Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

1-апрелде Москвада “Орусия бардыгы үчүн” долбоорунун алкагында “Кыргыз мигранттарынын мегаполиске көнүшүүсү” деп аталган жыйын болду. Анда кыргызстандык мигранттардын жүрүш-турушунан тартып, Москва сыяктуу мегаполисте алган ордуна чейин талкууланды.

Орусиядагы, анын ичинде Москвадагы кыргыз мигранттар башка борбор азиялык мигранттардан эмнеси менен айырмаланат? Бул суроого негизинен “орус тилин жакшы билгени менен” деген жооп көбүрөөк берилет.

Мындай пикирди кармангандардын бири - Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Москва башкармалыгы боюнча жооптуу катчысы Юрий Московский кыргызстандык мигранттар башкалардан орус тилин жакшы билгени менен айырмаланып тураарын белгиледи:

- Кыргыз жумушчулары орус тилин билүү жагынан башкаларды алдына чыгарбайт. Анткени алардын мекенинде бүгүнкү күнгө чейин мектептерде орус тили окутулат, орус тили кыргыз элинин ич ара байланыш тили да болуп эсептелет. Орус тилин ошол эле Борбор Азиядан келген башка мигранттарга салыштырмалуу жакшы билгени - кыргыздарга айлык акысы жогору жумуштарга орношууга, жакшы иштерде, жооптуу кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Федералдык миграция кызматынын иликтөөсүндөгү кайсы өлкөдөн келген мигранттар кандай жумуштарда иштеп жатканы тууралуу фактыларга таянсак, кыргыздар украиндер менен беларустардан кийинки жакшы иштерде иштеген мигранттар.

Федералдык миграция кызматынын жооптуу катчысы Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда Кыргызстандан аял мигранттардын агымы да күчтүү болуп жатканы кыргызстандык мигранттардын өзгөчөлүгүнө жатарын белгиледи.

Кыргыз элчилигинин расмий маалыматы боюнча Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын 52% эркектер, 48% аялдар түзөт. Элчи Болот Жунусов аялдардын эркектер менен теңтайлаша иштегенин Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка элдерге салыштырмалуу кыргыз элинде аялдардын орду эзелтеден башка болуп келгени менен байланыштырды:

- Биздин чөлкөмдөгү элдердин ичинен кыргызда аялдар эркин, эркектер менен дээрлик тең укукта болуп келген. Тарыхта да оор кырдаалдарда элди аялдар башкарган учурлар болгон, жакында эле ошондой оор убакытта бизди аял президент башкарып турду. Ошондуктан аялдардын сыртка кетип жатканы коомчулукка анчалык өөн эмес. Азыр биздин өлкөнүн өзүндө кыздарды сыртка чыгаруу же чыгарбоо тууралуу маселе кызуу талкууланып жатат.

Деңгээл өстү

Жыйында кыргызстандык мигранттар Орусияга негизинен мамлекеттин көмөгүсүз, өздөрүнүн жеке демилгеси, тааныштарынын, туугандарынын чакыруусу менен келишери айтылып, ошол эле учурда Калкты эмгек менен камсыз кылуу министрлигинин уюштуруусу менен башка чет мамлекеттерге, алсак, Түштүк Кореяга иштегени барып жатышканы белгиленди.

Элчинин маалыматы боюнча кыргызстандык мигранттар менен иштешүүнү каалаган Орусиянын айрым ири ишканалары да жок эмес. Кыргызстандыктар Орусияга стихиялуу түрдө эмес, атайын ишке орноштуруучу программалардын негизинде келишсе, адегенде мигранттардын өздөрү үчүн жакшы болмок дейт “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун президенти Абдыганы Шакиров. Анын айтымында, кыргызстандык мигранттардын деңгээли он жыл мурункуга караганда бир топ өстү:

- Ар кандай кыйынчылыктарга карабай кыргызстандык мигранттар өнүгүп жатабыз. Көпчүлүк кыз-жигиттерибиз Орусиянын белдүү ишканаларында жооптуу кызматтарда иштеп жатышат. Ошондой эле бул жактан акча таап, Кыргызстандын өзүнө инвестиция кылган жарандарыбыз бар. Ошондуктан биздин мекендештерибиз мыйзам ченемдүү эле өнүгүп жатат деп толук ишенич менен айта алам.

Абдыганы Шакиров Кыргызстандан жаңы келип жаткан мигранттарды Орусиянын мыйзамдарын, орус элинин маданиятын сыйлоого үйрөтүүнү кыргыз диаспоралары кыргыз өкмөтү менен бирдикте колго алууга тийиш, ошондо маселе оңой чечилет.

Мигранттын мүмкүнчүлүгү чектелүү

Жыйында журналисттердин кыргызстандык мигранттар Орусияда кылмыш жоопкерчилигине көп тартылышат деп айтылган маалыматтарын кыргыз элчилиги четке какты.

Элчиликтин үчүнчү катчысы Алмаз Асанбаевдин билдиргени боюнча, ушул тапта 2200 кыргызстандык жаран Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул өлкөдө жасалган жалпы кылмыштуулуктун 0,3% түзөт. Ал эми Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча чет элдик мигранттар жасаган кылмыштар жалпы кылмыштын 3% түзөт дейт Алмаз Асанбаев.

Москва, 6-ноябрь, 2011-жыл

Москва, 6-ноябрь, 2011-жыл

Бүгүнкү күнү Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 450 миңдин айланасында деп айтылып келет. Кечээки жыйында булардын 95% орус жарандыгын Орусияда биротоло калып жашоо кызыкчылыгынан эмес, бул жактагы убактылуу жашап-иштөөсүн жеңилдетүү максатында алышканы белгиленди.

31-мартта НТВ телеканалына курган маегинде Москванын мэри Михаил Собянин Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип жаткан мигранттарга виза режимин киргизүү демилгесин колдоого аларын билдирип, бул миграция агымындагы тартипти камсыздайт деп айткан.

Жыйындын катышуучуларын бул маселе да кызыктырды. Федералдык миграция кызматынын Москва башкармалыгынын жооптуу катчысы Юрий Московский журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, виза режимин киргизүү азырынча эртерээк деп эсептээрин, андан көрө Орусияга мигранттарды чет мамлекетке кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү паспорт менен гана киргизүү тууралуу президент Владимир Путиндин демилгесин колдоорун билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов виза режимин киргизүү кыргыз-орус элинин мамилесинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет деген пикирде.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 550 миңдин айланасында. Ал эми такталбаган маалыматтар боюнча алардын саны 1 миллиондон ашат. Кыргызстандыктардын Орусияга миграциялык агымы 1990-жылдары башталып, 2000-жылдардан тарта күч алган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG