Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жаштыгым сенде калды, Москва...


Москвадагы кыргыз мигранттары, Казан вокзалы.
Москвадагы кыргыз мигранттары, Казан вокзалы.

Ушул күнү Орусиянын борборунда эмгектенип жаткан миңдеген кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү – жаштар.

Күнү-түнү он-он эки, кээде андан да көп саат иштеген кыргызстандык жаштар кантип эс алышат? Бош убактыларын кайда өткөрүшөт?

Жигиттер кафеде, клубда..

Москва шаарында же чеке-белинде негизинен иштеп жүргөн кыргызстандык жаштар көбүнчө кафелерге же түнкү клубдарга барып, көңүл ачышат. Бул тууралуу Ала-Тоодон барган мигранттар жашаган батирлерден уктук.


Жаштыгым сенде калды, Москва...
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:37 0:00
Түз линк


Жалалабаддык 22 жаштагы Рысбек Москва шаарынын чет жакасындагы ири дүкөндөрдүн биринде товар тизип иштейт. Тапканынан батирге берип, анан айылдагы ата-энесине жибергенден арттырып калган 100 доллар тегерегиндеги акчасын эс алууга, теңтуштары менен ары-бери басканга жумшай турганын дасторкон үстүндө айтып берип отурду:

Рысбек, Москвадагы кыргыз мигранты.
Рысбек, Москвадагы кыргыз мигранты.
- Бул жерде деле кыргыздардын көп кафелери бар, "мен" деген кафелери бар кыргыздардын. Ошол жерлерге барып, көңүл ачып, отуруп келебиз. Мына кечээ эле биз балдар менен барып, эс алып келдик. Жашоо, иш... өзүңүз көрүп тургандай, баары эле жакшы. Ошентсе да кээде балдар менен чогулуп, эс алып келүүнү каалап каласың. Күнүгө эле бара бербейбиз, туулган күндөрдө же дагы башка майрамдарда барабыз. Айлык тийгенде деле барбайбыз, айлыкты аларыбыз менен банкка шашабыз.

Рысбектин айтуусунда, кафеге же түнкү клубда эс алууга орто эсеп менен 1000 рубль коройт. Дагы бир атын атагысы келбеген жигит болсо жаз, жай мезгилинде орус токойлоруна барып шишкебек кактап жеп, ырдап-бийлейбиз деди:

- Эми ал күн ысык мезгилдерде, күн суукта кафелерге барабыз. Улам жаңы ачылган кафелерге барып, байкап келебиз, бир сыйра эс алганча..

- Кафеге, клубдарга кимдер менен барасыңар? Чөйрө, досторду кантип түзөсүңөр?

- Достор менен барабыз. Бул жерде классташтар көппүз. Сагынышып калганда чогулуп, барабыз.

Москвадагы кыргыз мигранттары.
Москвадагы кыргыз мигранттары.
Ал эми өзүн Медет деп тааныштырган 19 жаштагы улан тапкан акчасын бүт өзүнө жумшайт. Бош убактысын кафелерге, түнкү клубдарга дос-тааныштары менен барып өткөрүп келаткан Медет келечекте Кыргызстанга барып, кыйналбай жашоо үчүн азыртан кам көрүп жатам деп эсептейт:

- Мектепти бүтүп эле келгем. Бул жерде бир тууган эжем бар, ал өзүнчө жашайт. Жакшы эле иштеп табам, үйгө акча жибербейм.

- Окуп, жогорку билимге ээ болоюн деген оюң барбы?

- Ооба, андай оюм бар. Буйруса келечекти Кыргызстан менен элестетем. Ошол жакка барып, кенен-кесири жашайлы деп азыр иштеп атпайбызбы...

Кыз-келиндер үйдө

Жигиттерден айырмаланып кыз-келиндер үйдө эс алууну каалашат экен. Баш-аягы көрүнбөгөн майрам, туулган күндөрдө кафе, клубдарга акча чачуудан көрө, курбулар менен менен бирге дасторкон жайып, эс алган туура дейт маектешибиз Жазгүл:

- Кафеге ар дайым эле бара бербейбиз, кээде кадимкидей бук болуп каласың, ошондо дос-санаалаштар менен сүйлөшүп алып, чогулуп барып отуруп келебиз. Баш көтөрбөй иштеп, ата-эне, бала-чакадан алыс жүргөндө топтолгон букту чыгарып, бир аз жеңилдеп келебиз. Бирок көбүнчө квартирадан эле майрамдайбыз, туулган күндөрдө, майрамдарда акча чогултуп, дастаркон жасап, ырдап-бийлеп отурабыз.

Жазгүлдүн кебине аны менен чогуу жашаган Надира кошулду:

- Бизде туулган күн болгондо бардыгыбыз акча чогултуп, бул жерде эле дасторкон жасап, чогуу тособуз. Аш жасайбыз, торт жейбиз, бийлейбиз. Таң атканча отуруп, кээде эртең менен жумушка уйкусурап кеткендер да болот.

Арзышкандар күнү

Москвага сапарым 14-февраль, арзышкандар күнүнө дал келгендиктен, бул күндү биздин жаштар кандай белгилешкенине кызыгып, Москванын чок ортосундагы “Ош” деп аталган түнкү клубга кыргыз элчилигинин коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда бардык. Сыртта эшик тосуп турган чымыр дене жигиттер да кыргызстандыктар. бул клубда “фейс контроль”, же тагыраак айтканда бир өңчөй кыргыздар гана киргизилет экен.

Чынын айтканда бул түнкү клуб деп аталган жайда музыка жаңырып, жаштардын бийлеп жаткандары болбосо, эски, иштебей турган заводдун бир цехине эле бар орнотуп, ичимдик ичүүгө стол-стулдарды коюп койгондой таасир калтырат. Түн жарымы ченде барган элек, клубда дээрлик бош орун жок болуп чыкты. Ошого карабай экиден-үчтөн, кээде топ-топ болуп кыргыз жаштары бул жайга агылып келип атышты. Столдордо негизинен сыра, арак коюлуп, тамак деле жок. Клубга келгендер 17-18ден тартып, 30 жашка чейинки кыз-жигиттер.

Түнкү клубга келген айрым жаштарды кепке тартуу аракетимен майнап чыккан жок. Диктофонду байкаган жаштар тескерисинче журналисттен алысыраак болууга аракеттенип жатышты.

Бизди коштоп барган Москвадагы “Айкөл Манас” спорт клубунун президенти Нургазы Амиракулов түнкү клубдар, закүскеси жок ичимдик ичүү менен коштолгон эс алуунун кесепеттери тууралуу пикирин ортого сала отурду:

- Мен кээде эл аралык турнирлерге барганда Москвага түндө кайтып келем. Ошондо түнкү саат 3-4төрдө москвалыктар өздөрү жүрбөгөн жерлерде биздин кыз-жигиттер жүрүшкөн болушат. Кыздар менен кучакташып, же болбосо мас болуп алып, мушташып жүргөндөрү да болот.

Нургазынын айтуусунда, түнкү клубдар кудайдын куттуу күнү кечки саат алтыдан таңкы саат алтыга чейин иштейт. Күнү-түнү он-он эки сааттап иштеген кыргызстандык жаштар кээде клубдан чыгып эле түптүз жумушуна барууга аргасыз:

- Мындай жерлерден таңга маал чыгышат да, уйкусураган боюнча жумуштарына кете беришет. Ал жерден кофе, адреналин ичип алып иштеп жүрө беришет.

- Бул жерде ичимдик гана ичилеби же ар кандай маңзат, акылдан адаштыруучу таблеткалар да таратылабы?

- Чынын айтсам, анысын билбейт экенмин, колунан кармап албагандан соң, бирнерсе деп айтууга кыйын.

Түнкү саат эки чамасында түнкү клубдан кеттик, кыз-жигиттер болсо ошол убакта деле клубга агылып келип жатышты.

Албетте, жалындаган жаштык баары бир өзүнүкүн бербейт, ансыз да эртелеп көр оокатка малынып, бүтүндөй үй-бүлөсүнүн түйшүгүн мойнуна алып баш көтөрбөй иштеп жүргөн, али баёо жаштардын тели-теңтуштары менен эс алып, көңүл ачышканын бир четинен түшүнсө да болот.

Чыгармачыл жаштардын клубу

Москвада иштеген кыргызстандык жаштар жалаң эле түнкү клубдан башы чыкпайт дешке болбойт. Чымыны бар чыгармачыл жаштар үчүн да клубдар иштейт. Ошондой акын жаштардын “Москва кайрыктары” аттуу адабий-чыгармачыл клубунун бир жолку кечесине күбө болуп, бош убактысын жан-дүйнөсүн, чыгармачылыгын байытуу менен өткөрүп жаткан жаштарды да көрдүк. Бул чыгармачыл клубдун иши, чыгармачыл жердештерибиз тууралуу сөз алдыда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG