле айларда Москвада кармалгандыгын билдирди.

- Акча алып, ошону менен жан багып жүргөн адамдар боюнча бизге маалымат түшкөн. Ошол маалымат боюнча адамдарды кармаганда, бирөөсү секирип качам дегенде ок тийип, ошол жерде өлгөн. Калган экөөсүн Кыргызстанга алып келгенбиз. Мигранттар “бул жерде баланча деген адамдар” деп маалымат берсе, же качан, кандайча, эмне болгону тууралуу далилдүү кылып жазып берсе, тоголок кат түрүндө болсо да. Биз ошол боюнча тапшырма берип, иш-чара жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк бар. Болгону маалыматтар так болушу керек.

Кыргызстандык мигранттардын көбү Орусияда, анын ичинде Москвада эмгектенишет. Ушул жылдын август айына чейин эле Орусиядагы мигранттар мекенине 980 млн. доллар которушкан. Ал эми өткөн жылы болсо, 1,6 млрд доллар жөнөтүшкөн. Мигранттардын жөнөткөн акчасы өлкөнүн ички дүң жыйымынын дээрлик 30 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG