Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Мигранттар: Акыркы сапарга да азап менен...


Кыргыз мигранттары учураган жол кырсыгынан бир көрүнүш, Красноярск, 18-май, 2012-жыл
Кыргыз мигранттары учураган жол кырсыгынан бир көрүнүш, Красноярск, 18-май, 2012-жыл

Ушул тапта Москвадагы өлүкканаларда кыргызстандык эки жарандын сөөгү жатат. Орусиядагы кыргыз элчилигинин юристтери алардын аты-жөнүн аныктоо жана мекенине жеткирүү ишин уюштуруу менен алектенүүдө. Маркумдарды мекенине акысыз жеткирүү милдетин Москвадан Бишкекке, Ошко каттаган аба каттамдары мойнуна алганы менен сөөктү моргдон алып, учакка салууга чейинки түйшүк өзүнчө маселе.

Жакында эле Москвада курулушта иштеп жүргөн кыргызстандык жигит иш учурунда кырсыктап каза тапты. Анын жанында чогуу иштегендер Тез жардам менен кошо полиция чакырышкан. Келген врачтар жигиттен тирүүлүктүн жышанаасы билинбей калганын белгилеп, жанынан табылган документтин негизинде өздөрүнүн журналына каттап, өлүкканага алып кетишет. Кийинчерээк маркумдун жанынан табылган Орусия паспортунун көчүрмөсү анын өзүнө тиешелүү эместиги, ал өзүнүн документи менен эмес, орус жарандыгы бар таанышынын документи менен иштеп жүргөнү аныкталган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяз Карагуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай учурлар арбын болгондуктан, толук аныкталмайынча ар кандай негизде өлгөн маркумдардын аты-жөнү тууралуу маалымат берүүгө тыюу салынган:

- Мындай учурда биз барып, маркумду тааныгандар аркылуу анын кимдигин аныктайбыз. Ошондон кийин кайра өзүнүн аты-жөнү менен “өлдү” деп каттатабыз. Мындай учурлар көп эле, анткени жумушка уруксат берүүчү кагазды алуу кымбатка турат, көп убакыт кетет деп, айрым кыргызстандыктар орус жарандыгы бар башка кыргызстандыктардын документтери менен жумушка киришет. Бул мыйзамды бузууга жатарын биз мекендештерибизге дайыма эскертебиз.

Мурда кабарлангандай, өткөн жылдын декабрь айынан тартып, кыргызстандык аба компаниялары Москва шаарынан Бишкекке жана Ошко 200-жүктү акысыз жеткирүүнү мойнуна алышкан. Бул жүктү учак менен Москвадагы аэропорттон Кыргызстандагы аэропортко жеткирүү гана, ал эми сөөктү өлүкканадан чыгарып, аны учакка салууга кеткен чыгымдар мурункудай эле маркумдун жакындары менен тааныштарынын моюнунда.

Элчиликтин юристи Мырзабек Карагуловдун түшүндүргөнүнө караганда, ал чыгымдар деле 35-40 миң рублди чаап барат:

- Моргдон өлүктү бузулуп кетпеси үчүн бальзамдайт. Москва шаарындагы моргдор бул иши үчүн 8 миң рублден 15 миң рублге чейин алышат. Андан кийин сөөктү табытка салуу керек, мусулман табыт деп койот, ак кепинге ороп, анан табытка салышат да, сыртынан цинк менен каптайт. Аягында аэропортко алып келип, аны терминалдан өткөрүүдө да акча төлөнөт. Мунун баарын маркумдарды тейлөөчү ортомчу фирмалар аркылуу жасатса, жеңилирээк болот. Биз 2006-жылдан бери “Эдем-Сервис” деген ишкана менен иштешип келатабыз, алар сөөктү моргдун акысынан тышкары табытка салуу, аны цинк менен каптап, учакка салууга чейинки түйшүгү үчүн 25 миң рубль акча алышат.

Бул Москвадагы абал. Ал эми андан алыс, Орусиянын башка аймактарында жашап-иштеп жүрүп каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүү бир топ түйшүктүү жана кымбат турат. Андай учурларда маркумдун жакындары же ошол аймактагы кыргызстандыктардын диаспоралары Кыргызстанга каттаган Орусиянын аба компаниялары менен же темир жол аркылуу жиберүүгө аргасыз.

Азаптуу жол

Москвадан 1000 чакырым аралыктагы Самара шаарынан Ошко жумасына бир жолу “Урал аба жолдору” компаниясынын учагы каттайт. Анын сөөк жеткирүү акысы 5 миң рублден жогору. Ал эми учак учпаган аймактарда “Кыргызтемиржол” ишканасынын кызматкерлерине, айрым учурларда жетекчилигине жалдыроого туура келет дейт Самарадагы кыргызстандыктардын “Манас Ата” коомдук уюмунун башчысы Акылбек Кудуев:

- Бул жерден кандайдыр бир таанышы чыгат, аны сөөктү коштоп барууга көндүрөбүз. Кыргызстандагы туугандары менен байланышып, аларга да болгон ишти түшүндүрүп айтабыз. Кээде алардын өздөрүн келип сөөктү алып кеткиле деп чакырабыз. Бирок кыйынчылыктан көбүнчө келе алышпайт, тескерисинче бизден “эптеп салып жибергиле” деп суранышат. Андай учурларда болгон чыгашасын көтөрүп, поездге салабыз. Бул дагы өзүнчө азап, Кыргызстандын поездинде жүк ташыган вагон болгону айына бир жолу жүрөт экен, жөн вагонго поезддин жетекчилери 200-жүктү салбайт. Аке-жакелеп атып, кээде урушуп-талашып, айрым учурларда “Кыргызтемиржолу” ишканасынын башчысы Аргынбек Малабаевге телефон чалып атып, араң жиберебиз. Анда да биринчи же акыркы вагондогу эл жүрбөгөн тамбурга табытты кырынан же тикесинен тургузуп, эшикти эптеп жаап жиберебиз. Ошондой көйгөй менен, уруш-талаш, тополоң менен кетет кыскасы...

Ошентип, көр оокат деп келип, оор күндү башынан кечирип иштеп-жашап жүргөн кыргыздын сөөгү да мекенине азаптар менен жетет...

Жакшы жашоо үчүн мекенинен тышка, анын ичинде Орусияга агылмай жараяны дээрлик 20 жыл мурун башталгандан бери Орусияда кыргыздын буту баспаган, кыргыз соода кылбаган, эмгек мигранты катары иштебеген жери калбаган болушу керек. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнү жалгыз Ингушетиядан кыргызстандык мигранттар катталбаптыр. Ошол убактан бери ар кандай азап-тозокту башынан өткөргөн кыргызстандыктардын башын бириктирип, 2003-жылы түзүлгөн “Замандаш” ассоциациясынын демилгеси менен кийинчерээк Кыргызстанда мигранттардын маселеси менен иштөөчү миграция комитети, кийинчерээк Миграция министрлиги түзүлгөнү белгилүү.

Ассоциациянын Москва шаарындагы өкүлү, “Руспартнер” ишканасынын башчысы Руслан Эшимов мекенинен тышта жүрүп, каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн жеткирүү мурунку убакта кандай түйшүк болгонун эскерди:

- Оокат деп, сыртта жүрүп каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүүнүн акысын мамлекет миграция министрлигинин бюджетинен төлөп берсе деген сунушту биринчилерден болуп, “Замандаш” көтөрүп чыккан. Биз ал акчаны бюджетке кайдан алса болот, сарпталган каражатты кайра төлөп берүүнүн жолун да мамлекетке сунуштаганбыз. Ошондо биздин сунушту да жактырбай, “жөн эле жиберип койбойбу, жакындары, достору бар да” дегендер болгон. Чынын айтканда айрым жарандардын жакындарын таппайбыз. Эч кимиси жок, эч ким билбейт, киши тааныбайт. Кээде тааныса да өлгөндөн кийин тааныгысы келбей калат. Кээ бирөөнүн ким экенин эптеп эле аныктап, үйлөрүнө жеткирип берген учурлар болгон.

Бириктирген ынтымак

Кыргыздын жамандыкта бириге калуу салты мына ушундай мекенден алыста, мусапыр жашоо кечирип жаткан учурда билинерин Орусияда жашаган кыргыздар көп учурда баса белгилешет. Анткени ар кандай мүшкүл башына түшкөн мекендешке колдоп-буттап жардам берүү сыртта жүргөн кыргызстандыктарда салтка айланган. Самарада биз кепке тарткан кыргыздар да муну бекемдеп жатышты:

- Ооба, андай жамандыкта өзгөчө колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Кээ бирөөлөр жүз рубль берет, кээ бирөөлөр миң рублден беришет. Диаспоралар уюштурат көбүнчө, аларга да рахмат, акчаны чогултуп, өлүк каадаларын жасап, тааныш-туугандарын таап, сөөктү үйүнө жиберишет. Кыргыздын ушундай уюмдуулугу алыста жүргөндө билинет.

Дээрлик Орусиянын бардык аймактарында жакшылык-жамандыкта бири-бирине көмөк көрсөтүүчү айылдаш, жердештер уюмдары да бар. Москвадагы “Алтын казык Аксы” коомунун мүчөсү Бакыт Асилбеков мындай учурларда коомдордун, уюмдардын мааниси чоңдугун белгиледи:

- Жакын, бир айылдашыбыз болуп калса миң рублден жогору чогултабыз. Кээ бир колунда бар балдар беш миң рублден беришет, белетин алып берип жатышат. Кээде айылда боло турган тажиясына союштарын да “соопчулук үчүн” деп алып бергендер да бар.

Кыргыз мигранттар иштеген италиялык ресторанда өрт чыккан, 9-январь, 2012-жыл
Кыргыз мигранттар иштеген италиялык ресторанда өрт чыккан, 9-январь, 2012-жыл
Айрым учурларда маркумдун сөөгүн кабыл алып, зыйнаттап жерге жашырар жакын тууган-уругу Кыргызстандан да табылбайт. Андай учурда аны ошол аймактагы мекендештери, диаспоралар акыркы сапарга узатып, сөөгүн ошол жерге коюшат.

Самарадагы кыргызстандыктардын “Манас Ата” коомдук уюмунун жетекчиси Акылбек Кудуев Самарадан Ошко бир учурда үч табытты: атасы, энеси жана баласынын сөөгүн бирдей жөнөтүүгө туура келген учурду эстеп отурду:

- Сөөк жөнөтүүдө менин зээнимди кейиткен бир учур болгон: Өзгөндүн Куршаб айылынан келген бир үй-бүлөдөн үч кишинин сөөгүн бир жибергенбиз. Атасы-апасы, 12 жаштагы баласы менен чогуу Самаранын четинде жер үйдө жашашчу экен, түндө газды күйгүзүп укташыптыр, ал өчүп калганбы, айтор эртеси үчөө тең жаткан жеринде каза болушкан. Эң кайгылуу окуя ошондо болгон, үч табытты тизип алып, “атасы, апасы, баласы” деп жибергенбиз...

Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери жалаң Москва шаарынан жана облусунан гана Кыргызстанга 44 маркумдун сөөгү учак аркылуу жеткирилген. Бул орточо эсеп менен ар бир 3-4 күндө бир кыргызстандык мекендешибиз күнүмдүк жашоо деп жүрүп, бөтөн эл, бөтөн жерде көз жумат дегенге барабар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG